Теке 2015 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Теке 2015

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун төрагалары шайланды

30.06.2015.

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун жаӊы шайланган  судьялары соттордун Төрагаларын шайлашты.

- Чүй облусунун райондор аралык сотунун Төрагасы болуп Курманов Ашырбек Такишович шайланды;

- Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун Төрагасы болуп Есеналиева Гүлжан Шаршенбековна шайланды.

Толугураак

К. Киргизбаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланды

29.06.2015.

2015-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына Куанбек Киргизбаевдин талапкерлигин жактырды.

“Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду

29.06.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Аялдарга жана жашы жетпегендерге  мунапыс жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 21-майында кабыл алынган.

 

Толугураак

Бишкекте 2016-жылга сот тутумунун Программалык бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өтүүдө

26.06.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 26-июнда, Бишкекте 2016-жылга сот тутумунун Программалык бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өтүүдө.

 

 

Толугураак

Ууру кылгандыгы үчүн беш жылга эркиндигинен ажыратылган

26.06.2015.

Соттолуучу Кан Артем 2013-жылдын 4-октябрында, болжол менен саат 12:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы К. аттуу жаранга тиешелүү үйдүн ичине кирип «Нокиа 11 12» маркасындагы мобилдик телефонду, жынсы шымды жана жемпирди уурдап кеткен. Ошону менен ал  К. аттуу  жаранга 3 900 сом (үч миң тогуз жүз) материалдык залал келтирген.

 

Толугураак

Киши өлтүрүү беренеси менен 11 жылга эркиндигинен ажыратылды

25.06.2015.

1989-жылы туулган, билими орто, бойдок, эч жерде иштебеген, мурда соттолбогон, Бекжанов Бактыбек Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2013-жылдын 7-июнундагы өкүмү менен, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-беренесинин (Киши өлтүрүү) 1-б. менен күнөөлүү деп табылып, ал боюнча 11 (он бир) жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү белгиленген.

Толугураак

“Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

25.06.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

Бишкекте 2016-жылга сот тутумунун Программалык бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өтөт

25.06.2015.

Эртең, 2015-жылдын 26-июнунда, Бишкекте 2016-жылга сот тутумунун Программалык бюджетинин долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өтөт.

Катышуучуларды каттоо саат 15:00дөн 15:30га чейин.
Тегерек столдун башталышы саат 15:30да.
Дареги: «Жаннат Ридженси» мейманканасынын «Columns» залы, Бишкек шаары.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын ишеним телефондору

24.06.2015.

Укуктук камсыздоо башкармалыгы – (0312) 68-09-95

САКТнүн иш аракетин көзөмөлдөө бөлүмү – (0312) 68-10-98

Соттор менен өз ара аракеттешүү, эл аралык милдеттемелерди аткаруу, соттук статистика жана анализдөө бөлүмү – (0312) 46-41-13

Мамлекеттик кызмат жана уюштуруу-кадрдык иш бөлүмү – (0312) 48-61-14

Булактарды башкаруу бөлүмү – (0312) 62-27-14

Бухгалтердик эсеп жана каржы талдоо бөлүмү – (0312) 62-27-17

Адамдын саламаттыгына оор залакат келтиргендиги үчүн 10 жылга эркиндигинен ажыратылды

24.06.2015.

Ош областык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 12-мартындагы өкүмү менен Момунов Акылбек Кыргыз Республикасынын КЖКнин 104-ст. (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) 4-б. (Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде) менен 10 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү белгиленген.

Толугураак

Каракчылык үчүн 2 адам эркиндигинен ажыратылган

23.06.2015.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2014-жылдын 26-майындагы өкүмү менен, 1995-жылы туулган, орто билимдүү, бойдок, жалданып иштеген, мурда соттолбогон Саламат уулу Таалай Кыргыз Республикасынын КЖКнин 168-ст. 3-б. 2-п. (Каракчылык) менен күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 5 (беш) жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абагында өтөөсү белгиленген.

Толугураак

Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Жамашеванын Мамлекеттик кызматкерлердин күнү менен куттуктоосу

23.06.2015.

Урматтуу кесиптештер!

Урматтуу мамлекеттик кызматтын ардагерлери!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жамаатынын жана өзүмдүн атымдан Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мамлекеттик кызмат – мамлекеттик башкаруу аппаратындагы кесиптик ишмердүүлүк. Мамлекеттик кызматкер кандай гана кызматта болбосун, ал мамлекеттик башкаруу аппаратында өзүнүн өзгөчө, олуттуу ролу менен белгилүү.

Өлкөбүздүн бүтүндүгүн бекемдөөгө, укуктук мамлекет катары калыптанышына сиздердин кошкон салымыңыздар өтө зор экендигин белгилей кетким келет.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап жатып, баардыгыңыздарга бекем ден соолук, бейпилдикти каалайм, ишиңиздерди ийгилик коштоп, үй-бүлөңүздөр менен бактылуу болуңуздар!

Урматым менен,
Феруза Джамашева
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Сотунун Төрайымы

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун жаңы шайланган судьялары ант беришти

22.06.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2015-жылдын 22-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун жаңы шайланган судьялары Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда ант беришти.

 

 

Толугураак

Ош шаарында экинчи инстанциядагы соттордун судьялары үчүн эки күндүк семинар өтүүдө

22.06.2015.

Бүгүн, 2015-жылдын 22-июнунда, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борбору сот тутумун бекемдөө боюнча ЮСАИД/ИДЛОнун Программасы менен биргиликте экинчи инстанциянын судьялары үчүн «Жогору турган соттор үчүн жарандык жана жазык иштери боюнча сот актыларды талдоо усулдугу» деген аталышта семинар өткөрүүдө.

 

Толугураак

Судьяларды тандоо боюнча кеӊешинин 22-июнга күн тартиби

22.06.2015.

Бүгүн, 2015-жылдын 22-июнунда, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеӊеши кезектеги отурумун өткөрүүдө.

Кеңештин күн тартиби:
1. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна сынактык тандоонун биринчи айлампасы;
2. Ар кандай маселелер.

Судьялардын окуу борбору Кыргыз Республикасынын райондор аралык сотторунун биринчи жолу дайындалган судьяларын Комплекстик окуу программасы боюнча окутууну баштады

22.06.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2015-жылдын 22-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августагы №147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программаны аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борбору USAID/IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын жана GIZ «Борбордук Азия өлкɵлɵрүнɵ укуктук мамлекеттүүлүккɵ кɵмɵк кɵрсɵтүү» Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын райондор аралык сотторунун биринчи жолу дайындалган судьялык стажы жок судьяларына Комплекстик окуу программасын баштады (IV топ).

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00