Укуктук мамлекетти түзүүдө сот тутумуна өзгөчө милдеттер жүктөлөт

15.02.2017.

Республикабыз эгемендүүлүктүн эки тизгин бир чылбырын колуна алган күндөн бери эле, же болбосо, чейрек кылымга жакын убакыттан бери өлкөбүзгө укуктук мамлекетти түзүү жөнүндө сөз кылып келебиз. Бирок, тилекке каршы укуктук система толугу менен жаңыланып, мыйзамдын үстөмдүгү алиги күнгө чейин орной электиги жана жарандардын мыйзамдуу таламдарына укуктук жактан тиешелүү деңгээлде  маани берилбегендигинен улам, өлкө саясий экономикалык жана социалдык крисизтерди  башынан кечирип келет.

Чындыгында эле акыркы жыйырма беш жыл аралыгында Кыргызстандагы башкаруу системасы мамлекетти күткөндөгүдөй алдыга жылдыра алган жок. Экономикалык аспектиден алганда  аналитиктер менен байкоочулар айтып жүргөндөй Кыргызстан өз алдынчалуулукка ээ болгон алгачкы ондогон жылдар күнүмдүк жашоонун кыйынчылыктарынан  чыгуу  же “жан багуу”менен  турмуш кечирип келди. Мурдагы өнөр жай тармактары токтоп, республика чийки сырьёлорду өндүргөн агрардык өлкө статусунан алыстап кете алган   жок.

Ал эми мамлекетти башкаруунун өңүтүндө мурдагы эки президент тарабынан бийликти өз кызыкчылыктарына пайдалануу, көз көрүнөө  мыйзам бузуулар, эки жолку революцияга алып келди. Натыйжада өлкөнүн саясий бедели жана экономикасы зыян тартты. Өкүнүчтүүсү  бийлик менен элдин ортосундагы ажырым пайда болуп, бийликтин баардык бутактарына ишенбөөчүлүк  мамилелерди  жаратты.

Демек, тарыхтын өткөндөгү оор сабактарынан тыянак чыгаруу менен мурдагы кемчиликтерди кайталабоого убакыт келип жетти. Демократиялык түзүлүштүн негизги пайдубалы мыйзам үстөмдүгү менен ажырагыс экендиги катардагы карапайым жаран үчүн да түшүнүктүү боло баштады.

Андыктан келечекте Кыргыз мамлекети бүгүнкү илимий-техникалык прогресстин темпи менен өсүп жаткан дүйнө мамлекеттеринин арасында өз ордун табуусу, тек гана орун табууда эмес, элдин жашоо-турмушун жакшыртуу, экономикалык-социалдык өсүп-өнүгүүлөрдү турмушка ашыруу милдети бийлик бутактарынан баштап катардагы мекенчил жарандардын келечек максаттары болууга тийиш.

Дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин тажырыйбалары көрсөтүп тургандай кайсыл гана мамлекеттин  болбосун  коомдук  саясий,  экономикалык жана социалдык турмушунун бардык чөйрөлөрүндө мыйзамдуулук орноп, анын туруктуулугу сакталганда гана өсүп-өнүгүүлөр  башталаары  белгилүү.

 Ушундан улам,  биз жашап жаткан коомдо укук системасын чыңдап, мамлекеттин турмушунун бардык чөйрөлөрүндө укуктун жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу күн тартибиндеги негизги маселе болууда. Бир сөз менен жыйынтыктай келгенде айталы мамлекетти башкаруунун  учур талабына ылайыктуу системасын ишке киргизүүдө   укук коргоо жана сот системасын, саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу орчундуу тармактарды реформалоо, модернизациялоо сыяктуу  аз эмес  убакытты  жана каражаттарды  талап кылган  реформаларды жүргүзүү милдети турат.

Президенттин демилгеси менен мамлекеттик бийлик буктактарынын тең салмактуулугун түзүү боюнча 2016-жылдын 11-декабрында жалпы элдик референдумда белгиленген Баш мыйзамыбызга  (Конституция)  киргизилген   өзгөртүүлөр мындан ары келечегинде белгиленген жана башталып жаткан  реформалар үчүн  укуктук аянтча катары кызмат өтөө мүмкүнчүлүктөрүн алып келүүсү  шарт.         

Өлкөбүздө укуктук мамлекетти түзүү жана анын принциптерин турмушка ашыруу  процесси сот өндүрүштөрүндөгү кабыл алынган чечимдердин натыйжалары менен да өлчөнүп баа  берилмекчи. Айталы дегенибиз сот тутумунундагы  ар бир судьянын көз карандысыз, келишпөөчүлүк  жана калыстык менен  адилетүү чечим кабыл алуусу дал ошол  мыйзам үстөмдүгүнүн эталону катары коомчулукта кабыл алынып, укуктук мамлекеттин фундаментин бекемдөөгө, ошондой эле өлкөдө стабилдүүлүктү  камсыздоого   алып келет.

Республикабызда сот бийлигин реформалоо Апрель революциясынан кийин 2011-жылы колго алынып, андан соң, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы “Кыргыз Республикасында сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасында соттук реформанын негизги максаттары жана багыттары аныкталган. Анда стратегиялык максат катары адамдын жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоого жөндөмдүү  көз  карандысыз сот бийлигин түзүү белгиленген.  

Мына ушул багытта сот тутумун реформалоо боюнча  бир нече  жумушчу топтор  түзүлүп,  алар тарабынан бир катар мыйзам долбоорлору иштелип чыккан. Аталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өткөн. “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” деп аталган мамлекеттик максаттуу программа кабыл алынып, бекитилген.

