Бештин Айы 2014 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Бештин Айы 2014

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашеванын Жаӊы 2015-жыл менен куттуктоосу

31.12.2014.

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди кирип келе жаткан Жаңы 2015-жылыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

Жаңы жылда Сиздердин алдыга койгон жакшы максаттарыңыздардын баары аткарылсын, элибизде, жерибизде тынчтык, бейкутчулук, токчулук жана молчулук болсун!

Ар дайым Сиздерди жакшылыктар коштоп, ар бир үй бүлөгө Жаңы жыл ынтымак, кут алып келсин! Жүрөгүңүздөргө ыйман жылоолоп, ден соолукта болуӊуздар!

Келе жаткан Жаӊы жылыӊыздар менен!

Жогорку Соттун соттук коллегияларынын иштеринин тизмеси

29.12.2014.

Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 29-декабрына белгиленген иштеринин тизмеси.

 

Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 29-декабрына берилген иштеринин тизмеси.

Жаӊы жылдык балдар балатысы Жогорку Сотто

25.12.2014.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

2014-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Жаӊы жылдык балдар балатысы өттү.

Жаӊы жылдык майрам Аяз ата менен Аяз кыздын, Жез кемпир жана башка жомок каармандарынын катышуусунда өтүп, алар бөбөктөргө ыр, күлкү, унутулгус маанай таартуулашты.

 

 

Балаты майрамына келген бөбөктөргө жаӊы жылдык көрсөтүү болуп, кызыктуу оюн-зооктор менен коштолду.

Ал эми иш-чаранын соӊунда ар бир бөбөккө таттуу белектер тапшырылды.    

Жаӊы жылдык майрамга Жогорку Соттун судьяларынын жана аппарат кызматкерлеринин балдары катышышты.

Балдар балатысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун профсоюздук комитети тарабынан уюштурулду.

Судьяларды окутуу Борбору жергиликтүү соттордун төрагалары үчүн семинар өткөрдү

24.12.2014.

2014-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору USAID/ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагалары жана бөлүм башчылары үчүн «Кыргыз Республикасынын сот тутумун финансылык пландоо» деген аталыштагы бир күндүк семинар өткөрдү.

Семинардын тренери болуп ЮСАИД/ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын эксперти Касымов Куйбулбек Касымович окутту.

Семинардын  ишине  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 10 төрагасы жана 11 бөлүм башчылары катышышты.

Бишкекте жумушка кайра орноштуруу боюнча иштерди соттордо кароо боюнча семинар өтүүдө

22.12.2014.

Бүгүн, 22-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн «Жумушка кайра орноштуруу боюнча иштерди соттордо кароо» деген аталыштагы бир күндүк семинар өткөрүүдө.  

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору болуп Рустам Ибраимов дайындалды

19.12.2014.

2014-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеӊеши Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Ф.З. Жамашеванын Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директоруна Ибраимов Рустам Изираилович боюнча макулдук берүү тууралуу сунуштамасын карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын «Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесин колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору кызматына Ибраимов Рустам Изираиловичти дайындоого макулдук берүү тууралуу чечим чыгарды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Ф.З. Жамашеванын 2014-жылдын 10-декабрындагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору кызматына Ибраимов Рустам Изираилович дайындалды.

Жогорку Соттун БЮЛЛЕТЕНИ

18.12.2014.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кезектеги Бюллетени чыкты.

Бюллетень Германиалык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» программанын жардамы менен чыгарылды. Бюллетень 1991-жылы январда негизделген.

 

Толугураак төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаӊыздар болот:

 

БЮЛЛЕТЕНЬ

Судьяларды окутуу Борбору Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлерине семинар өткөрдү

17.12.2014.

2014-жылдын 16-декабрында, Бишкекте, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору жана USAID жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлери үчүн «Кыргыз Республикасынын сот тутумунда мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн актуалдуу маселелери» деген аталыштагы бир күндүк семинар өткөрдү.

Толугураак

Жогорку Соттун аппарат кызматкерлери Ардак грамоталар жана медаль менен сыйланышты

15.12.2014.

Бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Аппарат кызматкерлери Кыргыз Республикасынын 90 жылдык мааракесине карата Сотто көп жыл үзүрлүү эмгектенгендиги жана кесипкөйлүгү үчүн Ардак грамоталар жана медаль менен сыйланышты.

 

 

Толугураак

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 90 жылдыгына карата куттуктоосу

15.12.2014.

Урматтуу судьялар жана сот коомчулугунун өкүлдөрү!

Кыргызстандыктар менен чогуу өлкөнүн сот системасы да калыптануунун татаал жолун басып өттү.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан укуктук мамлекетти курууга багыт алды. Коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш жүрүүдө. Өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү орношу керек. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, Кыргызстандын улуттук таламдарын коргоону камсыз кылуу өтө маанилүү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өзгөчө орду мына ушунда экендигин баса белгилейм.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00