Тогуздун айы 2014

Бүгүн, 31-октябрда, Мамлекеттик тарых музейинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

31.10.2014.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Иш-чарага Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын, жергиликтүү соттордун, Жогорку Сотко караштуу судьяларды окутуу Борборунун, Сот департаментинин аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана сот аткаруучулар катышышты.

 

Толугураак

Ачык дүйнө программасынын катышуучулары АКШдан кайтып келишти

30.10.2014.

«Судьялар жана соттун аппарат кызматкерлери» аталыштагы Ачык дүйнө программасынын катышуучулары 10 күн Америка Кошмо Штаттарында болушуп, кайтып келишти.

 

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

30.10.2014.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү тууралуу» (Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, «Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Толугураак

Бишкекте соттордун аппарат кызматкерлери, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун сот аткаруучуларынын ортосунда мини-футбол боюнча мелдеш өттү

29.10.2014.

2014-жылдын 1-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнө 20 жыл толот. Буга байланыштуу, 2014-жылдын 24-октябрында, сот тутумунун кызматкерлеринин ортосунда мини-футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Район аралык соттун 2014-жылдын 29-сентябрындагы чечимине карата апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды

28.10.2014.

Бүгүн, 2014-жылдын 28-октябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарынын Район аралык сотунун 2014-жылдын 29-сентябрында «2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна карата чыгарган чечимине карата Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды.

Толугураак

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин IV жыйыны өткөрүлүүдө

27.10.2014.

Бүгүн, 2014-жылдын 27-октябрында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги IV жыйыны өткөрүлүп жатат.

 

Толугураак

ТоТ тренерлерин жогору турган соттор үчүн жарандык жана жазык иштери боюнча сот актыларына анализ жүргүзүү усулу боюнча окутушууда

21.10.2014.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору жана USAID жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасы менен биргиликте тренерлер үчүн атайын 2 күндүк «Жогору турган соттор үчүн жарандык жана жазык иштери боюнча сот актыларына анализ жүргүзүү усулу» боюнча окутуу өткөрүүдө.

Толугураак

Президент Алмазбек Атамбаев: “Биз сот реформасынын чечүүчү – сот адилеттигин турмушка ашыруунун мыйзамдык негиздерин өзгөртүү этабына чыктык”

20.10.2014.

2014-жылдын 17-октябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өттү.

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

20.10.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 20- 22- октябрына белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 20- 21- 22- октябрына белгиленген иштеринин тизмеси.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 20- 21- 23- октябрына белгиленген иштеринин тизмеси.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошеванын "Ак эмгек" журналына берген интервьюсу

17.10.2014.

«Иштейм деген адам – иштен баар табат»

 

- Айнура эже, сизди журналист, PR менеджер катары жакшы тааныйбыз. Бул эки кесипти тең аркалап келе жатасыз. Турмушуңузда кайсынысы көбүрөөк пайдалуу болду? Кепти алгач ушундан баштасак?

Албетте, журналисттик кесибим менин келечегиме жол ачып берди. Эсимде, биринчи курста окуп жүргөндө «Сары-Өзөн» телерадиокомпаниясына барып, практика өтөп калдым, (күлүп) ошондо эле менеджерлик сапаттарым байкала баштады. Сьемкаларга чыгып, ары-бери чуркап, алгачкы сюжеттеримди жасап жүрдүм. Бир күнү кайсыл бир эл аралык уюмдун чоң жыйыны болуп, мен ал тууралуу сюжет жасамай болуп калдым. Сюжет 3 мүнөттөн ашпаш керек эле. Мынчалык кыска убакытка бул жерде көтөрүлгөн маселелердин баарын батырып, элге түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес деген ойго такалдым да, практикант экениме карабай, уюмдун өкүлдөрү менен сүйлөшүп, 15 минуталык атайын репортаж кылалы деген сунуш киргизип атпаймынбы... (күлүп) Анда коомчулукта реклама деген деле түшүнүк аз. Негизи реклама боюнча мыйзамдар 1990-жылдардан кийин гана кабыл алына баштаган да. 18деги кызмын, тыкылдап жүрөм. Анан эл аралык уюмдун өкүлдөрү айтып калды: «биз жетекчибиз менен сүйлөшөлү, эфирдин баасы канча болот?» - деп.

Толугураак

Сотторго үй-бүлөлүк медиацияны киргизүү тууралуу семинар өтүүдө

16.10.2014.

2014-жылдын 15-17 октябрында, Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьяларды Окутуу Борбору, Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун «БУУ Аялдар» миграция боюнча Регионалдык программасы менен биргеликте «Сотторго үй-бүлөлүк медиацияны киргизүү боюнча  кыскача курс» деген аталыштагы семинар өткөрүүдө.

Толугураак

Жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка соттордун Төрагалар Кеӊешинин он биринчи отуруму (видео)

14.10.2014.

 

Жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка соттордун Төрагалар Кеӊешинин он биринчи отуруму (видео)

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00