Аяк Оона 2014

«Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалынын коопсуздук кызматынын жетектөөчү адиси камакка алынды

30.09.2014.

2014-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту соттук отурумда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин тергөө башкармалыгынын ички иштер бөлүмүнүн улук тергөөчүсүнүн - 1969-жылы туулган Нарын облусунун тургуну, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалынын коопсуздук кызматынын жетектөөчү адиси Мамбеталиев Турсунбек Абдыкалыковичке карата бөгөт коюу чарасын тандоо катары камакка алуу жана анын кармалгандыгынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү боюнча токтомун карап, берилген материалдарды текшерип, тергөөчүнүн, адвокаттын, айыпталуучунун жүйөлөрүн, прокурордун пикирин угуп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 32, 110-беренелерин колдонуу менен сот төмөндөгү токтомду кабыл алды:

Толугураак

Сот Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын 1-бөлүмүнүн 2-ыкчам башкармалыгынын оперуполномоченныйына карата камакка алуу бөгөт коюу чарасын тергөөнүн мөөнөтүнө чейин токтом кылды

30.09.2014.

2014-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту соттук отурумда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин тергөө башкармалыгынын ички иштер бөлүмүнүн улук тергөөчүсүнүн - 1972-жылы туулган, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын 1-бөлүмүнүн 2-ыкчам башкармалыгынын оперуполномоченныйы Маданбеков Марсбек Жакыповичке карата бөгөт коюу чарасын тандоо катары камакка алуу жана анын кармалгандыгынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү боюнча токтомун карап, берилген материалдарды текшерип, тергөөчүнүн, адвокаттын, айыпталуучунун жүйөлөрүн, прокурордун пикирин угуп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 32, 110-беренелерин колдонуу менен сот төмөндөгү токтомду кабыл алды:

Толугураак

Башкы прокуратуранын башкаруу бөлүмүнүн башчысы камакка алынды

30.09.2014.

2014-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту соттук отурумда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин тергөө башкармалыгынын ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсүнүн - 1966-жылы туулган Чүй облусунун тургуну, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Джетыбаев Нуртазин Алымкуловичке карата бөгөт коюу чарасын тандоо катары камакка алуу жана анын кармалгандыгынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү боюнча токтомун карап, берилген материалдарды текшерип, тергөөчүнүн, адвокаттын, айыпталуучунун жүйөлөрүн, прокурордун пикирин угуп, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 32, 110-беренелерин колдонуу менен сот төмөндөгү токтомду кабыл алды:

Толугураак

Район аралык соттун «2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна карата чыгарган чечими

30.09.2014.

2014-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын район аралык соту ачык соттук отурумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата административдик иш боюнча, Өкмөттүн 2014-жылдын 17-июнундагы №336 «2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө» Токтомун жараксыз деп таануу боюнча Токтакунов Нурбек Акбаровичтин, Султанов Манасбек Талантовичтин арызын карап чыгып, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесинин (Коомдук талкууну уюштуруу) негизинде, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 197-201, 269-беренелерин колдонуу менен сот Токтакунов Нурбек Акбаровичтин, Султанов Манасбек Талантовичтин арызын канааттандырды. 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

29.09.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 29- сентябрына жана 1- 2- октябрына белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 29- 30- сентябрына жана 1- октябрына белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 29- 30- сентябрына жана 1- октябрына белгиленген иштеринин тизмеси.

Жогорку Соттун судьялары Вашингтондон келген кесиптеши менен жолугушту

26.09.2014.

Бүгүн, 2014-жылдын 26-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда, көзөмөл органынын судьялары Каныбек Бокоев менен Абиджан Исаковдун (АКШ) Вашингтон штатынын Кинг округунун судьясы Мэтт Уиллиямс мырза менен жолугушуусу болду.

 

Толугураак

«Жайшуль Махди» террордук уюмунун иши боюнча тыныгуу жарыяланды

25.09.2014.

Бишкек шаардык сотунда «Жайшуль Махди» террордук уюмунун иши боюнча тыныгуу жарыяланды. Жогорудагы жазык ишин кароо боюнча соттук процесс 2014-жылдын 9-октябрында, саат 10:00дө уланмакчы. Учурда күбөлөр сурак берүүдө.  

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү алкагында эксперттик жумушчу топтор түзүлдү

24.09.2014.

