Жалган Куран 2013

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин ЖАРЫЯСЫ

11.03.2013.

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык палатасынын судьяларынын 6 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт.

Арыздарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти 2013-жылдын 11 мартынан 21-мартка чейин 10 күн ичинде саат 09.00дөн 18.00гө чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 64, 4-кабат, 8-кабинет. Кошумча маалыматты (0312) 48 61 13 телефонуна чалып, же www.otborsudei.kg сайтынан алууга болот.

Жогорку Соттун Төрайымы Ф. Джамашева 8-март Эл аралык Айымдар күнү менен куттуктады

07.03.2013.

Урматтуу Айымдар, кымбаттуу Энелер!

Чын жүрөгүмдөн Сиздерди келе жаткан 8-Март Эл аралык Айымдар күнү менен куттуктайм!
Байыртадан  бери аялзаты жашоонун маӊызы, сулуулуктун булагы болуп келет. Айымдар үй-бүлөнүн коломтосунун сактоочусу, үйдүн кутун коргоочу. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн бардык тармагында Сиздер активдүү иш алпаруу менен бирге мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис зор салым кошуудасыздар. Сиздердин араӊыздарда белгилүү коомдук ишмерлер, саясатчылар, окумуштуулар, соттор, мекеме жетекчилери, мугалимдер жана дарыгерлер бар. Сиздер кайраттуу, демилгелүү, камкордуу жана назиксиздер!

КР ЖС Төрайымы Ф. Джамашеванын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

05.03.2013.

Урматтуу судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери!

Сиздерди сот тутумунун кызматкерлеринин күнү, кесиптик майрамыӊыздар менен куттуктайм!
Сиздердин жумуш өтө жогору профессионалдык даярдыкты, өз милдеттериӊиздерди калыс жана ак ниеттүү аткарууну, ишке чын дили менен берилгендикти жана жоопкерчиликти талап кылат.

Сот органдарынын ишмердүүлүгү бардык бийлик органдарынын жыйынтыктоочу иштерин камсыздоо, өлкө алдында турган маанилүү маселелердин ийгиликтүү чечилишинде чоӊ мааниге ээ. Албетте, сиздердин кесипкөйлүгүӊүздөрдүн негизги көрсөткүчү болуп жарандардын сот тутумуна болгон ишеними жана сыйлагандыгынын өсүшү болмокчу.

Жергиликтүү соттордун судьялары өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду

05.03.2013.

2013-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республиксынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу  жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыккка ылайык, Кыргыз Республикасынын судьялар Кенешинин сунушу боюнча 2013-жылдын 1-мартынан баштап өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүлөр бошотулду:

- Абдилатов Аким - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

Жогорку Сотто салтанаттуу азем болуп өттү

05.03.2013.

Бүгүн, 5-мартта, Жогорку Сотто Кыргызстандын сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу азем болуп өттү.

Иш чарада Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин куттуктоосун анын кеӊешчиси Ф.Ниязов окуду, андан тышкары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов, Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Джамашева, Чүй областтык Сотунун жана Соттор кеңешинин Төрагасы Дастан Айжигитов, Жогорку Соттун судьясы, Жогорку Соттун Пленумунун катчысы Камиль Осмоналиев жана Жогорку Соттун судьясы Галина Уметалиевалар куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жогорку Соттун 2012-жылды жыйынтыктоо пленуму өттү

01.03.2013.

2013-жылдын 28-февралында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун жыйынтыктоо отуруму болуп өттү.

Отурумду Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Джамашева ачты. Жогорку Соттун Пленумунун катчысы Камиль Осмоналиев жыйында Жогорку Соттун 25 судьясынын катышуусунда, кворум болгондугун баяндады.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00