Франциядан келген судья Мари-Каролин Селейрон-Буйенин интервьюсу

14.12.2016.

Укукту билсең балаңдан айрылбайсың

Өткөн жумада Бишкекте жергиликтүү судьялар үчүн кызыктуу тренинг болуп өттү. Тренингди Франциядан келген судья Мари-Каролин Селейрон-Буйе жана Грециядан келген адвокат Апостолос Антимос, адвокат Наталья Аленкина жана Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Горшковская өткөзүштү. Учурда кыргыз кыздары чет элдиктерге турмушка чыккан же кыргыз жигит башка өлкөдөн келинчек алып келген жагдайларга эч ким деле таң калбайт. Бирок мындай мамиленин укуктук жагы кандайча жөнгө салынат? Аталган тренингде негизинен ушундай суроолор каралды. Биз Мари-Каролин Селейрон-Буйе менен кыскача маек курдук.

- Мари-Каролин айым, Кыргызстанда судьяларга кандай тажрыйбаңыздан бөлүштүңүз?

- Мен судьямын, ошол эле учурда Париждеги аппеляциялык соттун кеңешчисимин. Биякка Европа биримдигинин “Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоорунун чакыруусу менен келдим. Бул долбоорго Франциянын Юстиция министрлигинин алдындагы эл аралык укук боюнча агенттиктин да көмөгү бар. Менин алдымдагы милдет - судьялар үчүн тренерлерди даярдоо боюнча тажрыйба менен бөлүшүү.

Өзүмдүн судья катары негизги ишимден тышкары кесиптештеримди окутууга да катышам. Менин ушундай тажрыйбамды эске алып, биякка чакырышкан. Кыргызстандык судьяларды окутууга жардам берип жатам. Кыргызстандагы соттук тармакта пайда болгон коллизиялар, эл аралык жеке укук боюнча кандай жаңылыктар бар экенин чогуу талдап,  билип жатабыз. Анткени дүйнөнүн чар тарабы ачылды, бардык маселелерди биргелешип чечишибиз керек.

- Бул жерде жалаң окутуу тууралуу сөз болуп жатат. Судья мисалы, жогорку окуу жайын окуп бүттү, белгилүү бир билимге ээ болду. Ошондон кийин сиздер аны кайра эмнеге окутасыздар?

- Сиз туура айтасыз, судья болууга окуганда кандайдыр бир теоретикалык аспектилерди үйрөнөсүң. Бирок иш жүзүндө алган билимиң жетишсиз экенин түшүнөсүң. Иш учурунда окуудагыдай эмес, башка проблемаларга туш болосуң, ошолорду чечүүгө туура келет. Ошон үчүн Францияда судьялардын квалификациясын көтөрүү, алган билимди дагы өркүндөтүү курстары иштейт. Ар бир француз судьясы жыл сайын өз кесибин жогорулатуу үчүн окуп турушу керек. Анткени окуу деген башка, ал эми практика деген таптакыр башка нерсе. Мыйзамдарды билүү жакшы, бирок аларды иш жүзүндө кандай пайдалануу керек экендигин да билүү зарыл.

- Сиз  кыргызстандык судьялар менен пикир алышкандан кийин алардагы кандай проблемаларды байкадыңыз?

- Албетте, үч күн ичинде көп нерсе көрө албайсың. Бирок менин байкашымча, кыргызстандык судьялар абдан компетенттүү, бардыгы окуп үйрөнүүгө дилгир. Алар биздикиндей эле проблемаларга тушугат экен. Судьялар эки тарап тең ыраазы болгудай чечим чыгарууга аракет кылышат. Бул маселе бизде деле, биякта деле ушундай экен.

- Сиз жеке өзүңүз конкреттүү кандай тажрыйбаны бере алдыңыз?

- Кеп менин жеке тажрыйбам тууралуу болгон жок. Анткени тренингдин максаты - эл аралык жеке укуктун аспектисиндеги тажрыйба менен бөлүшүү. Эл аралык жеке укук негизи ар кайсы өлкөлөрдүн, ар кандай улуттагы адамдардын жеке укуктарына тиешелүү маселе. Албетте, мыйзам базаларын билүү жакшы, бирок ар кандай аспектилер да бар экенин билиш керек. Судья чыгарган чечимде эмне үчүн ушу мыйзам колдонулду, себеби эмнеде деген суроолорго жооп болуш керек.

Кечээ Гаага конвенциясы тууралуу кеп кылдык. Мисалы, балдардын укугу боюнча. Мындай мисал айтылды, Кыргызстандын жараны АКШнын Бишкектеги эл аралык уюмда иштеген жаранына турмушка чыккан. Алар балалуу болушкан. Бала АКШ жарандыгын алган. Бирок алар урушуп кетишкен. Ошондо баланын атасы апасына айтпай туруп, баланы алып Америкага кетип калган. Мындайда Кыргызстандын жараны кимге кайрылыш керек? Бул жерде ушундай коллизия жаралды. Адамдар мындай учурда Кыргызстандын сотуна кайрылыш керекпи же Американын сотуна кайрылуусу керекпи? Кыргызстандын судьялары кабыл алган чечим Америкада аткарылабы же кандай? Биз аралаш нике болгон бир учурду судьялык практикабызда карадык. Американын жана Кыргызстандын жарандарынын никесинен жаралган бала жүз пайыз Кыргызстандын да, жүз пайыз Американын да жараны, анткени ал ата-энесинен бардык нерсени жүз пайыз алды да. Мындайда баланын укугу биринчи орунга чыгып, ошол корголгону маанилүү. Биз судьялар, бала эки өлкөдө тең өзүн эркин сезе турган шартка алып келишибиз керек. Бала атасы менен да, энеси менен да эркин жолугуп турушу зарыл.

Ошентип, үч күндүк тренингдин негизги максаты - кыргызстандык судьялар жергиликтүү мыйзамдарды эле эмес, эл аралык укукту да билүүсү зарыл экендигин жеткирүү болду.

Зыйнат АДАМКУЛОВА

"Кыргыз Туусу" гезити

2016-жылдын 9-декабры

№97 (24090)

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00