Бирдин Айы 2015

Милиционерлерди өрттөп, өлтүргөндөргө өкүм чыкты

27.02.2015.

2013-жылдын 1-декабрында, Нарын областынын ИИМнин 3 кызматкери, милициянын прапорщиги Б.Ч.Ш., милициянын ага лейтенанты С.Ж.Э. жана милициянын майору Т.Р.Т. Чаек айылынын тургуну А. Мамбеталиевдин автоунаасын токтотуп, ага карата кызмат адамдары катары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чабышып, зомбулук колдонушуп, Мамбеталиевди коркутуп, урушкан. Натыйжасында, алган жараттарынан А. Мамбеталиев каза тапкан.

Толугураак

Нарын облусунун 2 милиция кызматкери 15 жылга соттолду

26.02.2015.

Чүй облусунун Кемин райондук сотунун 2015-жылдын 25-февралындагы өкүмү менен Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын тез чара көрүүчү атайын отрядынын кызматкери, милициянын прапорщиги Б.Ч.Ш. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 305-ст. (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) 2-б, 3,4,5-п.п. 104-ст. (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) 4-б, менен күнөөлү деп табылып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 305-ст. 2-б, 3,4,5-п.п. менен үй-мүлкүн конфискациялабастан, 6 (алты) жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылып, ички иштер органдарынан иштөө укугунан 3 (үч) жылдык мөөнөткө ажыратылсын, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 104-ст. 4-б. менен 14 (он төрт) жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылсын.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

21.02.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту А. Келдибековдун бөгөт коюу чарасын тандады

20.02.2015.

Бүгүн, 20-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту А. Келдибековдун бөгөт коюу чарасын карап, Келдибековду үй камагында калтырды. Кийинки сот отуруму үстүбүздөгү жылдын 3-мартына белгиленди.

Борбордо «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» ММПны иш жүзүнө ашыруу боюнча тегерек стол өттү

20.02.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 20-февралда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеӊеши жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору USAID/ИДЛОнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программаны (ММП) иш жүзүнө ашыруу. Кыргыз Республикасынын сотторун финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону өнүктүрүү аталыштагы тегерек стол өткөрүштү.

Толугураак

Бишкекте «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» ММПны иш жүзүнө ашыруу боюнча тегерек стол өтөт

19.02.2015.

Эртең, 2015-жылдын 20-февралында, Бишкекте «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программаны (ММП) иш жүзүнө ашыруу. Кыргыз Республикасынын сотторун финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону өнүктүрүү боюнча тегерек стол өтөт.

Катышуучуларды каттоо саат 08:30дан 09:00гө чейин.

Тегерек столдун башталышы саат 09:00дө.

Дареги: «Парк Отель Бишкек» мейманканасынын конференц-залы, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 87.

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

18.02.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 17-февралда А. Саяпинге карата жазык ишин карайт

16.02.2015.

Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында, саат 15:00дө, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Александр Саяпинге карата жазык иши боюнча соттук отуруму өтөт. Отурум ачык.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 2-февралында, А. Саяпиндин кошунасы Н.И. Мезинага карата сот өкүм чыгарган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Наталья Ивановна Мезинаны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кылмышты жаап-жашыруу) жана 241-беренесинин 1-бөлүгүндө (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоодо күнөөлүү деп табып, Н. Мезина 6 (алты) жылга эркинен ажыратылып, жазасын жатак-абактан өтүү белгиленген. 

Жогорку Соттун кезектеги Пленуму өттү

13.02.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2015-жылдын 13-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун отуруму болуп өттү.                         

Пленумдун күн тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун «Ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо тууралуу талаштарды чечүү боюнча соттук тажрыйба жөнүндө» токтомун кабыл алуу жана башка маселелер каралды.

Толугураак

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

12.02.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00