Жаңы дайындалган соттордун алдында эки эсе жоопкерчиликтүү милдеттер турат

16.01.2017.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь жана ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ”Жергиликтүү соттордун судяларын дайындоо жөнүндөгү” Жарлыгы менен тоолуу облустун Нарын шаарындагы жана райондорундагы судьялардын 90 пайызга  жакыны жаңы кадрлар менен алмашылды. Алардын бири Нарын шаардык сотунун судьясы Жеңишбек уулу Жолдошбек.

Чакан макалабыздын ээси 2001-жылы юрист кесибиние ээ болгондон кийин эмгек жолун алгач Нарын райондук Мамлекеттик каттоо кызматында укук кадастры болуп иштөөдөн баштаган. 2005-жылдан бери Нарын облустук сот департаментинде иш кагаздарын алып баруучу, сот аткаруучу, Нарын шаардык жана Нарын облустук сотунда судьянын жардамчысы кызматтарын аркалап келген.

Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Нарын шаардык сотунун судьясы болуп дайындалып, башка кесиптештери сыяктуу эле сот адилеттигинин ары жоопкерчиликтүү кызматына   жаңыдан киришип баштап жатат.

-Башка кесиптештерим сыяктуу эле бул системада иштей баштагандан бери эле келечекте судья болуу негизги бирден-бир максатым болучу. Ага 2005-жылдан бери даярданып келдим. 2012-жылы квалификациялык экзаменге катышып, жакшы баа алгандан кийин өзүмдө ишенич пайда болду, кийин судьяларды тандап алуу сынактарына катышуума,- деди бул багыттагы  кызыккан суроолорубузга Жолдошбек Жеңишбек уулу.

Ошентип ал 2013-жылы өз күчун байкап көрүү үчун Нарын облустук сотунун судьясынын ордуна тапшырып, биринчи турдан өткөндөн кийин дагы тажырыйба керек экендигин түшүнүп, кийинки турда арызын кайра кайтарып алган. Андан бери арадан үч жыл алмашты. Ушул үч жыл аралыгында судьянын жардамчысы кызматында дагы тажырыйба топтоп, судьялык кызматты аркалап кетүүгө көзү жеткенден кийин Нарын шаардык сотунун судьялык кызмат ордуна тиешелүү документтерин тапшырып, тесттерден, экзамендерден ийгиликтүү өткөн. 

 - Судьялык кызматтын алгачкы жумуш күнү бир чети көп жылдардан берки көздөгөн максатыма жеткениме сыймыктанууну жаратса, экинчи жагынан коомчулук алдында  жоопкерчиликтүү ишти мойнума алып жатканым кооптонуу менен толкунданууну пайда кылат экен. Буга чейин судьянын жардамчысы катары кезектеги сот процессинде каралуучу иштин долбоорлорун даярдап, сот ишине катышып келген менен тигил же бул сот актыларынын артында адамдын мыйзам алкагында чечиле турган иши адам тагдыры тургандыгынын өзү, чынында эле оор болорун, ошол биринчи күнү терең сезип түшүнгөнүн да жашырбады сөз  арасында  маектешибиз. 

Өзү мойнуна алгандай коомчулук алдындагы жоопкерчиликтүү милдетти жаңыдан аркалай башатаган  Жеңишбек уулу Жолдошбектин  судьялык кызмат  ордундагы алгачкы кабыл алган чечими кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы тууралуу болгон. Мурда сот жообуна тартылып, тергөөдөн качып жүргөндүктөн айыпталуучуга мыйзамдын негизинде тергөө аяктаганча бир айга камакка алуу боюнча судья тарабынан санкция берилген.

Кандай болгон күнү да судьяга тагылган милдет же анын аткара турган функциясы укук коргоо кызматкерлери тарабынан тергөөгө берилген убакыт аралыгында айыпталуучунун жасаган кылмышы ар тараптуу изилденип, далилдүү фактылар топтолгондон кийин гана сот өндүрүшүнө ашырылат.  

 Демек, бул жерден айыпталуучунун  күнөөлүү же күнөөлүү эмес  экендиги ошондой эле тергөө аракеттеринин жана прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органдарынын  чечимдеринин мыйзамдуулугу сот процессинин жүрүшүндө  судья тарабынан толук изилденет. Кыргыз Республикасынын Жазык-Процесстик Кодексинин 19-беренесинин 2 пунктунда жазылып тургандай сот калыстыкты жана келишпөөчүлүктү сактоо менен, айыптоочу жана жактоочу тараптарга алардын иштин жагдайын толук изилдеп чыгууга болгон укуктарын ишке ашыруу  үчүн аларга зарыл шарттарды камсыз кылып берет жана анык далилдердин негизинде гана иш боюнча чечим чыгарат.

Тагыраак айтканда мыйзам тарабынан жол берилген жазанын түрлөрү сот тарабынан гана аныкталат. Ошондой эле соттук  процесстин ар кандай кырдаалында ар бир адамдын укуктары менен эркиндиктери сот тарабынан коргоого алынат.

"2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасынын алкагында сотторго болгон  ишеничти коомчулукта кайра калыбына келтирүү багытында тиешелүү  иштер жүрүп келет. Алардын бири катары жогоруда сөзүбүздө белгилеп кеткен судьялык корпустардын жаңы кадрлар менен алмашуусу болууда. Республикабыз боюнча жаңыдан иш баштап жаткан судьяларга сары эсеп сала келсек бул цифра үстүбүздөгү жылдын жарымында эле 50 пайызга чукулдап барган. Андан берки дайындоолорду эске алганда бул цифра  дагы 15-20 пайыздын тегерегинде экендигин түкшүмөлдөсөк туура болор.

Убакыт дегендин өзү учкан куш сымал, ал бир жерде токтоп турбайт. Убакыт менен тең чамалаш жүрүүнү бүгүн мезгилдин өзү талап кылып олтурат. Андыктан жаңы дайындалган судьялар өздөрүнүн кесиптик милдеттерин профессионалдык деңгээлде алып баруулары менегн бирге эле акыркы жылдары сотторго болгон кыргыз коомчулугундагы  көз караштарды оң жагына өзгөртүү милдеттери да кош жүк катары  жүктөлүп турат. Же болбосо бир сөз менен  айтканда Кыргызстандагы сот тутумунун жакшы же жаман деген  бедели мындан ары алардын колунда болмокчу.

  Б.Белеков.

Нарын облустук сотунун

басма-сөз катчысы.

“Теңир Тоо” гезити
2016-жылдын 9-декабры
№93-96 (14048-14051)

 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00