Александр Юрьев: “Судьялар үчүн жакшы мүмкүндүк түзүлүп жатат”

03.04.2017.

Жакында Жогорку сотто сот тутумунун ачык-айкындыгына кандайча жетишүүгө боло тургандыгы жөнүндө атайын тегерек үстөл өткөрүлдү. Буга бардык кызыкдар тараптар катышты. Ачык-айкындыкка жетишүүнүн бир жолу сот актыларын интернет ресурсуна жайгаштыруу. Азыркы учурда бул боюнча атайын түзүлгөн sot.kg сайты иштеп жатат. Аталган сайттын кандай иштеп жатканы тууралуу Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин Адилет сот ишканасынын башкаруучусу Александр Юрьев төмөнкүчө түшүнүк берди:

-Сиздердин ишкана sot.kg сайтын техникалык жактан камсыздайт турбайбы. Ушу багытта кандай иштеп жатканыңыздарды айтып бересизби?

-Тегерек үстөлдө биздин жетекчибиз бул сайттын техникалык жактарын, аны менен кантип иштөө, маалыматты кантип табуу жана башкалар тууралуу кенен айтып кетти. Буга чейин sot.kg  сайтына сот актыларын кантип жайгаштыруу боюнча түшүндүрмөлөр судьяларга, алардын жардамчыларына берилип, атайын окутуулар өттү. Мындай окутууларды биздин ишкана сот адилеттигинин Жогорку мектебинде эле эмес, аймактардагы жергиликтүү соттордо да  өткөрдүк. Жакында коомчулуктун талабы боюнча  sot.kg   сайтына аны кантип колдонуу боюнча түшүндүрмө коюлат. Эми сот тармагында иштебеген адамдар да бул сайтка кирип, каалаган сот актылары менен тааныша алышат. Түшүндүрмө март айынын аягына чейин иштелип бүтүп, сайтка коюлат.

-Мындан ары бардык судьялар өз чечимдерин аталган сайтка коюуга милдеттүүбү?

-Бул боюнча былтыркы жылы август айында мыйзам кабыл алынган. Ошо мыйзам талабына ылайык, бардык судьялар өз чечимдерин ушу сайтка коюусу керек. Быйылкы жылдын аягына чейин интернетке кошула элек сот мекемелеринин, судьялардын бардыгынын интернетке кошулуусу аяктайт. Ушундан кийин бардык судьялар сот актыларын sot.kg   сайтына жайгаштырууга толук мүмкүндүк алышат.

-Ар кандай соттук иштер бар. Мисалы, талап-тоноо же зордуктоого байланышкан иштердин бардыгы жарыя болобу?

-Биздин кызмат судьялардын бул сайтка сот актыларын жайгаштыруусун техникалык жактан гана камсыз кылат. Судьяга өз чечимдерин жарыялоо мүмкүнчүлүгүн берет. Өз чечимдерин кандайча жазып жарыялайт, бул судьянын эркиндеги иш.

-Бул сайт кандайча корголгон?

-Сайттын сервери атайын корголгон жерге жайгашат. Бул боюнча талап кылынган иштердин бардыгы аткарылып жатат. 

"Жаңы ордо" гезити
2017-жылдын 31-марты
№11 (548)

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00