Сот тутумунун ачык-айкындыгы камсыз кылынат | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Сот тутумунун ачык-айкындыгы камсыз кылынат

04.05.2017.

28-апрелде Жогорку сотто жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн  катышуусу менен “Сот тутумунун ачык-айкындыгы” деген тегерек стол өттү. Иш-чарада Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева “Сот реформасынын негизги талаптарынын бири - бул сот системасынын ачык-айкындуулугуна жетишүү.

Сот реформасынын багыттары, максаттары – сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу, кадрдык, финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү, соттордун иштеши жана судьялардын ишмердиги үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү, сот адилеттигин сапаттуу жүргүзүү үчүн судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу, КР мыйзамдарын адам укуктары жагындагы эл аралык укуктун ченемдерине жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү жарандардын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоо чөйрөсүн кеңейтүүнү, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылууга тийиш”, - деди.

Анын айтымында, мындай талаптардын ишке ашуусу үчүн, 2012-жылы Президенттин “Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыккандан кийин гана реформа ишке аша баштады. Тегерек үстөлдө Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева сот тутумунун ачык-айкындыгы, сот реформасынын жүрүшү туурасында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кеңири айтып берди.

Иш-чаранын алкагында журналисттер Жогорку соттун имаратынын тарыхы менен таанышып, соттук процесс өтө турган залдарга экскурсия жасашты.

 

Асел БАРЫКТАБАСОВА

 

“Эркин Тоо” гезити

2017-жылдын 2-майы

№53 (2778)

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00