“Мыйзамдуулукту бекем сактап, адилет болууга умтулам”

26.10.2016.

Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун төрайымы Аида СЕЙДАКМАТОВА:

“Мыйзамдуулукту бекем сактап, адилет болууга умтулам”

- Айтыңызчы, Аида Асанбековна, Сиз бул сот системасында канча жылдан бери иштейсиз? Райондук соттун төрайымдыгына келээрде бир топ электен өтсөңүз керек?

- Сот системасында эмгектенип келе жатканыма 25 жылдан ашык убакыт болду. 1996-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөм. Эмгек жолумду Бишкек шаардык сотунда курьер, соттук отурумдун катчылыгынан баштагам. Бул кызматты тандаганыма эч өкүнбөйм, себеби менин кесибим адам тагдырына тыгыз байланышкан кесип, андыктан өтө кылдаттыкты, мыйзамдуулукту бекем сактоону, адилеттүүлүктү талап кылат. Чыгарган чечимиңдеги бир үтүрүң туура эмес коюлса, ал адамдын бүткүл өмүрүнө зыян келет же кийин-кезең элине ак кызмат өтөгөн адамга жол ачат. Экинчиден, коомдогу ар кандай кара ниет, адам өмүрүнө, мамлекетке зыян келтиргендерден тазалай турган кесип. Андыктан, мен тандаган кесибим менен сыймыктанам, ар дайым мыйзамдуулукту бекем кармоого, адилет болууга аракеттенем.

- Сиз жетектеген сотто да коомчулук арасында чоң кызыгууну жараткан бир топ кылмыш иштери каралса керек. Ошолордун айрымдары тууралуу учкай айта кетсеңиз?

- Ооба, коомчулуктун кызыгуусун жараткан бир топ кылмыш иштери бар. Мисалы, жакында эле каралып бүткөн иштердин бири - 2008 - 2010-жылдары Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеген А.Филатовдун үстүнөн иш козголуп, Бишкек шаарындагы жер тилкелерин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз бергендиги үчүн ал 22 жылга эркинен ажыратылып, үй мүлкү конфискацияланган.

- Соттордун көз карандысыздыгы жөнүндө да ой бөлүшсөңүз? Тагыраак айтканда, сот тутумун өнүктүрүү боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат?

- Азыркы учурда мамлекет тарабынан көп аракеттер көрүлүп, 2014-жылы июнь айында «Сот тутумунун 2014 - 2017-жылдарга карата өнүгүүсү» жөнүндөгү мамлекеттик максаттуу программасы кабыл алынган. Ал программаны аткаруу алкагында көп иштер жасалып жатат. Сот тутумун өнүктүрүү багытында материалдык-техникалык жабдуулар менен бирге ар бир соттун имаратына тагыраак айтканда интернет жана видеокамералар орнотулду, сот тарабынан чыгарылган сот актыларын өлкөнүн жарандары интернет аркылуу карап, окуп турушса болот. Азыркы убакта сот акыйкаттыгын дүйнөлүк стандартка жеткирүү жана информациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча соттун имараттарында ремонттук иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле 2016-жылдын 29-июнунда Сот приставдары жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Бул кабыл алынган мыйзам соттордун кадыр-баркын көтөрүү жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу, сот адилеттүүлүгүн жүргүзүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү жана сот адилеттүүлүгүн турмушка ашырууга байланыштуу сотторго жана сот ишинин башка катышуучуларына, ошондой эле сот актыларын мажбурлап аткартуу учурунда сот аткаруучуларына карата коркутуу жана күч колдонуу аракеттерине жол бербөө максатында иштелип чыккан.

Судьялар ишин кабинетинде жана сот залында өткөрүшөт. Ал эми сот залындагы өзүн алып жүрүүсү да мыйзам менен чектелгендиктен, ооздон чыккан сөзү, берген суроосу орундуу болуусу керек.

Конституцияда соттор үчүн өзүнчө бир бап берилип, бийликтин бир бутагы катары көрсөтүлгөн. Судьялар асмандан түшүп эле кабинетинде отуруп калбайт да. Алардын дайындалуу жана шайлануу тартиби бар.

- Азыркы учурда соттук чечимдердин аткарылышы кандай?

- Чыгарылган чечим сөзсүз түрдө аткарылыш керек. А бирок, чечим чыгарарда сот процессиндеги айыпталуучунун тагдыры, ошол эле учурда жабырлануучунун конкреттүү проблемаларын да эстен чыгарбашыбыз керек. Бирок, кандай болгон күндө да сот акыйкаттыгын чыгарууда эки тараптын бир жагы сөзсүз нааразы болот. Бул жерден белгилей кетүүчү жагдай - соттун чечимине нааразы болгон жак, күчкө салып, сотко басым жасап, каалагандай чечим чыгарып алабыз дешкендер да бар.

Кандай болгон күндө да соттордун чечими жагабы же жакпайбы, биз ага баш ийип аткарышыбыз керек. Тилекке каршы, соттук чечимдерди аткарууда бир топ кыйынчылыктар бар. Мисалы, жоопкерлер чечимди аткарбоо үчүн ар кандай жолдорго барышат, негизсиз арыздар менен кайрылышат. Натыйжада, бул арыз каралып бүткүчө сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүн токтотууга мажбур болот.

- Аида Асанбековна, сиз Ленин райондук сотунун төрайымы катары соттордогу судьялардын тартиптик жоопкерчилигин жогорулатуу маселесин да эстен чыгарбагандырсыз?

- Албетте, кайсы гана ишкана, мекеме болбосун тартип бекем болуу керек. Тартип жок жерде баш аламандык жана мыйзамсыздык орун алат. Алгачкы эле күндөн тартып Ленин райондук сотунун судьялары, аппарат кызматкерлери эмгек, аткаруучулук тартипти так сактап, сотко кайрылган ар бир жаранды адептүү кабыл алуу менен иш алып барууларын талап кылдым. Кимде-ким бул талаптарды бузса, аларга мыйзам чегинде тиешелүү чаралар колдонулат.

 

Бактыбек ИМАМАДИЕВ

«Эркин Тоо» гезити

2016-жылдын 30-сентябры

№84 (2679)

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00