Бела Уитц сүрөтчүнүн чыгармачылыгын изилдеген Миклош Кун | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Бела Уитц сүрөтчүнүн чыгармачылыгын изилдеген Миклош Кун

07.12.2016.

Жакында Кыргызстанга венгриялык окумуштуу, профессор Миклош Кун келди. Ал азыр Жогорку сот көчүп келген мурдагы өкмөт үйүнүн ичинде  сакталып калган тарыхый фреска сүрөттөрдүн изин кубалап келиптир. Көрсө, Миклош Кундун мекендеши, аты дүйнөгө жана Венгрияга таанымал Бела Уитц аттуу сүрөтчү бир кезде Кыргызстанда жашап, алгачкы өкмөт үйү болгон имаратты фрескалар менен кооздоп, жыйындар залына Маркстын, Энгельстин, Лениндин жана Сталиндин сүрөттөрүн тарткан экен. Сталинден башкасынын сүрөттөрү бүгүн да сакталып калган. Алардын тартылганына 80 жыл болуптур...

 

 

Жыйырманчы кылымдын башында таланттуу жаш сүрөтчү Бела Уитц дүйнө кыдырып, асыресе Францияда, Италияда, Австрияда  жашап, мыкты чыгармаларды тарткан. Бела авангард жанрында Эйфель мунарасын жаан жаап турган учурда тарткан сүрөтү ушу кезде да бул жанрдагы бирден бир мыкты деп эсептелет. Айтылуу  Пабло Пикассо менен чыгармачылык жактан жакын болгон. 1915-жылы сүрөтчүлөрдүн Сан-Франциско шаарындагы көргөзмөсүндө Пабло Пикассо менен Бела Уитцтин чыгармалары  алтын медалдар менен сыйланат. Бела ошо кезде реализм, модернизм, авангарддык жанрларга кызыгып, бир топ мыкты сүрөттөрдү тарткан. Замандаштарынын айтымында, Бела реализм жанрындагы эң таланттуу сүрөтчү эле.

Бирок Бела Уитцтин тагдырында кескин бурулуш, ал социализмдин идеяларына кызыгып, коммунисттик партиянын катарына өткөндүгү болду. Адегенде 1921-жылы коммунисттик интернационалдын (Коминтерн) катарында Москвага биринчи жолу келип кетет. 1926-жылы биротоло Москвага келип жашап калат. Россияда ал бир топ коомдук уюмдарды түзүп, активдүү иштей баштайт. Бирок  Москвадагы жашоо Бела күткөндөй болгон жок. Ал абдан жакырчылыкка тушугуп, сүрөт тартуу үчүн кагаз сатып алууга да акчасы болгон эмес. Ошо кезде ал “Правда” гезитинин беттерине да сүрөт тарткан. Азыр да Беланын “Правда” гезитине Мадонна стилинде тартылган эки сүрөтү Миклош Кунда сакталуу. Ошол учурда Москвада чет элдик коммунисттерди камакка алуу башталып, жакын санаалаштары ага Кыргызстанга качууга кеңеш беришет. Эгер ал Москвада кармалса өлүп калмак,  Кыргызстандын түрмөсү аны өлүмдөн сактап калган.

Бела Уитц сүрөт тартуу үчүн гана жаралган таланттуу адам болгондуктан, Кыргызстанга келгенде да өнөрүн уланткан. Кыргызстанга келгенден кийин ал түрмөгө түшүп калган. Түрмөдө сүрөт тартуу үчүн суранса да ага кагаз беришкен эмес. Акыры түрмө башчысынын төрт жашар кызынын сүрөтүн тарткандан кийин гана ага кагаз бере башташкан. Ага чейин Бела жүзаарчыларга өзү менен бирге түрмөдө жаткан адамдардын, кыргыз аялдарынын сүрөттөрүн тарткан. Кыргыз аялынын жүзаарчыга тартылган сүрөтү азыр да Миклош Кунда сакталуу. Жүзаарчы холст боло алмак эмес. Сүрөтчүнүн жанында жаткандар Бела сүрөттү тартып бүткүчө жүзаарчыны чоюп кармап турушканын кийин эскеришкен. Бара-бара Бела Уитцке сүрөт тартууга тыюу салынган, бирок ага карабай ал көп сүрөт тарткан. Акыры Беланы түрмө жетекчилигине баш ийбегендиги үчүн жазалашып, эки жума карцерге (түрмө ичиндеги түрмөгө) салышкан. Суу, тамак-ашты ага жипке байлап түшүрүп турушкан. Эки жумадан кийин гана түрмө башчысы өзүнүн жана кызынын сүрөтүн тарттыргандан кийин гана Белага сүрөт тартууга уруксат кылган. Бела Уитц өзүнө болгон мындай мамилени чыдамкайлык менен көтөрүп, эч кимге таарынган эмес. А балким өзү тандаган социализм ушундай болгон соң, аргасыз бардыгын ичине сактаган... Акыры Бела Уитц түрмөдөн кутулуп, Кыргызстанга аны менен бирге келген архитектор Ласло Месарош, сүрөтчү Оксана Павленко менен бирге жаңы салынып жаткан өкмөт үйүнө фрескаларды тартуу ишине кошулат.

