Чын Куран 2015

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизилди

30.04.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жооперчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

Чуй областынын райондук сотторуна конкурс жарыяланды

29.04.2015.

К У Л А К Т А Н Д Ы Р У У

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кенеши Чуй областынын Аламудун райондук сотунун 9 бош кызмат ордуна, Чуй областынын Жайыл райондук сотунун 7 бош кызмат ордуна, Чуй областынын Кемин райондук сотунун 3 бош кызмат ордуна, Чуй областынын Москва райондук сотунун 6 бош кызмат ордуна, Чуй областынын Панфилов райондук сотунун 2 бош кызмат ордуна, Чуй областынын Сокулук райондук сотунун 8 бош кызмат ордуна, Чуй областынын Токмок шаардык сотунун 5 бош кызмат ордуна, Чуй областынын Чуй райондук сотунун 3 бош кызмат ордуна жана Чуй областынын Ысык-Ата райондук сотунун 7 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт.

Толугураак

Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктары токтотулду

28.04.2015.

Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу 2015-жылдын 26-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун төрагасы Астаркулов Шаршенбек Касаболотовичтин ыйгарым укуктары токтотулду.

Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 23-апрелинде кол койгон.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктары токтотулду

28.04.2015.

Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу 2015-жылдын 23-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Оморова Максуда Мадиевнанын ыйгарым укуктары токтотулду.

Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 23-апрелинде кол койгон.

Жалал-Абад облусунда Жогорку Кеӊештин комитетинин көчмө жыйыны өтүүдө

27.04.2015.

Бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад облусунда Жогорку Кеӊештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүп жатат. Депутаттар иш-чара алкагында облус аймагындагы райондук жана шаардык соттордун имараттарынын жана жарандардын сотко жетимдүүлүгүнүн абалы менен таанышууда. Бүгүнкү таанышуу иштери Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондук сотторунда болмокчу.

Толугураак

А. Келдибековдун иши боюнча сот отуруму эртең уланат

27.04.2015.

Эртең, 2015-жылдын 28-апрелинде, саат 14:00дө, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Ахматбек Келдибековдун жазык иши боюнча сот отуруму уланат.

 

 

Экинчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьяларын окутуу аяктады

24.04.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2015-жылдын 24-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын II инстанциядагы жергиликтүү сотторунун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча I топ үчүн курс аяктады.

 

Толугураак

Ош облусунун район аралык сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктары

23.04.2015.

Абдугапаров Алмаз Абибуллаевич – 7,522 упай, Аманов Союзбек Камчыбекович – 7,435, Кулакматов Базарбай Орозматович – 8,543, Курманбеков Темирбек Улукбекович – 6,87, Пирматов Каныбек Алимканович – 9,609, Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич – 9,565, Сыдыков Космосбек Аскарбекович – 7,761.

 

ТАБЛИЦА

Баткен облусунун район аралык сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктары

23.04.2015.

Жаманкулов Мелис Раимбердиевич – 9,674 упай, Жумабаев Таалайбек Атамбекович – 6,522, Каримбеков Ниматилла Исмаилович – 8,087, Туленбаев Таирбек Абдумаликович – 9,435.

 

 

 

ТАБЛИЦА

Жалал-Абад облусунун район аралык сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктары

23.04.2015.

Абылов Кубат Нуралиевич – 6,958 упай, Айжигитов Арстанбай Абдрашитович – 8,438, Жолдошев Иматилла Султанбаевич – 7,562, Жолчу кызы Сапаргул – 7,583, Каипова Нурила Кочкоровна – 8.938, Мажитов Бакытбек Омурзакович – 9,854.

 

 

ТАБЛИЦА

Жогорку Соттун соттук коллегиясы К. Кадыралиевдин бөгөт коюу чарасы боюнча даттанууну карады

22.04.2015.

Бүгүн, 2015-жылдын 22-апрелинде, Жогорку Соттун соттук коллегиясы Канжар Кадыралиевдин бөгөт коюу чарасы боюнча көзөмөл даттанууну карады.

 

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00