Кулжа 2014

Н. Түлеев жана башкалардын иши боюнча сот отуруму 19-августка жылдырылды

31.07.2014.

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев жана башкалардын иши боюнча сот отуруму 19-августка саат 10:00гө жылдырылды. Соттун жылдырылышынын себеби, соттолуучу Р. Бейшенбаевдин оорусуна байланыштуу болду.

Мекрей Брендон Корнелиустун ишин кароо 27-августка жылдырылды

31.07.2014.

Жактоочу Э. Абулкасымовдун сот отурумун жылдыруу өтүнүчү менен кайрылгандыгына байланыштуу, Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясы аппеляциялык тартипте АКШнын жараны Мекрей Брендон Корнелиуска (Mccrea Branden Cornelius) карата ишти кароону ушул жылдын 27-августуна саат 11:00гө жылдырды.

4-төрөт үйүндөгү бала сатуу боюнча ишин Бишкек шаардык соту карайт

30.07.2014.

4-төрөт үйүндөгү бала сатуу боюнча ишин Бишкек шаардык соту аппеляциялык тартипте үстүбүздөгү жылдын 14 августунда саат 10:00дө карайт.

Бишкек шаардык соту «Жайшуль Махди» террордук уюмунун ишин 12-августта карайт

30.07.2014.

Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын КЖКнын 231-беренесинин 1-бөлүгү

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

30.07.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 30 - 31 - июлуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 30 - июлуна  белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 30 - 31 - июлуна жана 1 - августуна  белгиленген иштеринин тизмеси.

Бишкек шаардык соту Мекрей Брендон Корнелиустун ишин 30-июлда карайт

25.07.2014.

Бүгүн, 25-июлда, Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясы аппеляциялык тартипте АКШнын жараны Мекрей Брендон Корнелиуска (Mccrea Branden Cornelius) карата ишти карамак. Бирок, соттун коллегиясынын толук болбой калгандыгына байланыштуу ишти ушул жылдын 30-июлуна саат 16:00гө жылдырышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти билдирет

25.07.2014.

«Альфа Телеком» ЖАК 51 % акциясы мамлекеттин менчигине өткөрүлдү

Бишкек шаардык райондор аралык сотунун аныктамасы менен «Альфа Телеком» ЖАК 51 % акциясынын  сот камоосу алынып, мамлекет ЖАКтын 100% акциясына ээлик кылууга  мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошентип республикалык бюджет 2009-2013-жылдардын жыйынтыгы боюнча дивидент катары чегерилген 2 млрд. 875 млн.366 миң сом менен толукталды.

Толугураак

Бишкек шаардык соту Марс Жусупбековдун ишин 25-августта карайт

24.07.2014.

Бүгүн, 24-июлда, Бишкек шаардык сотунда кассациялык тартипте Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы башчысы Марс Жусупбековго карата жазык иши каралмак. Бирок, соттун коллегиясынын толук курамы жок болгондугуна байланыштуу ишти ушул жылдын 25-августуна саат 11:00гө жылдырышты.

И.Омуркуловдун соту 1-августта уланат

24.07.2014.

Кече, 23-июлда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Омуркуловго жана башкаларга карата сот отуруму уланды. Сот соттолуучу И.Омуркуловдун, Б.Дуйшембиевдин жана А.Абдыкадыровдун акыркы сөзүн укту. Андан соң, ушул жылдын 1-августуна, саат 10:00гө чейин тыныгуу жарыялады.

Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Жамашева Кореянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

24.07.2014.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда, Жогорку Сотто соттун Төрайымы Феруза Жамашева Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Ким Чанг Гю мырза менен жолугушту.

 

Толугураак

Жогорку Сот административдик мамлекеттик бош кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт

24.07.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун  Аппаратында, Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борборунда  аттестация,  конкурс өткөрүү жана кадрлардын  ички  резервин түзүү жөнүндөгү” Жобого ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик бош кызмат орунуна ачык сынак жарыялайт:

Толугураак

Н. Тулеев жана башкалардын иши боюнча сот отуруму 30-июлга жылдырылды

24.07.2014.

Кечээ, Бишкек шаардык сотунда өтүп жаткан Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Тулеевке жана башкаларга карата жазык иши боюнча ачык сот отуруму 30 июлга, саат 10:00гө жылдырылды.

Соттун жылдырылышынын себеби, соттолуучу Р. Бейшенбаевдин ден-соолугунун начарлашынан улам сотко алып келинген эмес.

Ахматбек Келдибековдун иши боюнча сот процесси 1-августка жылдырылды

23.07.2014.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Ахматбек Келдибековко карата жазык ишин кароо соттолуучунун ден-соолугунун начардыгына байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 1-августуна жылдырылды.

Бүгүн Нариман Тюлеевдин жана башкалардын иши боюнча сот процесси уланат

23.07.2014.

Бүгүн, 2014-жылдын 23-июлунда саат 10:00дө, Бишкек шаардык сотунда Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Тюлеев жана башкаларга карата жазык ишин кароо боюнча сот процесси уланат.

Эске салсак, кечээ, сот процесси соттолуучу Б.М. Сыдыковдун жактоочусу Ч. Темирбаеванын келбегендигине байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган.

Аскердик Сотто апрель окуясына байланыштуу соттун чечимин угузуу башталды

22.07.2014.

Кыргыз Республикасынын Аскердик Соту 2014-жылдын 21-июлунда 2010-жылдын апрель окуясына байланышкан cоттун чечимин угузууну баштады. Иштин көлөмү өтө чоӊ болгондуктан, угузуу бир нече күнгө уланмакчы.

Сот чечимин угузуу аяктагандан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун сайтынан соттун чечими менен тааныша аласыздар.

Жогорку Соттун басма сөз кызматынын Раушан Рыкунованын иши боюнча тактоосу

22.07.2014.

2014-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы ачык сот отурумунда прокурордун жана соттолуучу Р. Рыкунованын жактоочусунун катышуусунда прокурор Р. Нурбековдун түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулук боюнча көзөмөл сунуштамасы, Аламүдүн райондук сотунун 2014-жылдын 30-майындагы токтомуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы №2 мекемесинин сунуштамасынын канааттандырылгандыгы боюнча сот материалын карады.

Толугураак

Болот Момбеков өз каалоосу боюнча Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун төрагасы кызматынан бошотулду

21.07.2014.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00