Бирдин Айы 2013

Ош облустук сотунун Төрага жана анын орун басарлары шайланды

28.02.2013.

2013-жылдын 27-февралында жаӊы шайланган Ош облустук сотунун 10 судьясы мыйзамдын талаптарына ылайык биринчи жыйынын өткөрүшүп, Ош облустук сотунун Төрага жана Төрагасынын орун басарларын шайлашты.

Ош облустук сотунун Төрагасы болуп Шамшиев Абдрасул Абдрахманович шайланды.

Төраганын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары болуп Кубатов Айвар Эсенкулович шайланды.

Ош облустук сотунун жаӊы шайланган судьялары ант беришти

27.02.2013.

Бүгүн, 2013-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Ош облустук сотунун жаӊы шайланган 10 судьясы ант беришти.

Иш чараны салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Ф. Джамашева ачты. Өз сөзүндө Төрайым Ош облустук сотунун жаӊы шайланган курамын куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап өттү.

Жогорку Соттун 2012-жылды жыйынтыктоо пленуму

12.01.2013

2013-жылдын  28-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун жыйынтыктоо отуруму болот.

Пленумдун күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын 2012-жылдагы иштеринин жыйынтыгы жөнүндө соттук коллегиялардын төрагаларынын баяндамалары жана 2013-жылдагы иштеринин планы каралат.

 

Жогорку Соттун Төрайымы Ф. Джамашева Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Жогорку Сотторунун Төрагаларынын Сегизинчи Кеңешмесине катышат

Үстүбүздөгү жылдын 20-февралынан 21-февралына чейин Москва шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Жогорку Сотторунун Төрагаларынын Сегизинчи Кеңешмеси өтөт.

Бүгүн, 19-февралда Кеңешмеге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Ф. Джамашева, Жогорку Соттун төрагасынын административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басары Б. Аманалиева, Чүй облустук сотунун жана Кыргыз Республикасынын соттор Кеӊешинин Төрагасы Д. Айжигитов сапар алышты.

Апрель окуялары боюнча соттун ырааттамасы

14.02.2013.

Апрель окуялары боюнча СОТУ жума сайын: дүйшөмбү, шейшемби жана шаршемби күндөрү күзөтүү жана коштоо Департаментинде каралып жаткандыгын билдиребиз. Департаменттин дареги: Медерова көчөсү, 94.

Сот отурумунун башталышы саат – 9:30да.

Судья - Онолбеков Дамир Мадылбекович.  

Сот отурумуна катышуу жана аккредитациядан өтүү үчүн Сиз фирмалык бланкта жетекчинин колу коюлган судья Д. М. Онолбековдун атына арыз жазышыӊыз керек.

 

«Сот адилеттигинин майнаптуулугу. Көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору» темасында Аймактык форуму

13.02.2013.

2013-жылдын 14-15-мартында «Jannat» мейманканасында «Сот адилеттигинин майнаптуулугу. Көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору» темасында Аймактык форум өтөт.

Форум Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюму (IDLO, штаб-квартирасы Рим шаарында) менен биргеликте жана Нидерланд Падышалыгынын Өкмөтүнүн колдоосунда сот тутумун мындан аркы жакшыртуу жолдорун издөө жана тийиштүү сунуштарды иштеп чыгуу максаттарында өткөрүлүп жатат.

Жергиликтүү соттордун судьяларын бошотуу жана ыйгарым укуктарын узартуу боюнча Жарлыктарга кол коюлду

12.02.2013.

2013-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жана айрымдарынын ыйгарым укуктарын узартуу тууралуу жарлыктарга кол койду.

Б. Аманалиева жана К. Джумашовдун К. Барре менен жолугушуусу

06.02.2013.

2013-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Төраганын орун басары Б. Аманалиева жана Жогорку Соттун судьясы К. Джумашовдун Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү "Укуктун улуктугунун платформасы" долбоорунун жетекчиси Ксавье Барре менен жолугушуусу болду.

Долбоор жетекчиси К. Барре жолугушууда эки тараптын кызматташтыгынын жана жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеп, долбоор тууралуу айтып берди. «Биз үч багыт боюнча иштейбиз: бул административдик укук, жазык укугу жана жазык процесси, сот реформасы. Долбоор 2014-жылдын декабрь айына чейин иштейт», - деп белгиледи.

Жогорку Соттун Пленумунун отуруму болуп өттү

01.02.2013.

Бүгүн, 2013-жылдын 1-февралында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун отуруму болуп өттү.

Отурумду Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Джамашева ачты.

Күн тартибиндеги төмөнкү маселелер каралды:
1. Жогорку Cоттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңеш жөнүндө Жобо бекитилди. Жобонун мазмуну: жалпы жоболор, Кеӊештин курамы жана түзүү тартиби, илимий-консультативдик Кеңештин негизги функциялары, Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары, Кеңештин ишин уюштуруу жана анын тартиби, Кеңештин отурумунун күн тартибине киргизилүүчү маселелерди коюу тартиби жана Кеңешинин чечим кабыл алуусу.

