Кынатбек Сманалиев: Судья мыйзамсыз чечим үчүн жооп берет

03.04.2017.

Жогорку Сотто “Сот тутумунун ачык-айкындыгынын жетишкендиги - сот актыларына жетишүүнүн кеңири механизми” деген аталышта талкуу өттү. Бул талкуудан соң Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юридика факультетинин деканы, юридика илиминин доктору, профессор Кынатбек Сманалиевди сот реформасы тууралуу сөзгө тарттык.

- Мындан бир нече жыл мурда сот реформасын ишке ашыруу боюнча иштер башталган эле. Андан кандай натыйжа чыкты?

-  2012-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин сот тутумун өркүндөтүү боюнча атайын жарлыгы чыккан. Бул жарлык боюнча сот тутумун реформалоо иштери бир нече этапка бөлүнүп башталган. Биринчи этабында судьяларды тандоо иштери башталса, экинчи этабында жаңы мыйзамдардын тобун иштеп чыгуу каралган. Бул тегерек үстөлдөгү талкууда каралган ачык-айкындык маселеси да сот реформасынын кандай жүрүп жаткандыгын көрсөткөн иш болду.

- Демек, ошо жарлыкта коюлган тапшырмалар максатына жеттиби?

- Кадам сайын жүрүп жаткан иштин аркасы менен бул жарлык өз максатына жетти. Анткени азыр судьяларды тандоо аяктап бара жатат, 3-4 жыл ичинде иштелип чыккан жаңы кодекстердин бардыгы кабыл алынып, аларга президент тарабынан  кол коюлду. Алар Жазык кодекси, Жоруктар кодекси, Жазык процессуалдык кодекси жана Жазык аткаруу кодекси, Жарандык жана Административдик кодекстер. Алардын айрымдары ушу жылдын 1-июлунан тарта ишке кирсе, калгандары 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

- Кодекстер ишке кирсе эле судьялар көз карандысыз болуп калды деп айтууга негиз барбы?

- Азыр реформа жүрүп жатпайбы. Реформанын максаты судьялардын көз карандысыздыгына жетишүү. Алар Конституция менен мыйзамдарга гана көз каранды болушу керек. Акыры ошондой болот деп ойлойм. Азыр судьялар мыйзамдуу жана негиздүү чечимдерди чыгарып жатышат.

- Саясатка байланыштуу чечимдерчи?

- Бүгүн саясатка байланыштуу чечимдерди мен көргөн жокмун. Кылмыш иштерин тергөөчүлөр козгоп жатат, бирок акыркы чечимди судья кабыл алат да. Бирок биз  күнөөсүздүк жоромолу (презумпция невиновности) бар экенин билебиз. Мен ушу принцип иштейт деп ойлойм. Судья ушу принцип менен иштесе акыры акыйкат чечим чыгарышы керек.

- Судья кабыл алган чечими үчүн жооп бере тургандыгын камсыз кыла турган механизм барбы?

- Бар. Азыркы жазылган жаңы кодекстердин биринде бул боюнча судьялардын дисциплинардык жоопкерчилиги каралган. Эгер судьялар мыйзамсыз чечим чыгарса, ушундай жоопкерчиликке тартылышат.

Кабар 24
Маалымат-аналитикалык агенттиги

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00