Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ведомстволук сыйлыктары тапшырылды

«Сот тутумун өнүктүрүүдөгү салымы үчүн» медал, ардак  грамота жана ыраазычылык  кат  менен Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Сотунун  судьялары жана  жергиликтүү соттор  сыйланышты. Салтанаттуу  жыйында Кыргыз Республикасынын  Жогорку Сотунун  төрайымы Айнаш  Токбаева ачып сыйлыктарды тапшырды.

 

Толугураак

 Маалым болгондой «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» боюнча мамлекеттик максаттуу программа соңуна чыгып келе жатат.  Бул программанын алкагында жарандардын, юридикалык жактардын  укуктарын жана алардын мыйзам тарабынан корголуучу эркиндиктерин коргой турган көз карандысыз сот бийлигин түзүүгө ишеничтүү кадамдарды шилтеп сот реформасынын чегинде коюлган бир катар маселелерди чечүүдө ийгиликтер бар экендигин Төрайым айтты. 

Соттук реформасынын жүрүшүндө улуттук жана эл аралык эксперттерден, практик юристтер менен адистерден жана судьялардан турган жумушчу топтор тарабынан кодекстердин жана мыйзамдардын долбоорлору иштелип чыгып, биргелешкен иштин натыйжасында жети кодекс жана бир катар мыйзамдар кабыл алгандыгы да белгиленди

Ушул жылдын 21 августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленуму өткөрүлүп, анда “Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун сыйлыктар жөнүндө” жаңы Жобо жана сыйлана тургандардын тизмеси да бекитилген. Ага  ылайык, «Сот тутумун өнүктүрүүдөгү салымы үчүн»  медалы менен  Жогорку Соттун судьясы   Маргарита Мельникова, Бишкек  шаардык  сотунун төрайымы  Ирина Воронцова жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Гульжан Есеналиевасыйланышты.

Ардак  грамотага  болсо, Жогорку соттун  судьясы Гульбара Калиева, Бишкек шаардык  сотунун  судьялары Ирина  Горшковская,  Акматали Алибаев,  Нурбек  Эсеналиев, Баткен областтык  сотунун судьясы  Бостонбай Айжигитов,  Жалал-Абад шаардык сотунун  судьясы  Калмамат уулу Алтынбек, Чүй областтык сотунун судьясы  Жекшеналы Курманбаев  татыктуу болушту. 

Ошондой  эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш  Токбаеванын буйругу менен сот тумунун  өнүгүшүнө кошкон  жигердүү  салымы  үчүн ыраазычылык жарыяланды. Бул сапка  Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек  Сыдыгалиев, Октябрь райондук  сотунун Нурлан  Эсенбаев, Чуй областынын райондор  аралык  сотунун судьясы Нурлан Султаналиев, Б.Ельцин атындагы  КРСУнин юридикалык факультетинин административдик жана финансылык  укук кафедрасынын башчысы Айганыш Исраилова, Кыргыз Республикасынын Сот приставтары кызматын уюштуруу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Жылдызбек Кудаяров,  Чуй  областынын Аламүдүн райондук сот аткаруучусу Светлана  Николаева, көз карандысыз эксперт Мадина Давлетбаева, Коомдук анализ институтунун директору Рита Карасартова жана ПРООНдун долбоорлорунун эксперти Нуржан Токтогулова илинди.

tayan.kg

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00