Максаттуу программа сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындыгын камсыздоо, коомдун сот адилеттигине ишеничин жана иштерди кароонун натыйжалуулугун жогорулатуу, судьялардын көз карандысыздыгын камсыздоо жана сот актыларын аткаруу деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле сот адилеттигин жүргүзүү  үчүн шарттарды түзүү маселелерин түп-тамырлуу (комплекстүү) чечүү сыяктуу бир катар милдеттер  ишке ашырылмакчы.

Бирок, ошондой болсо да сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапаты жана коомчулук  арасында судьяларга болгон ишеним дагы эле болсо  төмөн бойдон калууда. Андыктан алардын себеби эмнеде?, - деген да адилеттүү суроо туулбай койбойт. Мен ушул эле суроого жоопту судья болуп иштеп жүрүшүп, мындан эки-үч жыл мурда пенсияга чыгышкан аттарын атабоону  өтүнгөн  жарандарыбыздан  сурап көрдүм.

Алардын пикирлери боюнча эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында же 1997-жылга  чейин сот системасы өздөрүнө тагылган милдеттерге жоопкерчиликтүү иш алып барып келишкен. А.Акаевдин учурунда референдум аркылуу Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктарынын кеңейиши менен сот системасына жогор жактан берилген  көрсөтмөлөр, Конституциялык Сот тарабынан А.Акаевдин кийинки президенттик мөөнөткө баруусунун  мыйзамдаштырылышы, ошол мезгилдеги өлкөнүн ички саясий турмушундагы окуялар, шайлоонун “шайтан оюндары” бүтүндөй сот тутумуна доо кетирген. Андан кийин бийликке келген К.Бакиев тарабынан сот системасы түп-тамырынан  реформага муктаж экендиги тууралуу учурунда маселе козголгон менен ал ошол бойдон калган. Тагыраак айтканда үй-бүлөлүк башкарууга сот тутумундагы реформанын зарылчылыгы болбогону  айтпаган күндө да белгилүү. 

Экинчиден сот системасы тууралуу, коомчулукта бир беткей пикирлерди алып келип түшүнбөөчүлүктөрдү жаратып жаткан – бул учурда колдонуудагы Кылмыш Жаза Кодекси. Айталы мал уурдагандар менен миллондорду уурдагандарга берилген жаза мөөнөттөрүнүн айырмалары анча чоң эмес болуп, ал көп учурларда бир тараптуу пикирлерге алып келип жаткан.

Демек, КЖКнин  ичиндеги көптөгөн статьялар мезгил талабына ылайык кайра өзгөрүүтүүлөргө муктаж. Кылмыштын коркунучтуу эмес, жеңил жактары зыяндын көлөмүнө карата, ар кандай административдик айыптарга, коомдук же түзөтүү жумуштарына жана айып жазаларына  тартуу боюнча даярдалган КЖКнин долбоорун өндүрүшкө эртелеп  киргизүү зарылчылыгы турган.

Үчүнчүдөн демократиянын шарапаты менен өлкөдө жарандык коомдун абдан активдүүлүгү ошону менен бирге эле маалымат каражаттарындагы сөз эркиндиги, “кой аксагы менен миң”, - дегендей айрым судьялардын кемчиликтери, кээ бир учурларда чымындан төө жасап жиберген макалалар да аталган системанын коомчулуктагы жалпы  абройуна залакасын тийгизип жаткан.

Жыл сайын республикабыз боюнча сот өндүрүшүндө он миңдеген иштер каралат. 2016-жылдын алты айында райондук жана шаардык сотторго 92733 соттук иш жана материалдар түшкөн. Же болбосо бир жылда  өлкө боюнча  болжол менен  180 миңден ашык  сот иши жана материалдары каралат. Ар бир сот процессине жабырлануучу жана жоопкер тараптардан сырткары юридикалык билимдери бар тараптардын адвокаттары, мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүшкөн прокуратура органынын өкүлдөрү катышат. Албетте, акыркы чечим Кыргыз Республикасынын атынан сот тарабынан кабыл алынат.  Андыктан бул келтирилген цифралардын  ичинде канчалаган талаш-тартыштардын, канчалаган адам укуктарынын жана канчалаган  жарандардардын  тагдырлары турат.

Кыргызстандагы сот системасын бекемдөө, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу  максатында донорлордун колдоосу алдында сот тутумун реформалоо боюнча  конкреттүү иш чаралар турмушка ашырылып келет. Беш жылдык программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык “Соттордун көз карандысыздыгын бекемдөө”, “Сот системасында адам ресурстарынын  потенциалын чыңдоо”  жана “Сот системасынын ачык айкындуулугун жогорулатуу” деген  негизги үч проблемалуу маселе боюнча  ичине тиешелүү  иш чаралар топтомун  камтыган иштер  алынып барылууда.     

Укукту өнүктүрүү  боюнча эл аралык уюм (ИДЛО)нун жетекчиси Фред Хьюстон ноябрь айында “Кыргыз Туусу” газетасына берген интервьюсунда “мындай реформа аягына чыгып натыйжа бергиче дайыма аны колдоо, ошол жолдон тайбоо керек. Эгер туруктуу иш алып барбай улам көз карашты, ишти алмаштыра берсек, мындай мамиле бул системанын кадыр-баркын биротоло жок кылат. Ошондуктан каржылоону аягына чейин жеткирип, окутууну да аягына чейин чыгарыш керек. Дүйнөлүк практиканы алсак, сот системасын толугу менен реформа кылууга аз дегенде 10 жыл убакыт керек”, - дейт.

Б. Белеков,

Нарын облусттук сотунун басма сөз катчысы.

"Теңир Тоо" гезити

2017-жылдын 10-январы

№1-2 (14056-14057)

   

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00