Жетинин Айы 2014

Судьяларды окутуу Борбору Ош облусунун судьялары үчүн семинар өткөрдү

28.11.2014.

Бүгүн, 2014-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору, «Адилет» Укуктук Клиникасы» Коомдук Фонду менен биргеликте жана Кыргыз Республикасындагы Улуу Британия элчилигинин колдоосу менен Ош облусунун судьялары үчүн «Кыргыз Республикасынын сотторунда шайлоодогу талаш-тартыштарды чечүүнүн теориялык жана практикалык өнүттөрү» деген аталыштагы семинар өткөрдү.

Толугураак

Таалайбек Найманбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун төрагасынын кызматын ээлөөнү улантты

28.11.2014.

Бүгүн, 2014-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашеванын «Сот тутумунда коррупцияга каршы туруунун алдын-алуу чаралары» аталыштагы баяндамасы

28.11.2014.

 

БАЯНДАМА (расмий тилде)

 

«Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тармагында коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын-алуу боюнча чаралар» аталыштагы тегерек стол

Бишкек шаары, 2014-жылдын 28-ноябры

 

 

Бишкекте «Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тармагында коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын-алуу боюнча чаралар» аталыштагы тегерек стол өтүүдө

28.11.2014.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 28 ноябрда, Бишкек шаарында «Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тармагында коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын-алуу боюнча чаралар» аталыштагы тегерек стол өтүүдө.

Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ №215  «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө», 2012-жылдын

 

2-февралындагы ПЖ №26 «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыктарын жана дагы Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы коррупцияга каршы туруу боюнча Планды иш жүзүнө ашыруу алкагында өтүүдө.

Толугураак

Шамарал Майчиев Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеӊешинин төрагасы болуп шайланды

27.11.2014.

Бүгүн, 2014-жылдын 27-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеӊешинин жаӊы курамы өзүнүн биринчи отурумун өткөрдү.

 

Толугураак

Бишкекте «Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тармагында коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын-алуу боюнча чаралар» аталыштагы тегерек стол өтөт

27.11.2014.

Эртеӊ, 28-ноябрда, Бишкекте «Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тармагында коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын-алуу боюнча чаралар» аталыштагы тегерек стол өтөт.

 

Толугураак

27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеӊешинин биринчи отуруму өтөт

26.11.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы  №4468-V Токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеӊешинин биринчи отурумун өткөрүү тууралуу жарыялайт.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

24.11.2014.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 23-октябрында кабыл алынган.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

21.11.2014.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине  өзгөртүүлөрдү  жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 15-октябрында кабыл алынган.

Толугураак

Жогорку Кеӊеш Жогорку Соттун судьялары Нургүл Сатыбалдиева жана Качыке Эсенкановду Судьяларды тандоо боюнча кеӊештин курамына бекитти

20.11.2014.

Кечээ, 2014-жылдын 19-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинде, Судьяларды тандоо боюнча кеӊешке талапкерлер боюнча добуш берүү болду. Бекитилген талапкерлердин катарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялары Сатыбалдиева Нургүл Айыповна жана Качыке Эсенканов киришти.

Толугураак

Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын сотторунда шайлоодогу талаш-тартыштарды чечүүнүн теориялык жана практикалык өӊүттөрү боюнча семинар өтүүдө

14.11.2014.

Бүгүн, 2014-жылдын 14-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору, «Адилет» Укуктук Клиникасы» Коомдук Фонду менен биргеликте жана Кыргыз Республикасындагы Улуу Британия элчилигинин колдоосу менен Ысык-Көл жана Нарын облустарынын судьялары үчүн «Кыргыз Республикасынын сотторунда шайлоодогу талаш-тартыштарды чечүүнүн теориялык жана практикалык өнүттөрү» деген аталыштагы семинар өткөрүүдө.

Толугураак

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

13.11.2014.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-сентябрында кабыл алынган.

Толугураак

«Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

12.11.2014.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

 

Толугураак
 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00