Тилек Асаналиев: “Жаңы кодекстер 2019-жылы гана ишке кирет”

15.02.2017.

Акыркы 3-4 жыл ичинде Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш процессуалдык кодекси жана Кылмыш аткаруу кодекси жаңы жазылып, Жогорку Кеңеш аларды кабыл алган. Мындай иштердин бардыгы сот системасын реформалоонун алкагында жүрүп жатат. Биз жаңы Кылмыш аткаруу кодексинде кандай жаңылыктар, өзгөрүүлөр болгону тууралуу, кодексти иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси, юридика илиминин доктору Тилек Асаналиев менен  маектештик.

- Тилек Асаналиевич,  Кылмыш аткаруу кодекси деген эмне экенин адегенде эки-үч сөз менен айтып берсеңиз?

- Кылмыш-жаза кодекси, жаңы жазылган Жоруктар (проступок) кодекси, Кылмыш процессуалдык кодекстерде кылмыш жасаган адам үчүн кандай беренелер, жазалар көрсөтүлсө, Кылмыш аткаруу кодекси ошолорду ишке ашырат. Ал эми өкмөттүн алдындагы Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (мындан ары ЖАМК деп айтылат) сот өкүмдөрүн ишке ашыра турган, Кылмыш аткаруу кодексинин негизинде иш алып бара турган орган.

- Сиздер иштеп чыккан Кылмыш аткаруу боюнча жаңы кодексте кандай жаңылыктар, эмне өзгөрүүлөр кирди?

- Жаңы кодекстин негизинде пробация органы деген жаңы кызмат ачылып жатат.  Пробация кызматы мурдагы кылмыш инспекциясынын негизинде түзүлүп жатат, бара-бара өз алдынча Юстиция министрлигинин алдына чыгып кетиши мүмкүн. Пробация кызматы эркиндигинен ажырабаган, бирок жазалар чегерилген жарандар менен иш алып барат. Мисалы, айып салынгандар, айрым бир кызматты ээлөөгө тыюу салынган жазалар жана башка жазалардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Мындан тышкары шарттуу түрдө мөөнөтүнөн (УДО) мурда бошотулгандар да ушу пробация кызматына келип каттоого турушу керек.

- Жаңы кодексти иштеп чыгуудагы негизги максат эмне?

- Негизги максат - бул тармакты гумандаштырууга аракет жасадык. Мындан тышкары ресоциализация жасоого аракет кылдык. Ресоциализация бул 5 же 10-15 жыл түрмөдө отуруп чыккан адамдарды азыркы турмуш шартка көндүрүү, же адаптация десек болот. Ушулар тууралуу жаңы кодексте бир топ жазылды. Мындан сырткары жаза аткаруу принциптери жаңыланды. Ошондой эле жазаларын өтөп жаткан жарандардын укуктарын көбөйттүк. Телефон менен сүйлөшүүгө укугу жок болуп, бандероль, посылка алууга чектөөлөр болсо, алар алынды. Кыска жолугушуулар мурда 15-30 мүнөт, ал эми узак жолугушуулар 3 сутка болчу. Булардын бардыгын көбөйтүп, алар сырттагы турмуштан ажырап калбас үчүн жасалды.

Мен өзүм ушул системада 24 жыл иштегем. Анын 15 жылын колониянын начальниги болуп иштегендиктен, бул системаны ичинен жакшы билем.

- Мурунку кодекстин начар жактары кайсылар эле?

- Биз мурдагы кодекстин жакшы жактарын калтырдык. Эл аралык стандарттардагы талаптарды да көп коштук. Мындан тышкары ЖАМК жетекчиси менен колония начальниктеринин укуктарын бир топ кеңейттик. Мисалы, кылмыш кылган адамга судья өкүм чыгарып, анын кайсы колонияда кандай шартта жазасын өтөй турганын судья чеччү. Жаңы кодекс боюнча бул укук ЖАМКга берилди. Анын ичиндеги атайын түзүлгөн комиссия жазасын өтөй турган жаран аны кайсы колонияда, кандай режимде өтөй турганын чече турган болду. Андан тышкары терроризм, экстремизм менен соттолгондор башкалар менен бирге болушчу, алар өзүнчө бөлүндү. Ошондой эле тыюу салынган диний уюмдар менен кызматташкандыгы үчүн эркинен ажырагандар да өзүнчө отура турган болду.

Анын үстүнө бул кодекс Кылмыш-жаза, Жоруктар кодекси, Кылмыш процессуалдык кодекстер менен тыгыз байланышта. Анткени аларда кандай өзгөрүүлөр болсо, Кылмыш аткаруу кодексинде да аларга ылайык өзгөрүүлөр болуш керек.