Жаңы түзүлүп жаткан кыргыз мамлекети үчүн өз өкмөт үйүн куруу абдан маанилүү эле. Аны куруп бүткөн соң, ичин ошо доорго туура келген сүрөттөр, фрескалар менен кооздоо андан да маанилүү болчу. Бела Уитц сыяктуу атактуу сүрөтчүнүн ошо кезде Кыргызстанда болуп калганы оңдой берди болгон. Бела Уитц 1933-36-жылдары салынып бүткөн имараттын ичине сүрөт тартууда классикалык жанрлар менен кыргыздын улуттук орнаментин аралаштырып тарткан.  Албетте, социализм доорунун жолбашчылары болгон Карл Маркс, Фридрих Энгельс, Владимир Ленин жана Иосиф Сталиндин фреска сүрөттөрүн чоң кылып дубалга тартуу ошо мезгилдин талабы эле. Аталган фреска сүрөттөрдүн тартылганына 80 жыл өтсө да азыр ошо кездегидей сакталып турат. Бир мезгилде гана саясаттын өзгөргөнүнөн улам, Сталиндин сүрөтү гана жок кылынган. Айтмакчы, Бела Уитцтин Сталинге байланышкан дагы бир кызык учуру бар.

Сталиндин 70 жылдыгына карата Пабло Пикассо менен Бела Уитц анын портретин тартышкан. Пикассо Сталинди грузин дыйканына окшотуп тартса, Уитц аны күчтүү жана эр жүрөк кавказ каракчыларына окшотуп тарткан. Сталин өзүнүн Пабло Пикассо тарткан сүрөтүн открытка сыртынан кокустан көрүп калып, абдан ачуусу келген. Муну билген Бела Уитц да коркуп, качан камап кетишет деп жүрөкзаада  болгон. Бирок эки таланттуу сүрөтчү тарткан Сталиндин сүрөттөрү ошондон кийин эч жерде жарыкка чыккан эмес. Сүрөтчү өзү тарткан портреттерде адамдардын мүнөзү кандай болсо ошондой кылып даана ачып берген. Бела Уитц Лениндин да портретин мыкты тарткан экен, тилекке каршы ал сүрөт да жок болуптур.

Бела Уитц Кыргызстанда жашап жүргөн учурда эл-жер кыдырып, элдин жашоосуна абдан аралашып, көп сүрөттөрдү тарткан. Ошондой мыкты тартылгандардын бири “1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшү” аттуу сүрөт болгон. Ысык-Көл жээгинен көп эскиздерди жасап, кийин жакшылап сүрөт тартам деген кыялы болгон. Бела шартка жараша колуна эмне тийсе, карандаш, гуаш, туш менен сүрөттөрдү тарткан.

Атактуу венгр сүрөтчүсү Бела Уитцтин чыгармачылыгын 60 жылдан бери изилдеп жүргөн Миклош Кундун айтымында, сүрөтчүнүн чыгармачылыгы үч доорго бөлүнөт. Биринчиси, реализм, экинчиси авангарддык доор, үчүнчүсү социалисттик реализм учуру. Анын акыркы мезгили Кыргызстанда тарткан сүрөттөрүнө байланыштуу. Бела Уитц кыргыз дыйкандарынын, малчыларынын бырыш баскан жүзүнөн чыныгы турмушту көрүп, өзү ошолорго жакын экенин билген. “Мен кыргыздын улуу сүрөтчүсү болмокмун” деп да айткан экен.

Бела Уитцтин сүрөтчү катары кризиске дуушар болгон учуру анын монументализмге кайрылган учуру болгон. Сүрөтчү монументализм жанрына сүйгөн аялы Оксана Павленконун кеңеши менен киришкен. Эгер ал сүрөтчү катары алган багытын түптамырынан бери өзгөртсө гана жаңыланууга жетишсе болот деген алдамчы кыялга жетеленген. Ошого карабай Бела Уитц монументализмде да из калтыра алган. Ал Москвадагы Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүндөгү павильондорду тартып чыккан. Ал өзү жакшы көргөн кыргызча мотивдердеги сүрөттөрдү тартууга аракет кылып, бирок тарткан сүрөттөрү кыргыздарга эмей эле гректерге окшошкону анын жаңылыш жолдо экенин көрсөткөн. Ошондон кийин сүрөтчү ооруп, колу сүрөт тартууга жарабай калган.  Бела Уитц 49 жыл Советтер Союзунда жашаган соң, кайра Венгрияга кайтып барган. Анын сүрөт көргөзмөлөрү дүйнөнү кыдырган. 1972-жылы Бела Уитц дүйнөдөн кайткан.

Эми анын чыгармачылыгын, биографиясын изилдеп, китеп жазууга профессор Миклош Кун аракет кылып жүрөт. Келечекте Кыргызстанда да анын көргөзмөсүн уюштуруу идеясы айтылды.

Мени таңгалдырганы, Бела Уитц тууралуу орус маалымат булактары бардыгы аны советтик сүрөтчү, социализмдин идеясын жактап Россияга көчүп келген деп гана берет. Ал эми учурунда аны камакка алууга аракет болгонун, Кыргызстанга качып келгени тууралуу эч нерсе жок. Жакында  Кыргызстанга келген Миклош Кун азыр атактуу сүрөтчү Бела Уитцтин чыгармачылыгын социализмдин идеяларынан сырт, эркин көз карашта талдап, тагдыры тарыхка айланган мекендеши чыныгы баасын алса деген тилеги бар экенин айтты. Ошол себептүү бир кезде Бела жашаган өлкөлөрдү кыдырып, тарткан сүрөттөрүн жыйнап жүрөт. Ушундай атактуу сүрөтчүнүн Кыргызстандагы азыркы тарыхый имаратка сүрөт тартып, алар сүрөт искусствосу үчүн абдан баалуу байлык экенин биринчи жолу сезип, таңгалып, бизде да көрө турган тарыхы кызык жайлар бар экенине сыймыктандым.

Аскер САКЫБАЕВА 

“Тил жана маданият” гезити

2016-жылдын 30-ноябры

№88 (162-163)

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00