Электрондук сот адилеттиги – эртеңки күн

03.05.2017.

Эл аралык донорлор Кыргызстанда сот реформасын ишке ашыруу үчүн көп эле жардам беришүүдө. Коомчулук алардын эмне кылып жатканы, дегеле бул долбоорлордун канчалык пайдасы бар экендиги тууралуу кабары барбы? Мына ушундай долбоордун бири Европа биримдигинин Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө долбоору. Анын эксперти Кристоф Копецки сотторду башкаруу жана электрондук сот адилеттигине жетишүү боюнча бир топтон бери иштеп жатыптыр.

Толугураак

Кристоф, сот мекемесин башкаруу үчүн өзгөчө жөндөм керекпи?

- Сот мекемесин жетектөөгө персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, сот имаратынын коопсуздугун камсыз кылуу жана ага кайрылган жарандар менен мамиле түзүү кирет. Биринчи кайрылган адам үчүн ушул иштер кандай жолго коюлганы чоң таасир калтырат.

- Сиз кандай конкреттүү маселенин үстүндө иштеп жатасыз?

- Биз азыр соттордун төрагалары үчүн атайын окуу курсунун үстүндө иштеп жатабыз. Анткени бардык жакшы же жаман иштерге соттун төрагасы жооп берет. Биз Кыргызстандын аймактарын кыдырганда айрымдар мындай иштерден түшүнүгү жок экенин көрсөтүштү. Анан калса, Кыргызстанда ар бир үч жыл сайын соттун төрагасы жаңы дайындалып турат. Башкарууну үйрөнүп аны иш жүзүндө пайдалана билүү үчүн бул убакыт абдан аз. Мен мисалы, Австриядан болом. Австрияда жана Германияда соттун төрагасы болуп дайындалган адам жашы өтүп кеткиче ошол кызматта кала берет.

 Биз сот адилеттигинин Жогорку мектеби менен бирдикте атайын курсту иштеп чыксак, кийин ал куррикулум катары ал мектепте окутула бермекчи.

- Эми электрондук сот адилеттиги деген эмне?

- Электрондук сот адилеттиги компьютер, интернет  аркылуу ишке аша турган иштер. Биздин алдыдагы максат- сот өндүрүшү үчүн атайын компьютердик программаны иштеп чыгуу. Бул автоматташтырылган информациялык система (АИС) деп аталат. Бул система аркылуу соттук процесстердин өтүшүн, кайсы бир маалыматты издөө, статистикалык маалыматтар, документтердин айланышын жөнгө салууга болот. Азыр документ издөө, статистикалык маалыматтарды жыйноо кол менен жасалгандыктан, аны жасоо абдан оор бойдон калууда. Мисалы, ар бир кварталда сот канцеляриясы эшигин жаап алып, статистикалык маалыматтардын үстүндө иштешет. Анткени алар андай маалыматтарды сот департаментине жиберип туруусу керек. Келечекте, сиз мисалы бир эле кнопканы басып койсоңуз, керектүү статистикалык маалыматтар бир жерге чогулуп калат. Ошон үчүн биздин милдет-ушуларды аткара турган программаны иштеп чыгып, 3-4 сотто пилоттук долбоор катары буларды ишке киргизебиз. Биринчи пилоттук долбоорду Аламүдүн райондук сотуна киргиздик, азыр Свердлов райондук сотуна да киргизип жатабыз. Үчүнчүсү, Бишкек шаардык райондор аралык сотуна да киргизилет. Ушинтип биринчи инстанциядагы соттордун бардык талаптарына туура келе турган программаны киргизсек, экинчи этапта экинчи инстанциядагы соттордун ишине ылайыкталган программа иштелип чыгат.

Ушу жылдын аягына чейин ошо программаны иштеп чыгып, үч сотто пилоттук иш катары иштей баштайт. Биз бул үчүн программа жасай турган жергиликтүү компанияны тандадык.

Ошондой эле ДАТА-борбор же борборлоштурулган маалыматтарды иштеп чыга турган борборду да каржылайбыз. Азыркы учурда бир чечимди кабыл алсаң, аны башкаларга жеткирүү да бирдей болуш керек. Ал чечим ушул ДАТА-борбор аркылуу тарайт. Судьялар коопсуз интернет каналы аркылуу борбордо жайгашкан ушул ДАТА-борборго кошулушат. Бул жерде коопсуздук өтө жогору деңгээлде корголуш керек, анткени мында бардык маалыматтар сакталат. Заманбап технологияларды колдонуу ушундай мүмкүндүктөрдү ачып жатат. Биз ушундай иштер боюнча Адилет сот мамлекеттик мекемеси менен тыгыз иштешип жатабыз. Адилет сот азыр атайын программаны иштеп жаткан жергиликтүү компания менен иштешип, кийин алар бардык эксплуатацияны өз колдоруна алышып, пайда болгон мүчүлүштүктөрдү четтетип, жаңы пайда болгон технологияларды киргизип турушат.

Биз программаны иштеп чыгууну лицензиясы жок, ачык код аркылуу иштей тургандай кылып жасап жатабыз. Башкача айтканда программалык камсыздоо үчүн лицензия сатылып алынбайт жана баары мыйзамдуу. Эгер биз Майкрософттун же дагы башка фирманын лицензиясын сатып алуу менен гана иш алып бара турган болсок, буга абдан чоң каражат кетет. Долбоордун башында бул маселе чечилип, ушул жол менен кетүүгө токтогонбуз. Мисалы, Австрияда мындай иштер Майкрософттун лицензиясы аркылуу гана ишке ашат, бул абдан кымбат. Азыр Европада да ушул боюнча талаш-тартыш жүрүп жатат. Анткени бардык иштерди жүргүзүү бир америкалык концерндин чечимине көз каранды болуп жатпайбы.

  Аскер Сакыбаева

 “Фабула пресс”, “Ачык саясат plus” гезиттери

2017-жылдын 28-апрели

№31 (154), №16 (262)

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00