"Сот тутумунун ачык айкындыгы" | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

"Сот тутумунун ачык айкындыгы"

13.05.2017.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда ММК өкүлдөрү үчүн тегерек үстөл өттү. Анда "Сот тутумунун ачык-айкындыгы" деп аталып, өлкөдө жүрүп жаткан сот реформасына арналды. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева расмий ачып, өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:

"Сот реформасынын негизги талаптарынын бири - бул сот системасынын ачык-айкындуулугуна жетишүү! Учурдагы коомдун талабы да ушундай. Сот реформасынын багыттары жана башкы максаттары: сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу, кадрдык, финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү, соттордун иштеши жана судьялардын ишмердиги үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү, сот адилеттигин сапаттуу жүргүзүү үчүн судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын адам укуктары жагындагы эл аралык укуктун ченемдерине жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, бул жарандардын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоо чөйрөсүн кеңейтүүнү, сот адилеттиги­нин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылууга тийиш.

Жогорудагы талаптардын ишке ашуусу үчүн, 2012-жылы Кыргыз Рес­публикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы чыгып, ошонун аркасы ме­нен реформа ишке аша баштады. Атайын жумушчу топтор түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Жазык, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу, Жоруктар, Жарандык процесстик, Административдик-процесстик кодекстери жана "Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү тууралуу", "КРдагы юридикалык жардамдын мамлекеттик кепилдиги тууралуу" мыйзамдары жаңы жазылып, КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, КР Президенти тарабынан кол коюлду. Аталган кодекстердин бир бөлүгү 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке кирсе, калгандары ушул жылдын 1-июлунан тарта иштей баштайт".

Тегерек үстөлдө Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева сот тутумунун ачык-айкындыгы, сот реформасынын жүрүшү боюнча бет ачаар жасады. Ал эми IDLO программасынын кызматкери Нурлан Дүйшеев "Сот тутумунун ачыктыгынын жетишкендиги - сот актыларына жетүү механизмин кеңейтүү" темасындагы баяндамада www.sot.kg сайтынын аткара турган функциясы тууралуу кеңири түшүндүрдү.

Адилет сот мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Александр Юрьев болсо аталган сайттын техникалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроолорго жооп берди.

Маалым болгондой, журналисттер үчүн тегерек үстөлдү өткөрүүнү Кыр­гыз Республикасынын Жогорку соту демилгелеп, USAID-IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө жана EWMIнин аткаруусундагы USAIDдин Биргелешип башкаруу программаларынын колдоосу менен өттү.

Жумагүл ШАЙЫКОВА

"Акыйкат" гезити

2017-жылдын 8-майы

№20 (1354)

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00