- Ушу жаңыртылган төрт кодекстин, Кылмыш-жаза, Жоруктар, Кылмыш процессуалдык жана Кылмыш аткаруу кодекстеринин ичинен Кылмыш аткаруу кодекси гана чоң каражатты талап кылат экен. Ошон үчүн алар 2019-жылы гана ишке кирери белгилүү. Жаңы Кылмыш аткаруу кодексин ишке киргизүү үчүн канча каражат талап кылынаарын айтып берсеңиз?

- Биз да жаңы кодексти 2019-жылы гана ишке киргизүүгө каршы чыктык.

- Себеп?

- Анткени жыл өткөн сайын кайра жаңы өзгөрүүлөрдү киргизип туруш керек да. Бирок баары бир чоң каражат талап кылынгандыктан, аларды ишке киргизүү 2019-жылга калтырылды. Мисалы, биз жогоруда айткан пробация кызматына эле жылына 4-5 млн. сом талап кылынат. Жаңы колонияларды салыш керек, болгондорун азыр талап кылынган шартка ылайык жасап чыгуу үчүн дагы көп финансы жана техникалык жабдуулар керек. Бул үчүн 400-500 млн. сом, же андан да көп сумма талап кылынышы ыктымал. Анткени жаңы колонияны куруу жөнөкөй нерсе эмес, анүчүн атайын жабдуулар талап кылынат. Азыр ошо каражаттарды табуу үстүндө иш жүрүп жатат. Ал эми бүгүнкү күндө деле ЖАМКга бөлүнгөн каражаттын 47 пайызга жакыны гана берилет. Бул сумма негизи маянага, тамак-ашка, жана зарыл нерселер менен камсыздоого гана жетет. Эми тамак-ашын айта турган болсок, бизде милицияда атайын иттер багылат. Ошо иттердин күнүмдүк тамагына 120 сом бөлүнсө, абакта отургандардын тамагына 30 сомдон ашыгыраак гана акча бөлүнөт экен. Ушул себептен, абакта жаткандарга туугандары тамак-аш, кийим-кечени чектөөсүз киргизе берсин деп жаңы кодексте уруксат бердик.

- Режимдин түрлөрүн өзгөртүүлөр болдубу?

- Ооба, алар да өзгөрдү. Мурун бизде катуу режим, күчөтүлгөн режим, жалпы режим, түзөтүү абагы (колония-поселения), түрмө режими деген түрлөрү бар болчу. Биз жаңы кодексте күчөтүлгөн режим дегенди алып таштадык. Ошондо катуу режим, жалпы режим, түзөтүү абагы калды. Бирок кийин бара-бара түзөтүү абагы да жок болот. Ошондо катуу режим, жалпы режим анан түрмө режими деген эле үч түрү калат.

Дагы бир өзгөчөлүк, мурда түрмөдөн качып кеткендерди ЖАМКнын кызматкерлери издешчү. Жаңы кодексте бул функция ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө берилди. Мындан тышкары, эгер түрмөнүн ичинде кылмыштар болуп калса, муну да ЖАМК тергөөчүлөрү иликтешчү. Бул функция райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрүнө берилди. Ушул себептүү ЖАМКнын иши бир топ жеңилдеди.

- СИЗОлордун абалын жаңыртууга мүмкүндүк болдубу?

- Аракет кылдык. Мурда СИЗОдогу бир күн түрмөдөгү эки күн деп эсептелсе, жаңы кодекс боюнча  үч күнгө барабар боло турган болду. Мисалы, соту болуп, абакка кесилген адам СИЗОдо узак убакыт калбаш керек. ЖАМК алдындагы атайын комиссия аны карап, соттолгон жаранды тиешелүү режимдеги түрмөгө жиберет. СИЗОнун кандай талаптары болору да мында эске алынды. Ал жерде соттолбогон адамдар гана калыш керек. Мен сизге чынын айтайын, СИЗО, түрмө, колония дегендердин баарын кылмыштуулуктун университети, академиясы деп койсок болот. Анткени мыйзам бузган көпчүлүк жарандар, кылмышты кантип билгизбей, ыкчам жасаш керек дегендердин баарын ушул жайлардан үйрөнүп чыгышат. Бул жайлардын өздөрүнүн жазылбаган мыйзамдары бар. Ал жерде иштегендер жумушун бүтүп үйлөрүнө кеткенден кийин, ошо жазылбаган мыйзамдар иштеп баштайт. “Мыйзамдагы ууру”, “авторитет” дегендер бар. Биз да аларды азайтуу, алардын таасирин азайтуу үчүн эмне кылыш керектигин жаңы кодексте жаздык. Мисалы, түрмөлөрдү жалпы эмес, камералык типке өткөзүү боюнча кодексте белгиленди. Ошондой болсо “мыйзамдагы ууру”, “авторитет” дегендердин таасири, башкаруусу азаяр эле.

 

Аскер САКЫБАЕВА,

сүрөт Гүлзада АШЫРБАЕВАныкы

  

“Эркин Тоо” гезити

2017-жылдын 14-февралы

№22 (2747)

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00