Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Айжамал Ажибраимованын интервьюсу

04.11.2014.

Айжамал Ажибраимова: «Жогорку Сот соттук реформанын айрым аспекттери боюнча бекем позицияны карманууда»

Жогорку Соттун судьясы А. Ажибраимова Жарандык-процессуалдык кодекстин жаӊы редакциясы боюнча айтып берди.

- Айжамал айым, Кыргызстанда Жарандык-процессуалдык кодекстин (мындан ары ЖПК) жаӊы редакциясы иштелип чыкты. Жаӊы кодекске муктаждык барбы?

- Албетте, ЖПКнын жаӊы долбоору керек жана прогрессивдүү мүнөзгө ээ. Биринчиден, жаӊы редакцияга мыйзам чыгаруунун эл аралык нормалары киргизилди. Экинчиден, эски ЖПКдагы карама-каршылыктар, туура эместиктер алынып салынды. Жаӊы редакцияда болсо көптөгөн оӊ өзгөртүүлөр болду, ошондуктан жаӊы кодекс бизге сөзсүз түрдө керек.

Толугураак

- Жаӊы редакцияны абсолюттуу мыкты деп айтууга болобу?

- Жок, ЖПКнын жаӊы долбооруна Жогорку Сот 57 сунуш даярдады. Алардын айрымдары жумушчу топтун кароосуна коюлган ойлор гана. Бирок айрым жагдайлар боюнча Жогорку Сот олуттуу, бекем позицияны карманууда. Ушул пункттар боюнча биздин пикирлерди эске алып, өзгөртүүлөрдүн киргизилүүсү максатка ылайыктуу болот.

- Кайсыл талаштуу жагдайлар боюнча сөз болуп жатат?

- Биринчи талаштуу жагдай, Жогорку Соттун коллегиясын кеӊейтүүгө байланыштуу. Учурда соттордун үч тепкичтүү модели иштеп жатат. Мисалы, биринчи инстанцияда ишти бир судья карайт, экинчиде 3 судья, үчүнчү инстанцияда да 3 судья карайт.

 ЖПКнын жаӊы редакциясында Жогорку Соттун коллегиясын 5 адамга чейин көбөйтүү сунушталууда. Мында прогрессти көргөн жокпуз. Себеби, судьялар механикалык түрдө көбөйтүлүүдө, бул продуктивдүүлүктү арттырбайт. Биринчиден, судьялардын иш менен алек болуусу өсөт, экинчиден, Жогорку Соттун түзүмү аягына чейин бүткөрүлгөн эмес. Булардын баары ашыкча тоскоолдуктарды пайда кылып, иштин каралуу мөөнөтүн узартат.

ЖПКнын долбоорунда коллегияны кеӊейтүү соттук практиканын жана Жогорку Сот тарабынан чыгарылган чечимдердин бирдиктүү болуусун шарттай тургандыгы айтылган. Бирок бирдиктүүлүккө жетишүүгө коллегиянын курамын өзгөртүүнү талап кылбаган башка көптөгөн механизмдер бар.

Мурда Жогорку Сотто ишти 14төн 18ге чейин судья караган мезгил болгон. Бул жамааттык жоопкерсиздикти гана шарттаган, анткени иш менен башынан аягына чейин таанышып чыккан судья-докладчы бир позицияда болсо, көпчүлүк судьялар башка чечим кабыл алышкан. Ким кандай добуш бергени белгисиз болгон, жашыруун кеӊешүүчү бөлмөнү эске алганда, мындай чечимдер көптөгөн суроолорду пайда кылчу. Ошондуктан коллегиядагы судьялардын көбөйүүсү сот акыйкаттуулугунун сапатынын жакшырышына алып келбейт.

- Ишти өзөгү боюнча кароодо Жогорку Соттун ыйгарымын алып салу маселеси тууралуу эмне айта аласыз?

Бул биздин макул эместигибизди жаратып жаткан башкы жагдай. Бул норма эл аралык мыйзам жаратуучулуктун имплементациясынан улам киргизилип жатат. Мында Жогорку Сот төмөнкү инстанцияларда ишти кароодо материалдык укуктардын колдонулуусунун туура же туура эместигин карайт. Мындай тажрыйба өнүккөн өлкөлөрдө өкүм сүрөт.

