Теке 2014

Биринчи май райондук сотунун Усен Сакатаевке карата чыгарган өкүмү

30.06.2014.

2014-жылдын 26-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Сакатаев Усен Карыбаевич Кыргыз Республикасынын КЖКтин 104-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту, 129-беренесинин 4-бөлүмдөрү менен күнөөлүү деп табылып, Кыргыз Республикасынын КЖКтин 104-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту менен 10 (он) жылга эркиндигинен ажыратылды; 129-беренесинин 4-бөлүмү менен 20 (жыйырма) жылга эркиндигинен ажыратылды.

Толугураак

Биринчи май райондук сотунун адвокат Булатов Азаматка карата чыгарган жай аныктамасы

30.06.2014.

2014-жылдын 26-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жабык соттун кароосунда соттолуучу У.Сакатаевдин Кыргыз Республикасынын КЖКтин 129-беренесинин 3,4-бөлүмдөрү, 104-беренесинин 3-бөлүмү менен айыпталган кылмыш ишин карап, сот соттолуучу У. Сакатаевке карата тергөө тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКтин 104-беренесинин 3-бөлүмү, 129-беренесинин 4-бөлүмдөрү менен өзгөчө оор кылмышты өзүнүн кызына карата жасаган деп айыпталган.

Толугураак

Биринчи май райондук соту Ахматбек Келдибековдун жазык ишин 2014-жылдын 10 июлунда карайт

30.06.2014.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна Ахматбек Келдибековго карата жазык иши келип түшүп, өндүрүшкө алынды.

Жазык иши ушул жылдын 10-июлунда саат 10:00дө каралат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

30.06.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 30-июнуна жана 2- 3- июлуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 30-июнуна жана 1- 2-июлуна  белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 30-июнуна жана 1- 2- июлуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Соттун Борис Воробьевко карата чыгарган өкүмү

27.06.2014.

2014-жылдын 17-июунундагы Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2013-жылдын 31-декабрындагы Воробьев Борис Дмитриевичке карата өкүмү өзгөртүлдү.

Толугураак

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекске толуктоолор киргизилди

27.06.2014.

2014-жылдын 26-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

 

Толугураак

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

27.06.2014.

2014-жылдын 26-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

“Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

27.06.2014.

2014-жылдын 26-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

Нариман Тюлеевдин иши боюнча сот процесси 15-июлга калтырылды

26.05.2014.

2014-жылдын 25-июунунда Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Тюлеевдин иши боюнча сот процессин 15-июлга саат 10:00гө калтырды. Сот процессинин жылышынын себеби соттолуучунун жактоочусунун алмашкандыгы жана анын жазык ишинин материалдары менен таанышууга убакыт сурагандыгы жана соттолуучу М. Кожобергеновдун ооругандыгына байланыштуу болду.

Иса Омуркулов жана башкалардын иши боюнча сот процесси 7-июлга калтырылды

25.06.2014.

Соттолуучулардын бири Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Молдокмат Тезекбаевдин ден-соолугу начарлап, анын сот процессине келбегендигине байланыштуу, Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Омуркулов жана башкалардын иши боюнча сот процесси 7-июлга калтырылды.

Жазык иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралууда.

Жогорку Сот Дмитрий Цойго карата чыккан Бишкек шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды

25.06.2014.

Бүгүн, 25-июунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы «Интел-Линкс» жоопкерчилиги чектелген коомунун экс-директору Дмитрий Цойго карата Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак:
2014-жылдын 26-майында, Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 08.05.2014-ж. чечимин күчүндө калтырган. Биринчи май райондук соту «Интел-Линкс» жоопкерчилиги чектелген коомунун экс-директору Дмитрий Цойго карата баш коргоо чарасын карап, 2014-жылдын 6-июлуна чейин абакта болуу чечимин кабыл алган.

2014-жылдын 23-июунунда Свердлов райондук соту Надиров Наилге карата өкүм чыгарды

25.06.2014.

