Бугу 2015 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Бугу 2015

Экинчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын судьяларын окутуу аяктады

30.05.2015.

2015-жылдын 29-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын II инстанциядагы жергиликтүү сотторунун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча III топ үчүн курс аяктады.

 

Толугураак

Райондор аралык соттордун төрагалары шайланды

29.05.2015.

Кечээ, 2015-жылдын 28-майында, райондор аралык соттордун Төрагалары шайланды.

 

 

Толугураак

Бишкек шаарынын жана Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустарынын Райондор аралык сотторунун судьялары ант беришти

28.05.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2015-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун жана Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустарынын райондор аралык сотторунун жаӊы шайланган 11 судьясы ант беришти.

 

Толугураак

Судьяларды тандоо боюнча кеӊеши кезектеги отурумун өткөрүүдө

28.05.2015.

Бүгүн, 2015-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеӊеши кезектеги отурумун өткөрүүдө.

Күн тартиби:
1. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна сынактык тандоонун экинчи айлампасы;
2.   Ар кандай маселелер.

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун райондук сотторуна сынактык тандоого тапшырган талапкерлердин тизмеси

26.05.2015.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна

Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна

Чүй облусунун Кемин райондук сотуна

Чүй облусунун Москва райондук сотуна

Чүй облусунун Панфилов райондук сотуна

                                                          Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна

                                                          Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна

                                                          Чүй облусунун Чүй райондук сотуна

                                                          Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна

 

 «Эркин Тоо» гезити,
 2015-жылдын 22-майы,
№46-47 (2517-2518)

Б. Абдыкапаровдун иши боюнча сот отуруму бүгүн уланат

25.05.2015.

Бүгүн, 25-майда, саат 14:00дө, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бакыт Абдыкапаровго карата жазык иши боюнча сот отуруму уланат.

 

 

Экинчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын судьялары үчүн окутуу башталды

25.05.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2015–жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын экинчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу максатында Комплекстик окуу программасы боюнча III топ үчүн курс уланууда. Окуу административдик жана экономикалык иштер боюнча облустук соттордун соттук коллегияларынын судьяларына өтүүдө. Окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 5 окуу күнүн түзүп, 29-майда аяктайт.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

22.05.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

Экинчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун жарандык иштер боюнча судьяларды окутуу аяктады

22.05.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2015-жылдын 22-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын II инстанциядагы жергиликтүү сотторунун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча II топ үчүн курс аяктады.

 

Толугураак

КРнын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты А. Келдибеков жана башкаларга карата жазык иши боюнча сот процессинен

22.05.2015.

2015-жылдын 20-майында айыпталуучулар А. Келдибеков жана Б. Аманалиеванын жазык иши боюнча негизги күбөлөр Ж. Паязов, У. Ашимов жана кошумча күбөлөр катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Узакбаев Талантбек, Кадыралиева Ыргал, Коркмазов Хаджимурат, Бекешев Дастан суракка алынышты.

 

Толугураак

Ж. Саалаев жана К. Абдиев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялары болуп шайланышты

21.05.2015.

Бүгүн, 21-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына Жедигер Саалаев жана Курмантай Абдиевдин талапкерлигин жактырды.

 

 

Сүрөт www

К. Кадыралиевге карата жазык иши сотко келип түштү

21.05.2015.

Экс-прокурор Канжарбек Кадыралиевге карата жазык иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна келип түштү.

Бул жазык иши боюнча сот процессинин күнү жана сааты белгиленгенде, кошумча маалымдалат.

 

Сүрөт www

Башкы прокуратура К. Самаковго карата соттун токтомун өзгөртүү өтүнүчүн келтирди

21.05.2015.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаковго карата бөгөт коюу чарасы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 17-майындагы токтомундагы үй камагын – камакка алууга өзгөртүп берүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна даттанды.

Толугураак

К. Арпачиевке карата жазык иши сотко келип түштү

21.05.2015.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиевке карата жазык иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна келип түштү.

Бул жазык иши боюнча сот процессинин күнү жана сааты кошумча билдирилет.

Сүрөт www

Жогорку Соттун жетекчиси ЮСАИД/ИДЛО Программасынын өкүлдөрү менен жолукту

19.05.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2015-жылдын 19-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашеванын Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча ЮСАИД/ИДЛО Программасынын аймактык директору Фред Хьюстон менен жолугушуусу болду.

 

Толугураак

Жарандык иштер боюнча соттун II инстанциясынын судьялары үчүн окутуу башталды

19.05.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борборунда 2015–жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун II инстанциядагы судьяларынын квалификациясын жогорулатуу максатында Комплекстик окуу программасы боюнча курс уланды. Окуу жарандык иштер боюнча соттордун II инстанциядагы соттук коллегияларынын судьяларына өтүүдө. Окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 5 окуу күнүн түзүп, 22-майда аяктайт.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00