Бугу 2014

Чүй облустук сотунун Шахида Аманбаева жана башкаларга карата чыгарган өкүмү

30.05.2014.

Чүй облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 29-майындагы аныктамасы менен Токмок шаардык сотунун 2013-жылдын 12-декабрындагы актоо өкүмү жокко чыгарылды.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизилди

29.05.2014.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

 

Толугураак

Нариман Тюлеевдин иши боюнча сот отуруму жылдырылды

28.05.2014.

Бүгүн, Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Нариман Тюлеевдин жазык иши боюнча анын жактоочусу М. Осмонкуловдун өтүнүч менен кайрылгандыгына байланыштуу сот отурумун 2014-жылдын 17-июнуна жылдырды.

 

Бишкек шаардык соту Дмитрий Цойго карата чыккан биринчи инстанция сотунун чечимин күчүндө калтырды

28.05.2014.

2014-жылдын 26-майында, Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 08.05.2014-ж. чечимин күчүндө калтырды. Биринчи май райондук соту «Интел-Линкс» жоопкерчилиги чектелген коомунун экс-директору Дмитрий Цойго карата баш коргоо чарасын карап, 2014-жылдын 6-июлуна чейин абакта болуу чечимин кабыл алган.

Судьяларды окутуу Борборунда тренингдер өтүүдө

28.05.2014.

2014-жылдын 27-28-29-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору жана ЮНИСЕФ, «Укук борбору» коомдук фонду менен биргеликте «Кыргыз Республикасындагы балдар үчүн юстиция» аталыштагы бир күндүк тренингдерди өткөрүүдө.

 

 

Толугураак

Жогорку Соттун Төрайымы Ф. Жамашева Грузияда

27.05.2014.

Грузиянын Жогорку Сотунун Төрагасы Константин Кублашвили мырзанын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашева, Жогорку Соттун судьясы Болотбек Акматов жана Бишкек шаарынын район аралык сотунун төрайымы Гүлжан Есеналиева иш сапары менен Грузияда.

 

 

Толугураак

Нарында тегерек стол өтүүдө

27.05.2014.

Бүгүн, 27-майда, Нарын шаарында “Нарын облусундагы соттордо сот өндүрүшүнүн стандарттарын сактоо” аталыштагы тегерек стол өтүүдө.

Иш чара Нарын облусундагы жергиликтүү соттордо көп кездешүүчү сот тажрыйбасындагы көйгөйлөрдү талкулоо үчүн өткөрүлүүдө. Иш чаранын максаты - Сотко кайрылган жарандардын Сот өндүрүшүндөгү күнүгө кездешүүчү негизги көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү.

Иш чараны «Коомдук анализдөө институту» коомдук бирикмеси өткөрүүдө.

Жогорку Сот Ахматбек Келдибековго карата көзөмөл ишти кыскартты

27.05.2014.

Бүгүн Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы А. Келдибековдун жактоочусу Т.Чильникованын көзөмөл арызы боюнча А. Келдибековдун баш коргоо чарасын карамак. Бирок жактоочу арызын кайтарып алгандыгына байланыштуу, иш кыскартылды.

Айта кетсек, кече, 26-майда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн абакта бир айга, ушул жылдын 27-июнуна чейин узарткан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

26.05.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 26- 28- 29- майына белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 2627- 28- майына белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 262729- майына белгиленген иштеринин тизмеси.

Жогорку Соттун Төрайымы Ф. Жамашева Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун студенттери менен жолугушту

22.05.2014.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 22-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашева Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун студенттери жана окутуучулары менен жолугушту.

 

Толугураак

Президент кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу мыйзамга кол койду

20.05.2014.

2014-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атанбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына койду.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизилди

20.05.2014.

2014-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Президент Алмазбек Атанбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизилди

20.05.2014.

2014-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

19.05.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 19- 21-майына белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 1920- 21- майына белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 192021- 22- майына белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин ортосунда мини-футбол боюнча мелдеш аяктады

16.05.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 90 жылдык мааракесине жана Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин ортосундагы мини-футбол боюнча мелдеши аяктады.

 

Толугураак

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун сойкукана ачкан Кытайдын үч жаранына карата чыгарган өкүмү

16.05.2014.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2014-жылдын 16-майындагы өкүмү менен Сюй Сюанцзе, Щу Фенгвей и Ян Цзян Ронг Кытайдын үч жараны Кыргыз Республикасынын КЖКнын 261-беренесинин 1-бөлүгү (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен күнөөлүү деп табылып, сойкулук кызматын уюштургандыктары үчүн 1 жылга эркиндигинен ажыратылды. Кытайдын үч жараны теӊ сот залынан камакка алынды, жаза тартуу мөөнөтү бүткөн соӊ, Кыргыз Республикасынан чыгарылат.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00