Жогорку Соттун Төрагасынын орун басары К. Турганбеков Иран Ислам Республикасынын Элчилигинин консулу менен жолукту

31.01.2013.

2013-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын орун басары Канатбек Турганбеков менен Иран Ислам Республикасынын Элчилигинин консулу Ибрахим Ахмад Хан Бейгинин жолугушуусу болуп өттү.

Ибрахим Ахмад Хан Бейги 2010-жылдан бери Иран Ислам Республикасынын Элчилигинин Кыргыз Республикасындагы консулу.

Жолугушуунун негизги максаты Иран Ислам Республикасынын жарандарынын укуктук маселелери тууралуу пикир алышуу жана мындан аркы сот өндүрүшү тармагындагы кызматташтык, эки тараптын укуктук маселелер боюнча мамилелеринин өнүгүүсүн талкуулоо.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленуму

30.01.2013.

2013-жылдын 1-февралында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун отуруму болот.

Чүй облустук сотунун Төрага жана анын орун басарлары шайланды

30.01.2013.

Жаӊы шайланган Чүй облустук сотунун судьялары регламентке ылайык биринчи жыйынын өткөрүп, Төрага жана анын орун басарларын шайлашты.

Чүй облустук сотунун жаӊы шайланган судьялары ант беришти

29.01.2013.

Бүгүн, 2013-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Чүй облустук сотунун жаӊы шайланган 14 судьясы ант беришти.

Иш чараны салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Ф. Джамашева ачты.


Чуй облустук сотунун жаӊы шайланган курамын куттуктап жатып Жогорку Соттун Төрайымы аларды элге ак ниет жана чын дилден кызмат кылуусун каалап, судьянын Ар-намыс кодексинин эрежелерин бекем тутууга үндөдү.

Жогорку Кенеште жарандардын баш коргоо чарасына кепилдик берүү талкууланды

27.01.2013.

Саясий кызматтагы адамдардын камакка алынган жарандардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө кепилдик берүү сунуштамасына тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү.

Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Каныбек Иманалиев тарабынан КР Кылмыш-процесстик кодексине түзөтүү киргизүү демилгеси талкууланды. Ага ылайык, саясий кызматта иштеген адамдардын камакка алынган жарандардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө кепилдик берүү сунуштамасына тыюу салуу чарасы сунушталып жатат.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жана дайындоо боюнча жарлыктарга кол коюлду

26.01.2013.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жана дайындоо боюнча жарлыктарга кол коюлду. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын бошотуу жана дайындоо боюнча жарлыктарга кол койду.

Кыз уурдагандар үчүн беш жылдан жети жылга чейин эркиндигинен ажыратуу мыйзамына өзгөртүү кирди

26.01.2013.

Кыз уурдагандар үчүн беш жылдан жети жылга чейин эркиндигинен ажыратуу мыйзамына өзгөртүү кирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Бишкек шаардык сотунун Төрага жана Төрагасынын орун басарлары шайланды

24.01.2013.

Жаӊы шайланган Бишкек шаардык сотунун 21 судьясы регламентке ылайык биринчи жыйынын өткөрүшүп, Бишкек шаардык сотунун Төрага жана Төрагасынын орун басарларын шайлашты.

Бишкек шаардык сотунун жаңы курамы ишке киришти

23.01.2013.

Бүгүн, 2013-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда жаңы шайланган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын ант берүү расмий аземи болуп өттү.  

Иш чараны салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Ф. Джамашева ачты. Бишкек шаардык сотунун жаңы судьялары Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда ант беришти. Регламентке ылайык шайланган судьялар бүгүн жыйынын өткөрүп, Төрага жана анын орун басарларын шайлашат.

Жергиликтүү соттордун судьяларын бошотуу жана дайындоо боюнча Президенттин жарлыктары

19.01.2013.

Жергиликтүү соттордун судьяларын бошотуу жана дайындоо боюнча жарлыктарга кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын бошотуу жана дайындоо маселелери боюнча жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентине 2013-жылдын январынын башында Бишкек шаардык сотунун (БШС) судьялык кызматына дайындоо үчүн 28 талапкер боюнча сунуш киргизген.

«Сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйнагы» китеби

19.01.2013.

«Сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйнагы» китебинин кыргыз тилиндеги 2 томдугу жарык көргөндүгү тууралуу билдиребиз. «Сот актыларынын үлгүлөрүнүн жыйнагы» ушундай түрдө жарык көргөн алгачкы практикалык колдонмо болуп саналат. Ал судьялардын сот актыларын даярдап, түзүү ишин жеңилдетет. Жыйнак юридика илимдеринин доктору, USAID жана ИДЛОнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө Программасынын улук кеӊешчиси А.А. Давлетов жана USAID жана ИДЛОнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө Программасынын кеӊешчиси Н.С. Алымбаевдин жалпы редакциясынын жана баш сөзү астында жарыкка чыкты.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00