Феруза Джамашева: «Кыргыз элимдин жана мамлекетимдин алдында жоопкерчилигим чоӊ»

02.10.2014.

- Феруза Зулумбековна, бүгүнкү күндө сот системасында эн орчундуу маселе кайсы деп билесиз?

- Бүгүнкү күндө биздин сот системабызда орчундуу маселелер көп.  Бул сот ситемасынын каржылоо маселеси, соттун начар абалдагы имараттары, судьялардын коопсуздугун камсыздандыруу, мыйзамдарды жакшыртуу  жана башка көптөгөн маселелер. Өзгөчө белгилеп кетсем, азыркы мезгилде судьяларды тандоо процесси бир жылдан ашык иштебей токтотулуп турушунан улам, судьянын бош кызмат орундарынын саны көбөйүп, судьялардын иштерди кароо боюнча  жүктөмү көбөйүп кетүүдө. Анын кесепетинен соттук актылардын сапаты да начарлаганы байкалып турат. Мисал келтирсек, кээ бир жергиликтүү соттор, айрыкча Бишкек шаарындагы соттордо судьянын иштерди кароо боюнча саны 70 ишке чейин жетип калат, ал эми судьянын бекитилген жүктөмү бир айда 20 иштен  ашпаш керек. Ушул жана башка маселелер бүгүнкү күндө чоӊ мааниге ээ.



- Азыркы демократиялуу өлкөдө сот системасы толугу менен көз карандысыз деп айта аласызбы?

- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана азыркы колдонуп жаткан мыйзамдарга ылайык, судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет деп көрсөтүлгөн. Азыркы мезгилде биздин сот системабыз толук көз карандысыз деп айтууга кыйын, тилекке каршы биз ар жактан көз карандыбыз. Биринчиден сот ситемасы материалдык жактан Өкмөткө көз каранды. Мыйзам боюнча сот бийлиги өзүнүн бюджетин Соттор кеӊеши аркылуу түзүп, Өкмөттүн кароосуна жиберет жана ал бюджет өзгөртүүсүз Жогорку Кеӊешке бекитүүгө тийиш. Эгерде өзгөрүүлөр болгон учурда, анда жүйөлүү негиздер болуш керек. Бирок иш жүзүндө мыйзамдын бул талаптары аткарылбайт, Каржы министрлиги биздин бюджетибизге өзгөртүүлөрдү киргизип, ал эми Жогорку Кеӊеш болсо аны бекитет. Мындан тышкары судьяларга иштерди кароо боюнча да ар кандай басымдык көрсөтүлүп, бул жактан да биз тийиштүү түрдө корголгон эмеспиз. Өзүӊөргө белгилүү болгондой, кээ бир резонанстык иштер боюнча тараптардын санаалаштары ишти өздөрүнүн пайдасына чечүү үчүн митингдерди өткөзүп, жолдорду бууп, жана башка мыйзамсыз иштерди уюштурушат. Сиздерге маалымат катары айтып кетсем, жакынкы мезгилде Жогорку Кеӊеш тарабынан “Сот тутумунун 2014-2017-жылдарга карата өнүгүүсү” жөнүндөгү мамлекеттик максаттуу программасы бекитилген. Программада сот адилеттигинин ачыктыгын, тунуктугун камсыздандыруу, коомчулуктун сотторго карата  ишеничин, соттук иштердин кароосунун сапатын жогорулатуу, судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылуу, сот актылардын аткарылышын күчөтүү боюнча коплекстүү маселелерди чечүү жолдору каралган. Мен ойлойм, бул нормалар ишке ашырылса, сот системасы көз карандысыздыгына жана башка чоӊ ийгиликтерге жетишет.

Учурда соттордун адилетсиздигине нааразы болгондор аз эмес. Соттор адилеттүү иштеши үчүн эмне кылуу керек?

-  Элдин сотко болгон ишенимин жогорулатуу максатына жетүү биринчиден судьялардын жогорку кесипкөйлүгүн, принципиалдуулугун, мыйзамдарды аткаруусун жана судьялардын так жарандык көз карашын талап кылат. Ошону менен эле бирге, мен жалаң соттор күнөөлүү дегенден алысмын. Анткени, биздин жумуштун эӊ негизги максаты - бул сот актыларын чыгаруу, ал эми сот процессинде дайыма бир тарап утуп, бир тарабы утулуп калышат, ошондуктан утулуп калган тараптан дайыма сотторго нааразылычылыктар айтылып турат. Мындай нааразычылыктар көпчүлүк убакытта туура эмес жана негизсиз.

