Фред Хьюстон: “Сот реформасы 5-10 жылда натыйжа бериши мүмкүн”

30.11.2016.

2012-жылдан тарта Кыргызстанда сот системасына реформа жасоого шарттар түзүлүп жатат. Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, Президенттин жарлыгы менен “2014-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасы кабыл алынган. Аны иштеп чыгууга тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен бирге эл аралык уюмдар да катышкан. Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм (ИДЛО) мамлекеттик максаттуу программаны түзүүгө, анын ишке ашуусуна чоң көмөк көрсөтүп келатат. Биз ушул уюмдун жетекчиси Фред Хьюстон менен жасалып жаткан иштер тууралуу баарлаштык.

 

- Фред мырза, сот системасын реформалоодо ишти эмнеден баштадыңыздар?

- Көп эле иштер жасалды. Мисалы, 2011-жылдан тарта Кыргызстандагы сот системасынын лидерлери менен биргелешип, Мамлекеттик максаттуу программаны иштеп чыктык, ал эң негизги үч бөлүктөн турат.


Биринчи бөлүк - сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздоо, ал үчүн финансы маселесин чечүү. Маянасы төмөн, өзү корголбогон судьядан көз каранды эмес сот чечимин кантип күтүүгө болот? Биздин көздөгөнүбүз - сот тармагына бөлүнө турган бюджеттик каражатты ушу максаттуу программага байлоо.

 
Экинчи бөлүк - жаңы же кайра шайланган судьялардын бардыгын окутуу.


Үчүнчү бөлүк - ачыктыкка жетишүү, электрондук сотторду түзүү, коррупцияны азайтуу. Бул үчүн мамлекеттин бардык бийлик бутактарынан атайын жумушчу топ түзүлүп, чогуу иштедик. Биздин үч жылдык ишибиздин натыйжасында Мамлекеттик максаттуу программа кабыл алынды. Бул сот тармагын каржылоону радикалдуу өзгөрттү десек болот.

- Радикалдуу өзгөрдү деп айткыдай көрүнүш байкалбайт го?

- Буга чейин сот системасына мамлекеттик бюджеттин 0,40 пайызы бөлүнчү. Аталган программа кабыл алынгандан кийин каржылоо эки эсе көбөйдү. Азыркы тапта сот тармагын каржылоо өлкөнүн жалпы бюджетинин 0,8 пайызын түзөт. Жыл сайын мамлекеттин бюджети да өсүүдө, демек, сот тармагынын бюджети да жылыга өсүп жатат. Негизги максат - сот тармагына мамлекет бюджетинин 2 пайызы бөлүнүшүнө жетишүү.

- Мамлекеттик максаттуу программада дагы кандай жаңылыктар бар?

- Анда сот арачыларын киргизүү каралган. Ал процесске катышып жаткан бардык тараптарды коргойт. Быйылкы жылы сот арачылары тууралуу мыйзам кабыл алынып, ал ишке кирген. Ушу тапта Сот департаментинде кошумча башкармалык түзүлүп, азыр 220-250 сот арачыларын ишке алуу жүрүп жатат. Быйылкы жылдын аягына чейин бул иштер бүтсө, 2017-жылдан тарта алар сот органдарында иштеп калышат. Кыргызстанда 72 сот органы бар. Ар бир сот органынын көлөмүнө жараша бирден бешке чейинки сот арачылары соттордо иштешет.

- Кийинки жылдын аягы менен мамлекеттик максаттуу программа аяктайт экен. Ошону менен бул тармакта иштөөнү токтотосуздарбы?

- Жок, азыр жумушчу топ максаттуу программанын экинчи бөлүгүн, тагыраак айтканда 2018-2022-жылдарга карата Мамлекеттик максаттуу программаны жазып баштады. Дагы белгилей турган нерсе, мамлекеттик максаттуу программанын ишке аша баштаганынын натыйжасында сот органдарынын алдында басма сөз катчылары иштей баштады.

- Бул журналисттерге байкалып жатат. Анткени акыркы кезде сот органдары ачык болуп, коомчулук менен иштешүү жакшыра баштаганын көрүп жатабыз. Сот тармагынын бардык жаңылыктары коомчулукка тез жетүүдө.

- Негизи сот тармагынын финансы маселесин эле чечүү менен иш бүтпөйт. Биз Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин калыптанышына салым кошо алдык. Анткени сот натыйжалуу иштеши үчүн, ал жалпы стандарттарды түшүнүп, бардык мыйзамдар менен иштегенди билүүсү керек. Ошолорго биз сотторду окутуп жатабыз.

- Сиз жогоруда электрондук соттор тууралуу айттыңыз. Ушуга кеңири токтолсоңуз?