Бирок менин оюмча, биздин реалийлерди, соттук корпусубуздун квалификациясын жана жарандардын укуктук нигилизмин эске алганда, мындай тажрыйба Кыргызстан үчүн эртелик кылат. Жарандардын нааразылыгын жараткандыктан, бул механизмди киргизүүгө болбойт. Анын үстүнө Жогорку Сот төмөнкү инстанциядагы соттордун катачылыктарын оӊдой албайт. Эгерде Жогорку Сот чыгарылган чечимдин мыйзамдуулугун гана карап, иштин факты жүзүндөгү кырдаалын карай албаса, анда калыстыктан тайган, бирок мыйзамдуу чечим кабыл алат.

Эмне үчүн мен минтип ойлойм? Эгерде биринчи жана экинчи инстанция иштин кырдаалын туура эмес аныктап, туура эмес чечим чыгарса, анда Жогорку Сот ал ишти карай албайт. Үчүнчү инстанция өз аракетинде чектелип калат да, төмөнкү инстанциялардын мыйзамсыз, туура эмес чечимдери күчүндө кала берет. Албетте, андай учурда эл нааразы болот, анткени жогоруда айткан ыйгарымдардын чектелүүсү, Жогорку Соттун функциясынын чектелүүсү ж.б. процедуралык жагдайларды түшүнө бербейт.

- Жогорку Сотко чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен даттануунун мөөнөтүн кыскартуу боюнча оюӊуз кандай?

 - Ооба, жумушчу топ үчүнчү инстанцияга доо-арыз менен кайрылуунун мөөнөтүн 1 жылдан 3 айга чейин азайтып, аны ЖПКнын жаӊы редакциясына киргизүүнү сунуштады. Биз бул өтө эле кескин азайтуу деп эсептейбиз, мөөнөттү жок дегенде 1 жылдан жарым жылга чейин азайтуу керек.

Жогорку Сот республикада болуп жаткандарды көрүп турат, ошондуктан борбордогу элдин кыйла сабаттуу экенин билебиз. Аймактарды алсак, ал жактарда укуктук нигилизм көрүнүшү жогору. Ошол үчүн аларга өзгөртүүлөр боюнча маалыматтарды жеткирип, чечимдерди жокко чыгаруу үчүн кайра даттанууларына көп убакыт берүү зарыл.

Мындан сырткары, көптөгөн биздин жарандар иштеп келүү үчүн чет өлкөлөргө чыгууга аргасыз болуп жаткандарын эстен чыгарбайлы. Аракеттеги жана сунушталып жаткан ЖПК бул жарандарга байланыштуу иштерди алардын катышуусуз карай берүүгө укук берет. Бул үчүн жашаган жери боюнча сот олтурумуна 2 жолку чакыртылганына карабай келбегендик жетиштүү болуп эсептелет.

Эгерде сот кандайдыр бир чечим кабыл алса, алар чет өлкөдө болгодуктан, ал чечимдер боюнча эч нерсе билбей калышат. Алар үйлөрүнө кайтып келгенде гана кайрадан даттана алышат. Бирок, үч айлык мөөнөт аздык кылат, өтө кыска жана эл үчүн күтүүсүз.

- Жогоруда токтолгон жагдайлар ЖПКнын жаӊы долбоорунда жумушчу топ тарабынан өзгөртүлүүсү керекпи?

 - Ошондой болсо максатка ылайыктуу болот. Мен жогоруда айткандай, бул Жогорку Соттун катуу позициясы болуп эсептелет. Биздин башкы максатыбыз – мыйзамдуу эле эмес, адилеттүү болгон сот акыйкаттуулугуна жетишүү. Акыйкаттуулук принциби мыйзамдардын өзүндө болуусу кажет. Эгерде биз акыйкат мыйзамдарды кабыл алсак, ага жараша соттордун акыйкат чечимдери болот. Эгерде акыйкатсыз мыйзамдар болсо, анда соттор эч качан мыйзамдуу болгону менен акыйкат чечимдерди кабыл ала алышпайт. Андыктан биз көрсөткөн эскертүүлөрдүн эске алынуусу чоӊ мааниге ээ.

 

Аман Иманалиев
Де-факто гезити 

 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00