Жалган Куран 2015

Бишкек шаарынын район аралык сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоонун биринчи айлампасынын (3-күн) жыйынтыктары

31.03.2015.

Садыкова Анара Калмаматовна – 20 упай, Садырова Чинара Идрисовна – 20 упай, Эшалиев Азис Маратович – 20 упай, Эгембердиева Анар Раимжановна – 19 упай, Райымкулов Билим Сардалбекович – 18,5 упай, Нурмамбетов Эрмек Болотканович – 17,5 упай, Ташибеков Артур Ашимбекович – 17,5 упай, Саяков Жанышбек Ильясович – 17 упай.

 

ТАБЛИЦА

Эки жаштагы баланын туугандарына карата сот процесси 2-апрелде башталат

31.03.2015.

2015-жылдын 24-мартында Чүй облусунун Аламедин райондук соту эки жаштагы баланын атасына карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 161-беренеси (Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен өкүм чыгарды.

Күнөөлүү деп табылган туугандарына карата сот процесси 2015-жылдын 2-апрелинде, ушул эле Аламедин райондук сотунда болот. Процесс жабык режимде өтөт.

«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамынын ченемдик жоболорунун конституциялуугун текшерүү жѳнүндѳ иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечими

31.03.2015.

2015-жылдын 11-мартында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесинин 1-, 4-бѳлүктѳрүнүн, 15-беренесинин, 21-беренесинин 6-бѳлүгүнүн, 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-, 6-пунктунун, 4-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 5-бѳлүгүнүн 6-пунктунун, 26-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-, 3-пункттарынын, 32-беренесинин 5-, 6-бѳлүктөрүнүн ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деген чечимин чыгарды.

Толугураак

Бишкек шаарынын район аралык сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоонун биринчи айлампасынын (2-күн) жыйынтыктары

30.03.2015.

Бекбаева Нурия Хусаиновна – 20 упай, Есеналиева Гульжан Шаршанбековна – 20 упай, Музукеева Эльнура Каныбековна – 19,5 упай, Касымалиев Бакыт Мукамбетович – 19 упай, Масыбаев Турарбек Джакыпбаевич – 19 упай, Карагулова Бермет Бейшеновна – 18,5 упай.

 

ТАБЛИЦА

Судьяларды тандоо боюнча кеӊеши кезектеги отурумун өткөрүүдө

30.03.2015.

Бүгүн, 2015-жылдын 30-мартында, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеӊеши өзүнүн жыйналышын өткөрүүдө. Анда Бишкек шаардык райондор аралык сотунун бош кызмат орундарына жарыяланган сынактын биринчи айлампасынын суроолору жана башка маселелер талкууланмакчы.

Судьяларды окутуу Борбору Кыргызстандын судьялары үчүн тренинг өткөрүүдө

30.03.2015.

Бүгүн, 30-мартта, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору Сот тутумун бекемдөө боюнча ЮСАИД/ИДЛОнун Программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн «Жарандык жана жазык иштери боюнча сот актыларын талдоо усулу» боюнча тренинг өткөрүүдө.

Толугураак

Сот К. Кадарылиевге карата бөгөт коюу чарасын тандады

30.03.2015.

2015-жылдын 27-мартында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту мурдагы прокурор Канжар Кадыралиевге карата бөгөт коюу чарасын карап, 1 айга, б.а. 2015-жылдын 26-апрелине чейин камакка алуу чечимин кабыл алды.

К.Кадыралиев ооруканада болгондугуна байланыштуу, ал кайтарууга алынды.

Сот БПнын тергөө башкармалыгынын башчысына карата бөгөт коюу чарасын тандады

27.03.2015.

2015-жылдын 26-мартында, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын башчысы К.Аге карата бөгөт коюу чарасын карап, 2 айга, б.а. 2015-жылдын 19-майына чейин камакка алуу чечимин кабыл алды.

 

 

А. Келдибековдун иши боюнча сот отуруму 31-мартта уланат

27.03.2015.

2015-жылдын 31-мартында, саат 14:00дө, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Ахматбек Келдибековдун жазык иши боюнча сот отуруму уланат.

 

Бишкек шаарынын район аралык сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоонун биринчи айлампасынын (1-күн) жыйынтыктары

27.03.2015.

Борончиева Гульсана Исмаиловна – 20 упай, Досмамбетова Чолпон Монодоровна – 20 упай, Абдыкадыров Куралбек Амантаевич – 19.5 упай, Алымкулов Мыктарбек Сатылганович – 19.5 упай, Алымкулов Айдарбек Бекишович – 18 упай, Байдаева Лейла Алиевна – 18 упай, Аскарбеков Арстанбек Аскарбекович – 16.5 упай, Абдраева Рахат Ибраимовна – 13.5 упай.

ТАБЛИЦА

Судьяларды тандоо боюнча кеӊешинин 2015-жылдын 27-мартына күн тартиби

26.03.2015.

2015-жылдын 27-мартында, саат 09:00дө, Бишкек шаардык сотунун имаратында (Бишкек шаары, С. Ибраимов көчөсү, 64, иш бөлмө - 1)  Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеӊешинин отуруму болот. Бардык суроолор боюнча (0558) 88-72-34; (0312) 48-61-13 телефондору боюнча кайрылууга болот.

Күн тартиби:


1. Бишкек шаарынын Район аралык сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоонун биринчи айлампасы;
2. Ар кандай маселелер.

Чүй облусунун район аралык сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоонун биринчи айлампасынын (2-күн) жыйынтыктары

26.03.2015.

Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович – 20 упай, Осмонова Шааркул Келдибековна – 19,5 упай, Узакбаев Азамат Насырович – 19,5 упай, Эсенаманова Чолпон Замирбековна – 19,5 упай, Султаналиев Нурлан Туруспекович – 19 упай, Укубаева Раиса Галияровна – 18,5 упай, Солпуев Азамат Орозович – 15,5 упай.

 

ТАБЛИЦА

Чүй облусунун район аралык сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоонун биринчи айлампасынын (1-күн) жыйынтыктары

26.03.2015.

Ахметова Айнура – 20 упай, Курманов Ашырбек Такишович – 19,5 упай, Асанов Эрлан Джекшенбекович – 19 упай, Маматаиров Бектур Бекболотович – 18,5 упай, Нурунбетов Жыргалбек Балтагулович – 18 упай, Джээнбекова Альбина Бакеновна – 17,5 упай, Бектемирова Салтанат Кубанычбековна – 16,5 упай, Акматалиев Алмаз Сейитбекович – 16 упай, Асаналиева Гульзат Амантуровна – 13,5 упай, Абелдиева Эльвира Тилековна – 10 упай.

ТАБЛИЦА

26-мартта А. Келдибековдун жазык иши боюнча сот отуруму уланат

25.03.2015.

Эртең, 26-мартта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Ахматбек Келдибековдун жазык иши боюнча сот отуруму уланат.

Отурумдун башталышы саат 15:00дө.

Сот мамлекеттик селекциялык асыл тукум борборунун директору пара бергендиги үчүн өкүм чыгарды

24.03.2015.

2015-жылдын 19-мартында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мамлекеттик селекциялык асыл тукум борборунун директору Байтемиров Баялин Джанышевичке карата пара бергендиги үчүн өкүм чыгарды.

Толугураак

А. Келдибековдун иши боюнча сот отуруму бүгүн уланат

24.03.2015.

Бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 24-мартында, саат 14:00дө, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Ахматбек Келдибековдун жазык иши боюнча сот отуруму уланат.

 

 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00