Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева:”Сот актыларын интернет ресурска жайгаштыруу актуалдуу” | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева:”Сот актыларын интернет ресурска жайгаштыруу актуалдуу”

28.03.2017.Тегерек үстөлгө Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм ИДЛОнун жетекчиси Фред Хьюстон, юридикалык уюмдардын, банктардын юридикалык кызматттарынын, жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин өкүлдөрү катышты. Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева журналисттердин суроолоруна жооп берди:

- Бул тегерек столдун максаты эмне?

- Биз сот системасынын ачык-айкындыгына арналган иш чара өткөрдүк.

Сот реформасынын негизги талаптарынын бири-бул сот тутумунун ачык-айкындыгы. Учурдагы коомдун талабы да ушундай.

Азыркы маалыматтык технология өнүккөн заманда сот актыларын интернет ресурстарга жайгаштыруу абдан актуалдуу болуп турат.

Жогорку сот 2013-жылдан тарта Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм ИДЛО менен биргеликте sot.kg сайтын ишке киргиздик. Азыр Жогорку соттун судьялары  жана жергиликтүү соттун судьялары да өздөрү чыгарган сот актыларын ушул сайтка жайгаштырып жатышат. Албетте, мыйзам тыюу салган айрым актылар гана жарыяланбайт.

- Дегеле бул сайттын пайдасы канча?

- Аталган сайтты катардагы адамдардан тартып, адвокаттар менен юристтер да өз ишинде колдонушса болот. Ал эми Жогорку окуу жайдын юридика факультетинин студенттери окуу курал катары пайдалана алышат.

Бул интернет-портал судьялардын сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей практикага жетүүсүнө жардам берет, ошондой эле ар бир интернет колдонуучуга жеткиликтүү болгондуктан, судьялардын сапаттуу сот актыларын чыгарышын тартипке салат.

Ал эми коомчулук бул сайт аркылуу ар бир судьянын сот адилеттигин ишке ашырган ишмердүүлүгүнө баа бере алат.

 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00