Токтосун Касымбеков, адвокат: «Эркиндик бул эбегейсиз чоң нерсе, муну менен жашаганды баардыгыбыз үйрөнүшүбүз керек» | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Токтосун Касымбеков, адвокат: «Эркиндик бул эбегейсиз чоң нерсе, муну менен жашаганды баардыгыбыз үйрөнүшүбүз керек»

Сот тутумунда алдыга жылуулар болуп жатканын соттор эле эмес адвокаттар да белгилеп келишет. Анткени иштин натыйжалуу болушу түзүлгөн ынгайлуу шарттарга да байланыштуу. Буга чейин соттор ар кандай ижарага алынган жеке менчиктеги имараттарда сот отурумдарын өткөрүп келишсе, азыркы учурда республика боюнча сот имараттары оңдоп түзөөдөн өтүп айрым райондордо жаны курулуп жатканы маалым. Ал эми Жогорку Сот өзүнүн макамына ылайык тарыхый баалуулукка ээ имаратка көчүрүлүп, сотторго, прокурорлорго, адвокаттарга жана карапайым эл үчүн ыңгайлуулуктар каралып, бир учурда бир канча отурумдар өтүп иштин алдыга жылуусуна шарттар түзүлдү. Сот тутумундагы өзгөрүүлөр жана сот реформасы жөнүндө белгилүү адвокат, мурдагы судья Токтосун Касымбеков менен маектештик.

Толугураак

— Эл арасында соттор туурасында бир жактуу көз караш жаралуусу кыйын. Негизинен соттордун иш алып баруусу туурасында кандай пикирдесиз?

— Туура. Бирок мен аралашып жүргөн адам катары бир катар учурларды айткым келип турат. Кээде күнүнө жыйырма ишке чейин кароого соттор мажбур болушат. Бир судья 10дон 15ке чейин ишти кароого киришет. Бул көрүнүш албетте иштин сапатына таасирин тийгизбей койбойт. Белгилей кетсем, акыркы жылдары сот тутуму абдан жашарды. Соттордун катары жашарганы менен тажрыйбанын жоктугунан, сот тутумуна милициядан, бажы жана прокуратурадан кадрлар келгендиктен алардын чабалдыгынан чечимдер бир жактуу чыккан учурлар кездешет. Андыктан, сот системасында иштеген тажырыйбалуу кадрлар келиш керек. Буга сот адилеттигинин жогорку мектебинде судьялардын окугандарын туура деп эсептейм. Себеби ар бир сот тутумунда иштеген адам билимин жана тажырыйбасын жогурулатып туруусу абзел.

— Сизге жакшы маалым болгондой, соттордун имараттары жок, ижарага алып же шарты түзүлбөгөн жайларда иштешти эле, азыркы абалды өз көзүңүз менен көрүп жүрөсүзбү?

— Албетте жакшыны жакшы деп айтыш керек. 14 жылдан бери адвокат болуп иштеп далайды көрдүк. Акыркы сот тутумундагы уюштуруу иштери тузулуп жаткан шарттар көңүл кубантат. Эң башкысы Жогорку Сот жаңы имаратка көчүп, бир учурда алты отурумга жыйын залы бөлүнүп, ишти кароого шарт түзүлдү. Сотко келгендерге ыңгайлуу шарттар түзүлүп атайын отурумдардын күн тартиби убакыт саатын ар эшикти барып каккылабай экран аркылуу көрүп алууга болот.

Аймактарда соттордун имараттары курулуп жатат. Бул албетте жакшы көрүнүш. Антпесе билесиздер мурда бала бакчанын бир капталында, жеке батирлерде соттор иш алып барып келишкен. Мисалы үчүн азыркы мезгилде Чоң-Алай районунда соттун имараты бүтүп, ичине киришти. Ал эми Чаткал районунда эки кабаттуу сот имараты курулуп жатат, бул жанылык алыскы тоолу райондорго карата соттун ролун жогорулатуу максатында жасаган иш -аркеттер деп эсептеймин.

— Ушул тармакта көп жылдан бери жүрөсүз кандай сунуштарды айтат элеңиз?

— Менин 45 жылдык юридикалык тажрыйбам бар. Милицияда, прокуратурада, сот тутумунда төрага, судья да болуп иштедим. Акыркы 14 жылдан бери эле адвакаттыкка өттүм. Менимче реформаны сот процессине катышкан милиция, прокуратурада жана адвакатурада дагы биргеликте өткөрүү туура болмок. Соттук реформаны негизинен мантиядан жана баш кийиминен баштоо керек. Судьялардын мантиясы кара болбостон, ак түстөгү, ал эми судьялардын баш кийими эркектерге жана аялдарга жараша өзгөртүлүп, улуттук үрп-адат салттын негизинде Кыргыз Республикасынын символикасын түшүрүү менен мантияны жана баш кийимди алмаштырууга жатат. Бул жөнүндө чыгармачылык топторго конкурс жарыялап, элдин талкуусуна койуш керек деп ойлоймун.

— Ар бир адамдын жеке пикири бар. Өзгөчө кыргыз эли эркиндикти сүйөбүз. Бирок кайсыл тармакты караба мокоп тургандай. Ушуга кошуласызбы?

— Эркиндик бул эбегейсиз чоң нерсе. Муну менен жашаганды баардыгыбыз үйрөнүшүбүз керек. Демократиялык жолду тандап жашап келе жатабыз, бирок укуктук аң -сезимибизди бүгүнкү күндүн талабына ылайык жарандар, юристтер, жактоочулар, укук коргоо органдары өнүктүрүшүбүз керек. Биз өзүбүздүн укугубузду талап кылар алдын, өз милдеттерибизди так аткарышыбыз кажет.

Эң негизгиси мыйзамды сыйлоо, мыйзамдын жол -жоболорун так аткаруу милдетибиз болуп эсептелинет. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей тең укуктуу. Ошондуктан эч ким жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этноско таандыктыгына, туткан динине, курагына же башка ынамдарына, билимине, тегине, партиялуулугуна, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кодулоого алынышы мумкун эмес. Сот тарабынан акыйкат, калыс ишти карап, мыйзамдын чегинде чечкиндүү, принципиалдуу чечүүгө жатат деп эсептеймин.

Мындан сырткары сот тарабынан мыйзамда көрсөтүлгөн жол-жоболорду так аткаруу менен тартипти, соттун этикасын, адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин урматтап камсыз кылуу соттун эң негизги милдети болуп эсептелинет. Бул маселеге ар тараптан көңүл буруп, мыйзамды так аткарууга алар милдеттүү. Ошондо гана соттун ролу, аброюу жогорулайт жана элдин ишеничине толук кирет деп ишенем.

 

Маектешкен

Каныкей Оңолбекова

"Ачык сөз" коомдук маалыматтык гезит

№21 (088) 31-август 2017ж. 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00