Мамлекеттик максаттуу программа ишке ашууда

07.12.2016.

Мамлекеттик максаттуу программа Жалал-Абад облусунда кандай ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы М. Болотовдун "Акыйкат" гезитине берген интервьюсу. 

 

 

 

Сот тутумун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик максаттуу программанын Жалал-Абад областында ишке ашырылышы тууралуу Жалал-Абад областтык сотунун пресс-катчысы Маркэл Болотов гезитибизге кыскача маек берди.  

ПРОГРАММА ИШКЕ КИРДИ 

- Маркэл мырза, элдин арасында сот тутумун өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик максаттуу программа кабыл алынган делинип жатат. Ушул программанын Жалал-Абад областында ишке ашырылуусу тууралуу айтып берсеңиз? 

- Ооба, Өкмөт тарабынан жактырылып, “2014 - 2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” боюнча мамлекеттик максаттуу программаны (ММП) Жогорку Кеңеш 2014-жылы бекитип берди. Бул программанын бир катар максаттарынын катарында соттордун имараттарын куруу, кайра конструкциялоо, имараттарды техникалык каражаттар жана коопсуздукту камсыздоо тутумдары менен жабдуу белгиленген. Жалал-Абад областында ММПны ишке ашыруунун алкагында Жалал-Абад областтык сотуна имарат берилип, кайра конструкцияланып, оңдолду. 2016-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаеванын, областтагы мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусу менен жаңы имарат салтанаттуу түрдө ачылып, азыркы күндө областтык сот заманбап имаратта иш алып барууда. Областтык сотко келген элдерге иш кагаздарды тапшырууга жана алууга, соттук процесстерге катышууга ыңгайлуу жана жакшы шарттар түзүлүп калды. Ошондой эле ММПнын алкагында областтагы райондук жана шаардык соттордун имараттарын заманбап кылып оңдоо, же жаңы имарат куруу аркылуу коомчулукка жана сот системасынын кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча аракеттер жүргүзүлүп жатат. 

- Сотто болуп жаткан процесстер жөнүндө маалыматты алуу жана чагылдыруу журналисттер үчүн кыйынчылыкты түзүп келе жатат. Бул маселени чечүү ушул мамлекеттик максаттуу программада эске алынганбы?

- Жакшы суроо бердиңиз. ММПнын негизги максаттарынын бири - сот адилеттигинин ачыкайкындуулугу болуп эсептелет. Бул коюлган максатты ишке ашыруу үчүн мамлекетибиздин областтык сотторунда пресс-катчы жаңы кызматы уюштурулган. Азыркы күндө коомго чагылдыруу үчүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кызыктырып жаткан иштер боюнча маалыматты областтык соттун пресс-катчысы аркылуу алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, маалыматтар журналисттерге берилип жатат. Мындан ары областтык соттун пресс-кызматы ММКлар жана журналисттер менен иштешүүгө даяр. 

- Берген маегиңиз үчүн рахмат.

 Жумагүл ШАЙЫКОВА,

 “Акыйкат”.

2016-жылдын 28-ноябры

№48 (1330)

 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00