- Мамлекеттик максаттуу программанын үчүнчү бөлүгү - бул ачыктыкка жетишүү, коррупцияны азайтууга арналган. Бул жакта негизги көңүл электрондук сотторду уюштурууга бурулган. Сот чечимдери ачык жарыяланып, башка соттор да аларды көрүп тургудай шартка жетиш керек. Биз Жогорку сот менен иштешип, ар бир сот чыгарган чечимин өз эрки менен жарыялай тургандай кылып, анүчүн атайын программа менен камсыздаганбыз. Акыркы беш жыл ичинде 70тен ашык соттун ичинен 50сү www.sot.kg веб-порталына чечимдерди жайгаштыруу үчүн атайын программа, жабдуу менен камсыз болгон. Ага маалыматты жайгаштыруунун коопсуздугу каралган. Бүгүнкү күндө 46 сот мекемеси интернетке кошулган.

- Фред мырза, сиз көп убакыттан бери Кыргызстанда сот реформасын ишке ашыруу үстүндө иштеп жаткан экенсиз. Азыр ошо реформа кайсы деңгээлге келди деп ойлойсуз?

- Кыргызстанда азыр абдан чоң өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Биз жогоруда сот системасын каржылоо жакшырып калды деп айтып жатпайбызбы. Бирок чындыгын айтсак, азыркы каржылоо да аябай эле жетишсиз. Сот тармагын каржылоону мамлекет өз чөнтөгүнөн чыгарып, аны туруктуу кылуусу - бул башкы принцип. Жалпы бюджеттин 2 пайызынын сот тармагына бөлүнүшү үчүн дагы көп аракет, убакыт керек. Ага жеткиче Кыргызстанда жакшы сот системасы болот деп айтыш - бул жөн эле кыял. Дүйнөлүк практиканы алсак, сот системасын толугу менен реформа кылууга аз дегенде 10 жыл убакыт керек. Каржылоо маселеси чечилсе эле баары оңолот деп ойлосок, бул жаңылыштык болмок. Сот системасынын ичиндеги жоопкерчиликти жогорулатуу да чоң маселе. Албетте, соттор аткаруу бийлигине, мыйзам чыгаруу бийлигине же кайсы бир байга көз каранды болбос үчүн ал финансылык жактан көз карандысыз болуп, өздөрү корголуп турушу керек. Судьялар өз коопсуздугуна ишенбесе, кантип алардан көз каранды эмес чечим күтүүгө болот? Бирок азыр мындай абал акырындап жакшы жагына өзгөрүп баратат. Ошон үчүн реформа жасоодо кайсы деңгээлге келип калды деген суроого мен көп эле алдыга кеттик, бирок жете турган жерибизге дагы көп бар деп айтам. Мындай реформа аягына чыгып натыйжа бергиче дайыма аны колдоо, ошол жолдон тайбоо керек. Эгер туруктуу иш алып барбай улам көз карашты, ишти алмаштыра берсек, мындай мамиле бул системанын кадыр-баркын биротоло жок кылат. Ошондуктан каржылоону аягына чейин жеткирип, окутууну да аягына чейин чыгарыш керек. Азыр карап көрсөңүз, соттук курамдын 70 пайызы жаңы шайланган адамдар. Бул процесс акыркы үч жылдан бери тынымсыз жүрүп жатат. Дүйнөлүк практикадан алганда да бул уникалдуу көрүнүш, анткени судьялардын 70 пайызы жаңы же кайра шайланганы башка өлкөлөрдө сейрек кездешет. Жаңы шайланган судьялар өз кызматына көнүп, тажрыйбалуу болушу үчүн да бир топ убакыт керек. Алар буга чейин судья болуп иштеп көргөн эмес. Жергиликтүү соттордун көп төрагалары жакында эле 4 жумалык милдеттүү окууну аякташты. Алдыда мындай далай окуулар турат. Алар жөн гана мыйзамдарды кантип пайдалануу керектигин билүүсү үчүн эле бир топ убакыт керек.

- Деги эле жакшы судья болуш үчүн эмнелер зарыл?

- Жакшы судья болуш үчүн мыйзамдарды билүү аздык кылат, ал үчүн көп тажрыйба керек. Каржылоо, билим, тажрыйба - мына ушул үч нерсе чогуу болуп, туруктуу иш болгондо гана убакыттын өтүшү менен соттордон кайтарымды күтүүгө болот. Мындай кайтарым эң аз дегенде 5 жылдан кийин гана болушу мүмкүн. Судьялардын чечимдери ачык жарыялана баштаса, алар бири-бириникин көрүп, жардам берип турушмак. Алардын чечимдерин юрист-студенттер, окумуштуулар, эксперттер изилдеп, аларга баа бере алмак. Судьялар чечимдерин жарыялай баштагандан тарта коомчулуктун урматтоосуна да татышы мүмкүн. Азыр ушу процесс чындап иштеп кете алабы же жокпу, ушундан көп нерсе көз каранды.

"Кыргыз Туусу" гезити

2016-жылдын 25-ноябры

№93 (24086)

 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00