Баш Оона 2014

1-сентябрда Б.Алиевага жана Ш.Мамыркановага карата сот отуруму уланат

29.08.2014.

Ушул жылдын 1-сентябрында, саат 10.00дө Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы  Б. Алиевага жана Ш. Мамыркановага карата сот отурумун улантат.

Эскерте кетсек, Б. Алиева жана Ш. Мамыркановага карата 4-балдар төрөт үйүндөгү уурдалган бала үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту өкүм чыгарган. Биринчи инстанциянын чечимине макул болбогон жактоочулары аппеляциялык түрдө Бишкек шаардык сотуна арызданышкан.

Жогорку Соттун жетекчилиги биометрикалык каттоодон өттү

29.08.2014.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2014 –жылдын 29-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда биометрикалык маалыматты алуу иш чарасы болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жетекчилигинин биометрикалык маалыматтарын каттоо жүргүзүлдү. Каттоодон Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашева, Төрайымдын биринчи орун басары (жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы) Канат Турганбеков, Төрайымдын жарандык иштер боюнча орун басары Гүлбара Калиева жана Жогорку Соттун аппаратынын жетекчиси Жекшен Жандралиев өтүштү.

Жогорку Соттун Басма сөз кызматы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда биометрикалык маалыматты алуу иш чарасы болот

28.08.2014.

Эртең, 2014 –жылдын 29-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда биометрикалык маалыматты алуу иш чарасы болот. Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жетекчилигинин биометрикалык маалыматтарын каттоо жүргүзүлөт.

 

Сүрөт:www.vb.kg

Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Омуркулов жана башкалардын жазык иши боюнча сот процесси 28-августка калтырылды

26.08.2014.

Соттолуучу А. Абдыкаровдун ооруп калгандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Омуркулов жана башкалардын жазык иши боюнча сот процесси 28-августка саат 09:00гө калтырылды.

Жазык иши Бишкек шаардык сотунда каралууда.

 

Ош облусунун Алай райондук сотунун төрагасы Мамбет Токсомбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

26.08.2014.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна негизденип, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

25.08.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 25- 27- 28- августуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 25- 26- 27- августуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 25- 26- 28- августуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

18.08.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 18- 20- 21- августуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 18- 19- 20- августуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 18- 19- 21- августуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

11.08.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 11- 13- 14- августуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 11- 12- 13- августуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 11- 12- 13- августуна  белгиленген иштеринин тизмеси.

Нурланбек Атаназаров Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясынын кызмат ордун ээлөөнү улантты

07.08.2014.

2014-жылдын 6-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыктар менен «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Толугураак

Мидин Жолдошалиев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасынын кызмат ордун ээлөөнү улантты

07.08.2014.

2014-жылдын 6-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

04.08.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 4- 6- 7- августуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 4- 5- 7- августуна белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 4- 5- 7- августуна  белгиленген иштеринин тизмеси.

Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук териштирүү анын ден-соолугу калыбына келгенче токтотулду

01.08.2014.

2014-жылдын 1-августундагы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө А. Келдибековдун жактоочусу Т. Чильникина соттолуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү жана ага Германиядан дарыланууга уруксат берүү боюнча өтүнүчтөрүн келтирген.

2014-жылдын 1-августундагы соттун токтомдору менен жактоочу Т. Чильникинанын өтүнүчтөрү канааттандырылды. Соттолуучу А. Келдибековдун камакка алуу баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлүп, сот залынан бошотулду жана соттолуучуга чет өлкөдө дарыланууга уруксат берилди.  

Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук териштирүү соттолуучунун ден-соолугу калыбына келгенче токтотулду.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00