Соттор “Эмгек сиңирген юрист” наамы менен сыйланышты

“Эмгек сиңирген юристи” ардак наамы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Галина Уметалиева, Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцова,  Жогорку соттун  Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров  сыйлашынты. Тиешелүү жарлыкка Президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Сыйлык  социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалынын өнүктүрүүгө кошкон  өзгөчө салым кошкондугу үчүн тапшырылды. Мындан сырткары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев  Президенттин ардак грамотасына татыды. Сыйлык ээлерин  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун  төрайымы Айнаш  Токбаева атайын салтанаттуу жыйында куттуктап  ийгиликтерди каалады. 

tayan.kg

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00