Төлөнбай Масыбаев: “Сот кабинеттен чыккандан кийин катардагы эле адам”

05.12.2016.

Кыргызстанда сот реформасы жүрүп жатканы көп болду. Бардык тараптар реформаны гана талап кылышат, а соттор өздөрү бул тууралуу эмне дейт болду экен? Биз Жогорку соттун мурдагы судьясы Төлөнбай Масыбаев менен ушу жагдайда пикир алыштык.

Төлөнбай ага, сиз укук коргоо органдарынын бардыгында иштепсиз. Салыштырып көргөндүрсүз, кайсынысы жакшыраак экен?

Прокуратура менен ички иштер кызматындагыларга караганда сотто иштегендер инерттүү болушаарын байкадым. Соттор өздөрүнө келген ишти гана карап башкасына кийлигишпейт экен.

Мурда деле, азыр деле соттордун дарегине жаман кеп-сөз айтылып жатпайбы, сиз ушуга макулсузбу?

Мен макул эмесмин. Арасында “бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей болсо болгондур, бирок баары эмес. Соттун баары идеалдуу болсо жашоо да башкача болмок. Мен деле укук коргоо органдарында 30 жылдан ашык иштепмин, анын 20 жылын сот болуп иштедим.

Сиз жакшы билесиз, бизде соттор мыйзам долбоорун демилгелеп чыгууга же бул мыйзам мындай экен деп баа берүүгө укуксуз. 20 жылдык тажрыйбаңызга таянып туруп айтсаңыз, соттордун мындай акыбалы өзгөрүш керекпи?

Чындыгында “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дейт эмеспи. Кылмыш-жаза, Кылмыш-процессуалдык кодекстерди ишке колдонгон адамдардын пикирин угуп коюшса ашыкча болмок эмес деп ойлойм. Эми биздики белгилүү эле да, Россиянын мыйзамдарынан көчүрүп жазган учурлар бар. Андайда мыйзам чала иштелгендиктен,  колдонгондо да чын эле кыйын болуп калат. Убагында биз деле Россиянын мыйзамдарынын комментариясын алып колдончубуз. Бизде азыр окумуштуулар түшүндүрмөлөрдү, комментарийлерди жазып берип жатышат. Азыр жаңы келген судьялардын кетирген каталары бар, бирок “көч бара-бара түзөлөт” эмеспи. Учурда сот үчүнчү бийлик, жоопкерчилиги чоң. Мурда болсо прокурор да соттой эле жооп берчү. Азыр болсо тергөөнүн акыбалы начар. Мисалы, прокурор айыптоо корутундусун бекиткенде жоопкерчиликти өзү алчу. Азыр бул процедура сотко өткөндүктөн, акыркы чекитти сот коет деп, аларда жоопкерчилик болбой жатат. Натыйжада тергөө сапатсыз болуп жатат. Тергөөчүлөр тергөө убагында көп адамдар менен сүйлөшүп, кылмышка айыптуу адам тууралуу көп маалыматтан анын айыптуу же айыптуу эмес экенинин толук картинасын көрө алышат. Ал эми соттор болсо алдына келген ишти гана жакшылап окуп, эч ким менен сүйлөшпөй туруп, колдо болгон документтерге карап гана бардыгын салмактап калыс чечим кабыл алышы керек. Көрдүңүзбү, соттордун жоопкерчилиги кандай?

Ал эми  процесс учурунда айыпкерди сот актап койсо “а бул сот тигинден бирдеңке алып койду” деген жаманаттыга калат. Сот эки тарапты тең карайт да. Менимче, соттор сыяктуу прокурорлор да өз иштери үчүн жооп берсе жакшы болор эле. 

 Сот реформасына  ичиңиз чыгабы?  Жок эле дегенде элдин элүү пайызы сотко ишене турган деңгээлге качан жетебиз деп ойлойсуз?

 Бул эми ылдам боло турган нерсе эмес да. Мисалы, мурда Жогорку соттун пленуму кабыл алган чечимдерди аткаруу милдеттүү эмес болчу. Эми кайра аны аткаруу милдеттүү болуп жатат. Ушундай оош-кыйыштар да ишке таасир этет экен. Жогорку сот деген эң жогорку инстанция, биякка тандалган адамдар да оңой эмес. Алар кабыл алган токтомдорду төмөнкү инстанциядагылар да окуса, алардын түшүнүүсү терең болуп, тажрыйба да болмок.

Сиз сот болуп иштеп турганда жалаң Кылмыш-жаза кодексиндеги жараяндар менен иштепсиз. Жазага кириптер болгон айыпкер кийин түрмөдөн чыккандан кийин  коркуткан учурлар болду беле?

Ошто иштедим. Канча кишини жазага тарттым, бирок эч ким коркуткан жок. Айрымдары жазасын өтөп келгенден кийин атайын келип учурашып кеткен учурлар болду. Бирок эч кимиси коркуткан жок. Эми ар бир адам өз күнөөсүн билет да.

Биздин коомдун сотторго болгон талабы күчтүү. Коом дайыма алардан компетенттүүлүктү, акыйкаттыкты талап кылат. Бирок соттордун өзү, алардын үй-бүлөсү ар кандай опурталдыктардан кандай корголгон?

Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү сотту коркутканын кээде угуп калабыз. Мисалы, резонанстуу бир иште өкүм чыгарып, эки тараптын алдында аны окуп коёсуң. Эки тарап тең нааразы болуп кетет. Бирок кабинеттен сыртка чыккандан кийин сот деле катардагы адам да. Адвокаттарды, юристтерди сабап кеткенин угуп, көрүп жатпайбызбы. Ушундайда коргоо керек. Азыр эми жаңы судьяларды шайлап жер-жерлерге жиберип жатышат, алардын үй-бүлөсү кайда болот деген маселени эч ким ойлонбойт. Ошон үчүн сотторду коргоо, үй-бүлө маселесин чогуу комплексте чечүү керек.

 

 Зыйнат АДАМКУЛОВА

 

 “Эркин Тоо” гезити

2016-жылдын 29-ноябры

№106 (2701)

 

 

 

 

 

 

 

 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00