2014-жылдын 23-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 1-февралындагы №24 буйругуна толуктоо катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев төмөнкү эксперттик жумушчу топторду түзүү жөнүндө буйрукка кол койду:

Толугураак

Б. Алиевага жана Ш. Мамыркановага карата сот отуруму 6-октябрга жылдырылды

23.09.2014.

Күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу, Бишкек шаардык сотунда өтүп жаткан Бегайым Алиева жана Шарапат Мамырканованын жазык иши боюнча соттук процесси үстүбүздөгү жылдын 6-октябрына, саат 14:00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, Б. Алиева жана Ш. Мамыркановага карата 4-балдар төрөт үйүндөгү уурдалган бала үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту өкүм чыгарган. Биринчи инстанциянын чечимине макул болбогон жактоочулары аппеляциялык түрдө Бишкек шаардык сотуна арызданышкан.

СҮРӨТ www

Жогорку Сотко караштуу судьяларды окутуу Борбору Жалал-Абад шаарында тренингдерди өткөрүүдө

23.09.2014.

2014-жылдын 23-24-25-сентябрында, Жалал-Абад шаарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ жана «Укук борбору» коомдук фонду менен биргеликте «Кыргыз Республикасындагы балдар үчүн юстиция» деген аталыштагы тренингдерди өткөрүүдө.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

22.09.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 22- 24- 25- сентябрына  белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 22- 23- 24- сентябрына белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 22- 23- 24- сентябрына белгиленген иштеринин тизмеси.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун судьялары үчүн Бишкекте семинар өтүүдө

19.09.2014.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2014-жылдын 19-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору «Адилет» Укуктук Клиникасы» коомдук фонду менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы Улуу Британия элчилигинин колдоосу менен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун судьяларына «Кыргыз Республикасынын сотторунда шайлоо талаштарды чечүүнүн теориялык жана практикалык өӊүттөрү» деген аталыштагы семинар өткөрүлүүдө.

Толугураак

Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлери тегерек столдун ишине катышууда

19.09.2014.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 19-сентябрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын сот тутумунда мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн актуалдуу маселелерине арналган семинар өтүүдө.

 

 

Толугураак

Жогорку Соттун судьясы Качыке Эсенканов «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланды

19.09.2014.

Кечээ, 2014-жылдын 18-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун  судьясы Качыке Эсенканов Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун 2014-жылдын 25-августундагы №115 буйругу менен «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйланды. Салтанаттуу иш-чара Мамлекеттик кадр кызматынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган.

 

Толугураак

Бишкекте сот тутумунун кызматкерлери үчүн тегерек стол өтөт

18.09.2014.

Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору жана ЮСАИД жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлери үчүн «Кыргыз Республикасынын сот тутумунда мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн актуалдуу маселелери» деген аталыштагы семинар өткөрөт.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Б. Аманбаевге кайрылуусу

17.09.2014.

16-сентябрда АКИpress маалымат агенттигинде КРнын акыйкатчысы Б.Аманбаев маалымат жыйын өткөрүп, анда жарандардын баш коргоо чарасын абакта кармоого карата чечим чыгарбаш үчүн айрым судьялар менен тергөөчүлөрдүн ала турган белгиленген суммалары бар экендигин айтып чыкты.

Толугураак

Свердлов райондук соту ымыркайды сатуу жазык иши боюнча тергөө органдарынын өтүнүчүн карады

17.09.2014.

2014-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту, Свердлов райондук ИИБнын тергөө органдарынын 2014-жылдын 27-августунда жаӊы төрөлгөн ымыркай Анарбек кызын алдамчылык жолу менен ушул жылдын 29 августунда «Эльмира» аттуу айымга 11500сомго саткандыгына байланыштуу, КРнын КЖКнын 124-беренесинин 2-бөлүмүнүн  4-пункту, 3-бөлүмүнүн 4-пункту менен айыпталуучу Э.Л.Т. аттуу айымдын баш коргоо чарасын карап берүү тууралуу өтүнүчүн карады.

Толугураак

Нариман Тюлеевдин иши боюнча сот процесси бүгүн уланат

16.09.2014.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 10:00дө, Бишкек шаардык сотунда Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Тюлеевке карата жазык ишин кароо боюнча сот процесси уланат.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

15.09.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 15- 17- 18- сентябрына  белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 15- 16- 17- сентябрына белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 15- 16- 17- сентябрына белгиленген иштеринин тизмеси.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00