Тергөөнүн сапаты да абдан начар экендигин белгилеп кетким келет, көз көрүнө болгон кылмыштарда тийиштүү далилдер жок болсо, көп учурда соттун жыйынтыгы айыптоочунун позициясы менен карама-каршы болуп калат. Кылмышка шектелгендердин кээ бирлери ооруп, кээлери далилдери жетишпей калышы мүмкүн, ошонун баарын карап, анан сот өз чечимин чыгарат.

- Ушул тапта Нарын эли сотторго нааразы болуп, Нариман Тулеевди түрмөдөн чыгарып берүүсүн талап кылууда. Ал эми сот Түлеевдин ишин кароону кечеӊдетип жаткандай, ушул туурасында эмне айта аласыз?

- Жогоруда айтып кеткендей, бул жагдай сот системасынын көз карандысыздыгына түздөн түз басымдык деп эсептейм. Ленин  райондук соту Н.Тулеевге жана башкаларга козголгон жазык ишин өз учурунда карап, айыптоо өкүмүн чыгарган. Ал өкүм менен макул болбой, соттолуучулар апелляциялык даттануу келтиришип, азыркы учурда Н.Тулеевдин иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат. Иштин кароосу соттолуучулардын, жактоочулардын, жабырлануучулардын ооруп калдым, иш менен тааныша элекмин жана башка шылтоолордун негизинде бир нече жолу азыркы күнгө чейин жылдырылып келет. Мыйзам боюнча сотко иштин кароо күнүн башка күнгө жылдырып берүү жөнүндө өтүнүч келтирсе, же тараптардын бирөөсү келбей калса, анда  сот отурумду башка күнгө жылдырууга тийиш. Жогорку Соттун төрагасынын жергиликтүү соттордогу каралып жаткан иштерге кийлигишүүсүнө тыюу салынат, андыктан мен бул иш боюнча комментарий берсем туура эмес болуп калат. Эгерде ишке катышкан жактар соттун чыгарылган өкүмү менен макул болбосо, анда алар мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттө Жогорку Сотко көзөмөл тартипте даттанууга укуктуу жана ошол учурда соттун коллегиясы өзүнүн укуктук баасын берет деп ойлойм.

-   Азыркы тапта жеке өзүӊүз Жогорку Соттун төрайымы катары эмне маселе менен алексиз?

-  Мен соттун төрагасына жүктөлгөн күнүмдүк иштерди аткарып жатам, Жогорку Сотко келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды карайм, аларга жооп берем, жарандарды кабыл алам, сотко түшкөн иштерди судьяларга бөлүштүрүп иштин кароо күндөрүн дайындайм. Жогорку Соттун бюджети боюнча, сот реформасына багытталган иштерди аткарып жатабыз. Мындан тышкары алдыда 2014-жылдын 9-10-октябрында Бишкек шаарында Экономика алкагындагы иштер боюнча талаш-тартыштарды чечүүчү жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка соттордун төрагалар кеңешинин он биринчи отурумуна даярдык көрүп жатабыз, жылдын аягында Жогорку Соттун 90 жылдык маарекеси да өткөрүлөт, ага да тийиштүү аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Иштер абдан көп.


Соттун төрайымы болуу өтө татаал иш экенин билебиз. Кээде жумуштан чарчап, “тойдум байдын кызына” деп, баарын таштап басып кеткиӊиз келеби?

- Мындай учурлар болот, жумуштун көптүгүнөн үйгө чарчап келем, үйдөгү иштерди жасаганга убакытым деле калбайт. Бирок жооптуу кызматта иштеп жаткандыктан, кыргыз элимдин жана мамлекетимдин алдында жоопкерчилигим чоӊ экенин дайыма сезип, жүктөлгөн жумушумду тийиштүү аткарганга аракеттенем.

 

 Бурул МУСАБЕКОВА
 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00