Реформа адвокаттын көзү менен

12.04.2017.

Сот реформасы бир күндө же бир айда бүтө калчу иш эмес. Ал көп каражаттын жана көптөгөн адамдардын майнаптуу аракетинин аркасында гана ишке ашат. Учурда бул тармакта көзгө көрүнөрлүк көп иштер жасалып жатат.  Биз адвокат, Адвокаттар кеңешинин мүчөсү Матлюба Тешебаеванын бул тууралуу пикирин сунуш кылабыз.

- Адвокат катары акыркы кезде сот системасындагы кандай өзгөрүүлөрдү байкап жатасыз?

- Биз жактоочу катары биринчи кезекте процессуалдык нормалар сакталганына, ишти судьялар мыйзам чегинде карап жатышканына өзгөчө көңүл бурабыз. Ошондой эле ишти кароо кайсы саатка коюлса ошол убакта башталганын, эки тарапка бирдей мамиле жасалып жатканын байкап жатабыз.  Ал эми жаңы судьялар дайындалып, алар кандай иштеп жатканы элдин көз алдында өтүп жатат. Мисалы, Кадамжай шаардык сотуна Жылдыз, Улан, Илияс жана Жаныбек деген төрт жаңы судья иштей башташты. Биринчи көзгө урунганы, мыйзам талаптарын сактаган судьялар келишти деген ойдо калдым.

Ар бир иштин өз убагында башталып жатканы адвокаттын көңүлүн көтөрөт, себеби биздин убакыт аз, дайыма чуркап иштешке туура келет. Бул Кадамжай райондук сотундагы жакшы тартип болуп жатат.

Мындан башка биздин соттун имаратынын ичи, залдар оңолуп калганы да жакшы көрүнүш.  Биз ошондой эле Баткен облустук сотуна да иш боюнча дайыма каттап турабыз. Экинчи инстанция болгон облустук сотто да жакшы өзгөрүүлөр бар. Соттордун имараты жаңыланып, ичинде күтүүгө шарт түзүлгөнү, процесстердин убагында башталганы, судьялардын ишти алып баруу этикасы да оңолуп калды.

Адвокат болгон соң, Жогорку сотко да көп келүүгө туура келет. Жогорку сотко өз статусуна ылайык чоң, жакшы имарат берилгени, ал жердеги шарттардын бар экени кубантат. Мен биринчи келгенде судьялардын катчыларына жүгүрүп чыйпылыктап, “ой, биздин иштин убактысы өтүп кетпесин” деген тынчсызданып жаткам. Кийинки процесстерге келгенде ар бир иш өз убактысы менен башталып жатканын көрүп, убактыбыз жетиштүү болуп, алдастабай бардык ишке жетишип жатканыбызга кубандым.

- Мурда кандай эле?

- Жогорку сот эски имаратта экенде биз Административдик иштер боюнча коллегияга келчүбүз. Анда 101, 102 деген эки эле зал бар болчу. Ошо экөөнүн тушунда болгону эки табуретка бар эле. Ошо табуреткалардын бошошун күтүп туруп турчубуз.

- Бирок сот адилеттигин ишке ашыруунун башкы көрсөткүчү мыйзам үстөмдүгүн орнотуу эмеспи. Сиздин оюңузча, бул жакта өзгөрүүлөр барбы?

- Мен дароо эле Кадамжай шаардык сотунун судьясы Улан Ажыматов караган үйдөн чыгарууга байланыштуу ишти айтайын. Бул иштин бардык жүрүшү мыйзам чегинде болду. Мен эмнесине ыраазы болдум? Чыккан чечимди беш күн ичинде алууга тийиш болсок, ошол убакыттын ичинде алдык. Мурда мындай чечимдерди бир айлап жүрүп араң алчубуз. Сот процесси учурунда да кошумча арыздар, өтүнүчтөр, күбөлөрдүн көргөзмөлөрүнүн бардыгы процесс учурунда эске алынып, иштин жүрүшү да мыйзам чегинде болуп жатат.  

- Сиздин адвокат болуп иштегениңизге канча жыл болду?

- 2003-жылдан бери иштеп келатам.

- Жаңы судьялар шайлана электе, сот имараттары оңдоло электе сиздер судьялар менен кандай иштешчү элеңиздер?

- Мурда биздин Кадамжай шаардык сотунун имаратында ремонт жок эле. Ал эми соттук иштердин каралышына келсек, мисалы, сот процесси эртең мененки саат онго деп дайындалса, аны кечки 3- 4кө чейин күтүшкө туура келчү. Себеби ал жерде бир күндө 20дай иш карала турган болсо, анын баарын тең саат онго деп чакыра беришчү. Ошончо иштин катышуучуларынын кимиси биринчи келсе ошонуку каралчу. Калганы кечке күтүп отура беришчү. Бул биринчиден баарыбыздын убактыбызды алса, экинчиден ошо жерде күтүп отурган адамдардын кыжырын кайнатчу. Бардык адвокаттар ушундай көрүнүшкө күбө болуп келишкен.

- Жакында бир топ жаңы кодекстер кабыл алынды. Алар менен тааныштыңызбы?

- Бул кодекстердеги мага жакканы, арызды кайра-кайра жаза бербей, бир эле жолу жазасың деп тартипке салганы мага жакты. Себеби, Жогорку сотко даттануу бир жылдык дегенге таянып алышып, биздин айрым оппоненттер бир жылда 3- 4 жолу арыз жазышып, алар керек эместе кайра алып коюп жатышкан. Жаңы кодекстер боюнча мындан ары буга чектөө коюлду. Бул бизди экономикалык жактан да, убакыт жактан утушка алып келе турган нерсе.

Зыйнат Адамкулова

 «Фабула пресс» гезити

2017-жылдын 4-апрели

24 (147)

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00