Карысын сыйлагандын-иши оңолот

Карылар күнүн өлкөбүздөгү ар бир аксакал, же байбиче кадимки майрамдай күтүп калганы деле чын. Анткени өз салымын убагында эмгеги менен кошкондор сыйга татыктуу. Ошондуктан миңдеген улуу муундагы адамдардын тилегин орундатууга бардык министрликтер, мекеме-ишканалар, агенттиктер киришери турган иш. Негизи карылар күнүндө далай эмгектин ардагерлери ак дилинен кубанычка бөлөнүшөт.

Толугураак

Насип буйруп мен да Жогорку Соттун жамааты тарабынан чакырылган ардактуу коноктордун катарында болуп калганыма сүйүндүм. Кырчындай жаштыгын сот тармагына чегерген ардагерлерди Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева өзү тосуп алып алар менен жылуу саламдашты. Ошол эле учурда жаңыдан көчүп барган конушу менен кеңири тааныштырды. Өлкөбүздүн президенти Алмазбек Атамбаев көрөгөчтүк кылып бекерден ушул жерге көчүрүп келбептир. Убагында ыйык делген ушул жерде атактуу коомдук ишмер Исхак Раззаков, Төрөбай Кулатовдор жайланышып, жигээрдүү кызматын элге көрсөтүптүр. Буга сыймыктанган төрайым өзү отурган иш бөлмөсүнө келген конокторду алып кирип, учурдагы акыбалын баяндады. Чынында эле кенен бөлмөнүн ажары ачылыптыр. Ашыкча эч нерсе жок, жалаң зарыл болгон эмеректер менен камтылыптыр.

Андан соң экскурсиябыз башка тарапка уланды. Аппарат жетекчинин кабинетин, конференс залды, жарандарды кабыл алуучу бөлмөнү, соттук жыйындар залын көргөндө жарпыбыз жазылды. Имараттын сырты да, ичи да таптаза кармалган экен. Албетте, карылар күнүндө дасторкон да кеңири жайылат эмеспи? Чай үстүндөгү маектешүүдө көп таасирдүү сөздөр ачык айтылды. Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Турсун Алымбеков, ардагерлер К. Бообеков, С. Касымов, Ж. Алиевалар өз турмуштук тажрыйбаларын ортого салды. Алар убагында татаал шартта, ар кайсы жерге көчүп-конуп иштегендерине токтолушту. Азыркы шарт менен илгеркини салыштырып болбойт дешти кийинки муундун өкүлдөрүнө.

Ошентип Жогорку Соттун эмгек жамааты улуу муундун ардагерлерин салтанаттуу түрдө тосуп алышып, жөн кетирбей конверт тапшырышып, жылуу-жумшак кайра үйлөрүнө жеткирип коюшту. Көптөн бери көрүшпөгөн ардагерлердин кубанычы тоодой болду десек аша чапкан болбойбуз. Себеби, булар азыркы күндө көп жолугушууга шарты келбегени ырас. Ал эми карылар күнү шылтоо болуп кездешип, ал-акыбал сурашып, бугун аз да болсо чыгарып алуусуна негиз түзүлдү. Булар үчүн бет маңдай отуруп маектешүүнүн өзү табылгыс дары катары бааланат. Айтор, келгендер ыраазылыгын жашыралбай Соттун төрайымы Айнаш Токбаевага, жалпы эмгек жамаатына ыракматын жаадырышты.

Ж. Сулайманов

"Ачык сөз" коомдук маалыматтык гезит

№26 (093) 5-октябрь 2017ж.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00