Соттолуучу Надиров Н.А. 2013-жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы Совет жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан интернет клубунан 1977-жылы туулган К. Кыштобаева менен таанышкан. Андан кийин 2014-жылдын 10-январында, саат 02:20 чамасында К. Кыштобаева Надировдун Панфилов көчөсүндө жайгашкан №151/1 үйүнө келген жана ал жактан экөөнуӊ ортосундагы уруштан улам Н. Надиров К. Кыштобаеваны балка менен эки жолу башынын оӊ бөлүгүнө урган. Натыйжада, баш сөөктүн төбөсүндөгү сөөктөр талкаланып, К. Кыштобаева каза тапкан. Надиров Кыштобаеванын өлгөндүгүнө ынанып, жасаган кылмышын жашыруу максатында жана өлүктөн кутулуу үчүн ашкана балтасы менен башын, колдорун, буттарын, терисин  бөлүктөргө бөлүп кескен. Андан соӊ, дененин бөлүктөрүн эки жуурканга жана целлофан  баштыктарына салып, Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүндөгү №147 үйүнүн маӊдайындагы таштанды челекке таштаган. Баш сөөктү болсо Орозбеков көчөсүндөгү №6 үйүнүн жертөлө жайына ыргытып жиберген.   

Толугураак

Бүгүн Иса Омуркуловдун иши боюнча сот процесси уланат

25.06.2014.

Бүгүн, 25-июунда саат 14:00дө, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Омуркулов жана башкаларга карата сот процесси өз ишин улантат.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошеванын Жогорку Соттун Төрайымынын жана Судьялар кеӊешинин Төрагасынын Судьяларды тандоо боюнча кеӊешин түзүү тууралуу Парламентке жиберген кайрылуулары тууралуу комментарийи

25.06.2014.

Бул көйгөйдү батыраак чечүүнү көтөргөн Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева парламентке жолдогон кайрылуусунда депутаттар эс алууга кеткенге чейин сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамын бекитип берүүнү сурады. Кайрылууда мунун айынан бузулган укугун коргоо боюнча сотторго кайрылган жарандар жабыркап жатканы көрсөтүлгөн.

 

Толугураак

Ахматбек Келдибековдун иши сотко келип түштү

25.06.2014.

2014-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна Ахматбек Келдибековго карата козголгон жазык иши келип түштү.

Ж. Абдырахманов: Судьялар бир айда 20 иштин ордуна 70 иш кароого мажбур

25.06.2014.

Эгер парламент 1-июлга чейин Сот тандоо кеңешинин курамы боюнча маселени чечип берсе Кыргызстандын сот системасы ноябрь-декабрь айларынан тарта толук кандуу иштей баштайт. Ал эми эгер депутаттар маселени чечпей туруп каникулга кетип калса, анда азыркыдай оор абал кийинки жылы да уланып, ого бетер оорлошу ыктымал. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Судьялар кеңешинин төрагасы Жакып Абдрахманов билдирди.

 

Толугураак

Журналисттерди аккредитациялоо

24.06.2014.

Урматтуу журналисттер!

Үстүбүздөгү жылдын 25-юунунда, саат 14:00дө Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Бишкек шаарынын экс-мэри И. Омуркулов жана башкаларга карата жазык иши боюнча сот отуруму өз ишин улантат. Жогорудагы сот процессине катышуу үчүн Сиздерди аккредитациядан өтүшүӊүздөрдү суранабыз.

Толугураак

КАЙРЫЛУУ

23.06.2014.

Урматтуу Асылбек Шарипович,
Урматтуу депутаттар,

 

Сиздерге белгилүү болгондой, 2013-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши соттук корпусту түзүү боюнча ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон.

Азыркы күндө соттордо көп орундар бош болгондуктан сот тутумунда судьялардын абдан чоң жетишсиздиги байкалууда.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

23.06.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 23- 24- 25-июнуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 2324-июнуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00