Баткен облустук сот тармагында чечилүүчү көйгөйлөр көп

20.10.2016.

Баткен облустук сотунун төрагасы Сайдибакас Мусаев облус аймагындагы район, шаарлардагы соттук имараттар жана жамаат менен жолугуп чыкты.

Кадамжай райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Космос Сыдыковдун айтымында 1980-жылдары Кадамжай райондук сотунун карамагына өткөрүлгөн имарат ошондон тарта жарытылуу оңдоп түзөөдөн өткөн эмес. Азыркы күндө сырты оңдолгон менен ичи ремонтко муктаж. Азыркы учурда райондук соттун имаратынын аймагы чоңойтулуп, дарбаза болсо демөөрчүлөрдүн көмөгү менен 30 миң сомго жаңыланган. Ошондой эле кааналардын жетишсиздиги менен стол, стулдардын эскилиги жеткен, кызматтык унааны да жаңылоо муктаждыгын кошумчаланды. Ал эми кызматкерлер болсо айлык акынын аз болуп жатканын айтып, дагы кызматкерлерди алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүнү суранышты.

Облустук соттун төрагасы С. Мусаев Кызыл-Кыя шаардык сотунун жамааты менен жолугушууда башка аймактарга салыштырмалуу бул жерде баардык шарт мыкты экендигин белгиледи.

Ал эми Баткен райондук сотунун жамааты менен жолуккан учурда заман талабына ылайык компьютер жана айрым учурда кеңсе иш кагаздары жетишсиз болуп жаткандыгы белгилүү болду.                         

Сүлүктү шаардык сотуна 1993-жылы пайдаланууга берилген бул имаратка капиталдык оңдоп түзөөлөр жүргүзүлгөн эмес, 2011-жылдары жөн гана косметикалык ремонт болгон. Жолугушууда кадрдык маселе жаралганын, анын ичинде архивариус жана IT- консультанттардын орду бош турганы айтылды. Ошондой эле кыш мезгилинде имаратты жылытуу маселеси да бар экендиги кошумчаланды.

Ал эми 2002-жылы пайдаланууга берилген Лейлек райондук сотунун имараты жыл сайын косметикалык гана оңдоп түзөөлөрдөн өтүп, капиталдык ремонтко муктаж экендиги белгилүү болду. Жылдан жылга калктын саны өсүп, соттук кароодогу иш кагаздары сакталган бөлмөнүн тардыгы чоң маселе жаратып, архивдин кабинетин чоңойтуу учурда зарыл экендиги айтылды. Ошондой эле кызматкерлердин ыкчам иштөөсүнө шарт түзүү үчүн компьютерлердин эскилиги жетип жаңылоого муктаж экендиги да кошумчаланды. 

Баткен облустук сотунун төрагасы С. Мусаев кемчиликтерди жоюууга аракеттер көрүлөөрүн белгилеп, сот кызматкерлерин соттук иштерди алып барууда туура, таза жана так иштөөгө чакырды.

                                                   «Баткен таңы» гезити

2016-жылдын 26-сентябры

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00