“Максатыбыз – сот адилеттигин камсыз кылуу” | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

“Максатыбыз – сот адилеттигин камсыз кылуу”

24.10.2016.

Сокулук райондук сотунун төрагасы Күмүшбек ЖООМАРТОВ:

“Максатыбыз – сот адилеттигин камсыз кылуу”

Жоомартов Күмүшбек Рысбекович Чүй облусунун Москва районунун Беш-Көрүк айылында 1965-жылдын 4-апрелинде төрөлгөн. КМУУну бүтүргөн соң 1994-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында эмгектенип, 2000-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. 2002-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 29-декабрындагы Жарлыгы менен Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун төрагасы болуп дайындалган. Аталган кызматта 2015-жылдын 2-декабрына чейин иштеп, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-январындагы Жарлыгы менен ошол эле сотко судья болуп дайындалган соң Сокулук райондук сотунун төрагалыгына кайра шайланып, азыркы учурда аталган кызматты абийирдүү аркалоодо. Сот системасында иштеген жылдары кесипкөйлүк жагынан жогорку деңгээлге жеткен жана уюштуруучулук жөндөмү мыкты адис катары белгилүү болгон К.Жоомартов өзүн элге жакшы жагынан таанытып, чынчыл, абийирдүү, илбериңки, аракетчил, адамгерчиликтүү, маданияттуу, калыс кызматкер катары көрсөткөн.

Ал материалдык жана процессуалдык мыйзамдардын нормаларын бирдей деңгээлде жакшы билет жана практика жүзүндө аларды шайкеш пайдаланат. Өзүнө тапшырылган сот иштерин өз мөөнөтүнөн кечиктирбестен жана квалификациялык чеберчилик менен чече алат. Өзүнүн профессионалдык деңгээлин улам жогорулатуунун үстүндө такай иштеп, эмгекчилдик жана изденгич сапаттарды өзүнө адат кылган. Сот иштеринин баары адам тагдыры менен тыгыз байланышта болгондуктан, ар бир сот ишин өтө кылдаттык менен кунт коюп карап чыгып, "жети өлчөп бир кесүүдөн кийин" гана эң адилеттүү чечимди чыгарууга өзгөчө көңүл бурат. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Кыргыз Республикасынын сот системасына сиңирген көп жылдык чынчыл жана жемиштүү мээнети үчүн нечендеген жолу ардак грамоталар жана төш белгилер менен сыйланган.

- Күмүшбек Рысбекович, сиз төрагалык кылган ушул райондук сот органы тууралуу азын-оолак маалымат бере өтсөк?

- Жакшы болот. Сокулук райондук сотунда азыркы учурда 7-8 судья, ал эми сот аппаратында 25 кызматчы эмгектенет. 2015-жылы аталган соттун судьялары тарабынан 6427 соттук иштер каралды, алардын ичинен 2694ү жарандык, 1413ү административдик иштер; кылмыш-жаза иштер боюнча 1098 соттук материал, ошондой эле жарандык иштер боюнча 224 соттук материал каралды.

-Сиздерге түшкөн доо арыздар негизинен кылмыштын кайсыл түрүнө көбүрөөк тиешелүү болууда?

- Биздин райондук соттун кароосуна негизинен жарандык иштер көбүрөөк түшүүдө, алардын да олуттуу көпчүлүгү - никеден ажыратууну суранган, жер талаш маселелери жана карызды өндүрүп берүүнү талап кылган ж.б. иштер. Мисалга алсак, 2015-жылы Сокулук райондук сотунун кароосуна 3576 доо арыз түшкөн. Алардын баары биздин сотто толук каралып, чечим чыгарылып, ошол эле учурда анын натыйжасында мамлекеттик казынага киреше түрүндө 6 633 832 сом мамлекеттик пошлина төлөттүрүлдү.

- Ал эми быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы кандай болууда?

- 2016-жылдын тогуз айы ичинде Сокулук райондук судьялары тарабынан 5163 соттук иш каралды. Алардын ичинен 481и кылмыштык, 2492 жарандык, 1006 административдик иштер. Санкцияларды да кошкондо кылмыштык иштер боюнча 694 соттук материал, жарандык иштер боюнча 172 соттук материал каралды.

Демек, сотторго кыйла эле оор болуп жаткан экен?

- Ошондой болууда десек эч жаңылышпайбыз. Орточо эсеп менен алганда бизде күн сайын кылмыштык, жарандык, административдик иштер болуп жалпысынан 20-25 иш жана алардан башка дагы көптөгөн соттук материалдар каралууда. Административдик материалдарды жана санкцияларды кароо үчүн дем алыш күндөрү да судьялардын нөөмөттө такай туруусу уюштурулган. Райондук сотко тынымсыз келип түшүп жаткан иштердин санын жана аларды кароонун судьяларга түшкөн жүктүүлүгүн эске алуу менен жана каралып жаткан иштердин сапаттуулугун камсыздоо максатында, ошондой эле соттук иштердин каралуу мөөнөтүн бузбоо ниетинде райондук судьялардын штаттык санын көбөйтүүнү суранган сунушкат менен биз жогорку инстанцияларга да кат жолдогонбуз. Эгерде аталган маселе оң жагына чечилип калса, анда судьяларга жүктөлгөн жоопкерчиликтин ашыкча салмагы аз да болсо азаймак жана ал жагдай өз кезегинде соттук иштердин сапаттуу каралуусуна да сөзсүз түрдө таасирин тийгизмек.

- Маегиңизге чоң ыракмат. Ишиңизге ийгилик!

Садык ГАВАЙ

«Кыргыз Туусу» гезити

2016-жылдын 14-октябры

№81 (24074)

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00