Улан Сатаров: “Сот аткаруучулардын мүмкүнчүлүктөрү көбөйдү”

21.02.2017.

Акыркы 3-4 жыл ичинде жаңы жазылган бир топ кодекстерге президент тарабынан кол коюлду. Алардын ичинен Административдик жана Жарандык кодекстер 2017-жылдын 1-июлунан тарта ишке кирсе, Жазык, Жазык процессуалдык жана Жазык аткаруу кодекстери эки жылдан соң ишке кире турган болду. Мына ошол кодекстерди жыйынтыктай, “Аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү” мыйзам да жаңы иштелип чыкты. Биз ушул жаңы мыйзам тууралуу аны иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси, адвокат Улан Сатаровдон маалымат алдык.

- Улан мырза, адегенде ушу мыйзам тууралуу түшүнүк бере кетсеңиз?

- Аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү процессуалдык мыйзам мурда эле бар болчу. Ал соттун чечимдерин, өкүмдөрүн сот аткаруучу кантип ишке ашыруусу керектигин аныктайт. Мисалы, мүлктү конфискация кылуу, айыптарды төлөтүү сыяктуу иш-чаралар, башкача айтканда сот чечимдери ушу мыйзам менен жөнгө салынат.

- Бүгүнкү күндө Жарандык жана Административдик кодекстер боюнча чыккан сот чечимдеринин 50 пайызы аткарылбай жатканын сиздин бир кесиптешиңиз айтты эле. Ушу чынбы?

- Чындыгында алардын аткарылбай жаткандыгына себептер көп, анын ичинде эски мыйзамдын жакшы эместиги да себеп. Бирок көпчүлүк сот чечимдеринин аткарылбай жатканынын себеби, карыз болгон жарандардын көпчүлүгүнүн мүлкү жок.

- Демек, сот аткаруучулар мындан ары эффективдүү иштөөсү үчүн, жаңы мыйзамда кандай өзгөрүүлөр болду?

- Сот аткаруучулардын укуктары мурдагыдай эле калды. Жаңылыгы, айрым бир чечимдерди ал судьяга кайрылбастан өзү эле кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мисалы, сот аткаруучу мурда судьяга кайрылып, ал аркылуу гана ишти токтотууну же кайра калыбына келтирүүнү чечсе, жаңы мыйзам боюнча сот аткаруучу аткаруу документин токтотуу же аны кайра баштоону өзү эле чече турган болду.

- Бул сот аткаруучуга коррупциялык жол ачпайбы?

- Жок, бул боюнча мурдагы мыйзамдагы негиздемелер калтырылды. Сот аткаруучу сот чечимин өзү каалаганда токтотуп же кайра калыбына келтире албайт. Ал кандай учурда мындай иштерге барары мыйзамда так көрсөтүлгөн. Ошого карабастан, анын иштерине сот тарабынан көзөмөл жүргүзүү калтырылат. Ал эми сот аткаруучунун ишти токтотуп же кайра калыбына келтиргенине нааразы болгон тараптар бул маселени сотко кайрылып чечип алууга болот.

Эми кандай жаңылыктар киргенин көңүл буралы. Эски мыйзам боюнча, сот аткаруучу сот чечимин аткарууга киришүүнү-аткаруу өндүрүшүн козгойбу же жокпу, бул боюнча үч күндүн ичинде чечим кабыл алчу. Жаңы мыйзам боюнча, сот аткаруучуга аткаруу баракчасы түшкөн күндүн ичинде эле бул иш боюнча өндүрүү ишин баштайбы же андан баш тартабы, муну дароо чечет. Аткарса да, баш тартса да аны мыйзам аркылуу негиздеп бериш керек. Бул эмне себептен минтип өзгөртүлдү? Мурдагы мыйзам боюнча, сот аткаруучуга берилген үч күн аны ойлонтчу. Так маалымат жок, бирок менин байкоом боюнча, ошо үч күндүн ичинде мүлктү төлөй турган адам сот аткаруучу менен келишип алып, үч күндүн ичинде өз мүлкүнүн изин жашырып кетүүгө мүмкүндүк алчу.

- Демек, бул коррупциялык жылчык экен да?

