Сот тутуму ачык-айкын болот | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Сот тутуму ачык-айкын болот

11.05.2017.

КРнын Жогорку сотунун жыйындар залында журналисттер үчүн “Сот тутумунун ачык-айкындыгы” деген аталыштагы жыйын өтүп, ага жети облустан келген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана Жогорку соттун облустардагы өкүлдөрү катышты. 

                                                                                                             

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева алгачкы сөздү ачып жатып: “Сот реформасынын негизги талаптарынын бири – бул сот системасынын ачык-айкындуулугуна жетишүү. Учурдагы коомдун талабы да ушундай. Сот реформасынын багыттары жана башкы максаттары – сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, адамдын жана жарандын укуктары менен                   эркиндиктерин соттук коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу, кадрдык, финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү, соттордун иштеши жана судьялардын ишмердиги үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү, сот адилеттигин сапаттуу жүргүзүү үчүн судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу, КРнын мыйзамдарын адам укуктары жагындагы эл аралык укуктук ченемдерине жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү. Булар жарандардын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоо чөйрөсүн кеңейтүүнү, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылууга тийиш” - деди.                                                                                                                   

2012-жылы КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыккан. Жарлыкка ылайык, сот тутумунда реформа ишке аша баштады. Реформалык иштерди аткаруу үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, КРнын Жазык, Жазык процесстик, Жазык-аткаруу, Жарандык-процесстик, Административдик-процесстик кодекстери жана “Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү тууралуу”, “КРдагы юридикалык жардамдын мамлекеттик кепилдиги тууралуу” мыйзамдар жаңы жазылып, КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, Президент кол койгон.

USAID - IDLOнун колдоосунда КРдагы сот системасын бекемдөө программасынын жардамы менен биргеликте Жогорку соттун www.sot.kg интернет баракчасы ишке киргизилген. Адистештирилген сайт катары өзгөртүүлөр кирип, иштөө жолдору толукталып жакшыргандан тартып, тактап айтканда, 2015-жылы Мамлекеттик максаттуу программага киргизилип, сотко бөлүнгөн мамлекеттин бюджетинен каржыланып келет.

Интернет баракчасы иштеп баштагандан бери соттордун ишинде бир катар жеңилдиктер дагы байкалган. Аталган сайтта сот отурумдарынын качан, каякта болору, сот актылары жана сот иштери боюнча жана башка тиешелүү маалыматтар судьялар жана алардын жардамчылары аркылуу жайгаштырылып турат. Жергиликтүү соттордун сот имараттарынын 73үндө интернет түйүндөрү кошулуп, иштеп келет. Сайттын алгачкы кадамдары менен бирге USAID – IDLOнун КРнын сот системасын бекемдөө программасына ылайык, судьяларды жана сот кызматкерлерин сайтты колдонуу жана пайдалануу боюнча окутуу иш-аракеттери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

2015-2016 жылдары Сот департаментинде маалыматтык технологиялар боюнча атайын Адилет сот мекемеси түзүлүп, ал сот тармагын маалыматтык-техникалык жактан камсыздап, алгачкы инфратүзүмүн түзүү үстүндө иштөөдө. Адилет сот ишканасы жылдын аягына чейин өлкөдөгү бардык сот мекемелерин интернет түйүнүнө толук байланыштырып, компьютер жабдуулары менен камсыз кылып, адистештирилген сайт менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп беришмекчи.

“Сот тутумундагы электрондук кызматтарды ишке киргизүү үчүн көп чаралар көрүлүшү керек. Буга ылайык Өкмөт тарабынан “Түндүк” системасы киргизилип, ал өкмөт мекемелеринин бири-бири менен электрондук түрдө байланышуу жолдору жөнгө салынмакчы. Азыр бир жаран боюнча чечим чыгаруу үчүн кандайдыр бир документтерди топтоп даярдап өткөрүшү керек. Мисалы, бала туулганда төрөт үйүнөн бала туулгандыгы тууралуу справка даярдап беришет. Ал справканы ЗАГС органына тапшырыш керек. Ушул убаракерчиликти электрондоштурса, ата-эне үчүн справка алуунун кажеттиги жок болмок. Ал түз эле ЗАГС мекемесине электрондук түрдө кайрылып, күбөлүк даяр болгондо алып кетсе болоор эле”, - дейт Адилет сот ишканасынын адистери.

Ошондой эле жарандардын же юридикалык жактардын сотко барбай эле электрондук түрдө сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгү түзүлүшү керек. Мындан сырткары кат-кат кагаздардан турган калың документтерди кыскартуу максатында, сот өндүрүшү бүткөн соң иш кагаздары электрондук түрдө сот аткаруучуда автоматташтырылган механизм менен ишке ашса, убакыт үнөмдөлүп иштин жүрүшү ылдамдайт. Жогоруда белгиленген келечектеги пландарга ылайык, сот системасында көптөгөн жаңылануулар маалыматтык технологиялардын жардамы менен аткарылып, алдыга коюлган максаттары дагы ишке ашырылмакчы.

  

Бактыгүл Мундузова

 «Кыргыз Туусу» гезити

2017-жылдын 5-майы

№34 (24130)

 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00