- Балким, бирок ушундай мүмкүндүк болгонун гана белгилеп кете алам. Бул процессуалдык, бирок маанилүү жаңылык. Дагы бир жаңылык, сот аткаруучу карыз  адамга сот чечимин өз эрки менен аткаруу документин тапшырган соң, ал өзүнүн болгон мүлкү тууралуу сот аткаруучуга маалымат бериши керек. Эгерде карыз адам өз мүлкүнүн бөлүгү же кайсы бир мүлкү тууралуу жашырып же атайын айтпай коюп, бирок акыры анысы ачыкка чыгып калса, анда сот аткаруучу карыз адамды жоопкерчиликке тартуу үчүн, укук коргоо органдарына кайрылса болот. Эгер сот аткаруучуга ушунчалык мүмкүнчүлүк берилип жатса, ал аны карыз адамга каршы пайдаланышы мүмкүн деген шектенүүлөр болду. Бирок мыйзам боюнча, мындай маалыматтардын бардыгы сот аткаруучу менен карыз адамдын ортосундагы конфиденциалдык маалымат болуп эсептелет. Демек, сот аткаруучу мындай маалыматтарды үчүнчү жактарга бере албайт. Эгер карыз адам өзү эле жеке мүлкү тууралуу маалыматты сот аткаруучуга берсе, ал башка мекемелерден анын мүлкүн суроого убакыт кетирбей эле дароо ишти баштаса болот.

Дагы бир жаңылык, “кароолчу карточкалар” кирип жатат. Мисалы, сот аткаруучу карыз адамдын мүлкүнүн жоктугуна байланыштуу сот чечимин ишке ашыра албай, аны артка кайтарды дейли. Ошол эле учурда сот аткаруучу бардык каттоо органдарына карыз адамдын мүлкү боюнча “кароолчу карточкаларды” жиберет. Карыз адамда кийин үй же машина сыяктуу мүлк пайда болуп калса, тиги органдар бул тууралуу сот аткаруучуга билдирүүгө милдеттүү. Ушундай маалыматты алган сот аткаруучу баягы сот чечимин кайра аткарууга киришет.

- Сиздер жаңы мыйзамда карыз адамдардын реестрин түзүп, эгер алар чет өлкөгө чыга турган болсо ошол укугун чектөөнү киргизгениңер чынбы?

- Карыз адамдардын укугун чектөөчү бул укук эски мыйзамда деле бар эле. Бул карыз адамды сот чечимин ишке ашырууга мажбурлай турган эффективдүү механизм экенин белгилеп коюш керек. Бул жаңы мыйзамда калды, дагы жаңы норма менен толукталды. Эми жеке карыз адамдарга гана эмес, менчик формасына карабастан бардык карыз юридикалык жактардын жетекчилеринин да чет өлкөгө чыгуу укугу чектелет. Бул мыйзам Жарандык процессуалдык жана Административдик процессуалдык кодекстер менен бирге ишке кирет.

- Сот аткаруучулардын иши боюнча акыркы кезде Эстониянын тажрыйбасы өзгөчө экендиги айтылып жатат. Алар карыз адамдын банк эсебине, мүлкүнө түздөн-түз жетип, эгер эсепке акча түшсө же мүлкү сатылып же башка аракеттер болсо, сот аткаруучулар анын ээсине айтпай туруп эле ошолордон карызды алып кое алышат экен. Бизде мындай болушу мүмкүнбү?

- Чын эле эстон тажрыйбасы дүйнөдөгү алдыңкылардан болуп эсептелет. Алар жалаң эле IT-технология эмес, сот чечимдеринин аткарылышы боюнча да алдыңкы орунда. Эстониялык сот аткаруучулардын бардык маалыматтар базасына колу жетет, анын ичинде банк эсептери да бар. Эстонияда сот чечимдерин жүзөгө ашырууну жеке сот аткаруучулар ишке ашыргандыктан, алар өз пайызын да алышат. Тилекке каршы, бизде ушундай укукту киргизүүгө мүмкүндүк берилген жок. Мында банк лоббиси өз ролун ойногонун айтып коюшум керек. Албетте, бүгүн деле сот аткаруучу мындай маалыматты ала алат, бирок аны алыш үчүн анын колунда кошумча сот актысы болуш керек.

- Карапайым адамдар сот аткаруучунун тузагына түшүп калбас үчүн эмне кеңеш айтаар элеңиз?

- Биринчиден, ар бир адам кандайдыр бир укуктук-жарандык милдеттенмени мойнуна алганда, аны аткарганды унутпаш керек. Эгер сиз кредит алсаңыз, аны келишимде көрсөтүлгөн убакта кайрып бергениңиз туура. Кредитти кайтарып бербесеңиз, сизге сот аткаруучусу келерин эстен чыгарбаңыз.

Аскер САКЫБАЕВА

Фабула пресс” гезити

2017-жылдын 17-февралы

№12 (135)

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00