Кулжа 2015 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Кулжа 2015

Чуй областтык сотундагы судья А.Жумагуловдун иш бөлмөсүндөгү өрт тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы төмөндөгүнү билдирет

31.07.2015.

Чуй областтык сотунун берген маалыматында, 2015-жылдын 30-июль түнү болжол менен саат 03:28де белгисиз беткапчан эки адам Чүй областтык сотунун экинчи кабатынын өрт өчүрүү эшик тарабынан киришип, судья А.Жумагуловдун эшигин талкалап, иш бөлмөсүндөгү сейфтен 8 томдон турган жазык иштин 6 томун уурдап, чыгып баратып өрт коюп кетишкен.

Толугураак

Соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн айыпка тартылышты

31.07.2015.

Ысык-Көл областынын Балыкчы шаардык сотунун 2013-жылдын 14-ноябрындагы өкүмү  менен 1961-жылы туулган, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, мурда соттолбогон, туруктуу иштеген жери жок Бейшеев Талантбек Абдулакимович жана 1963-жылы туулган, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, мурда соттолбогон, “Ысык-Көл Плюс” агропромкурулуш фирмасы” ЖЧКдун жетекчиси болуп иштеген Садыкова Гульмира Асанкуловна Кыргыз Республикасынын КЖКнин 338 (Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбагандык) беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ар бирине 10 000 сомдон айып салынган.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизилди

31.07.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – мамлекеттик тилдеги Граждандык кодекстин 1149-статьясынын 1-пунктунун расмий тилдеги тексти менен түрдүүчө окулушун жоюу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Сүрөт www

Баңгизат үчүн 12 жылга эркиндигинен ажыратылды

30.07.2015.

Тергөө органы тарабынан Бегалиев Ы. Т. 2014-жылдын 20-сентябрында болжол менен саат 08-00 чамасында Нарын шаарында кудасы А. Б. менен жолугуп, ал Тогуз-Торо районуна барып чөпкө иштеп келүүлөрүн айтканда ага кошулуп, жолдо автоунаа токтотуп, Тогуз-Торо районуна бара жатканда А. Б. баңги каражатын чогултууларын билдирип, экөө алдын ала макулдашып, Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Кайың жайлоосуна болжол менен саат 17-00 чамасында жетишип, ал жерде баңги каражатын өздөрү ала келген кайчылар менен кыркып даярдап, 2014-жылдын 21-сентябрында кыркылган жапайы кара куурайды кайчы менен майдалашып, таарга кургатуу үчүн жайып коюшуп, кайра кара куурай кыркып жатышкан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалышып, калыстардын катышуусунда 18 кг. 750 гр. марихуана баңги каражаты алынган, деп айыпталат.

Толугураак

Адам өлтүргөндүгү үчүн 19 жылга эркиндигинен ажыратылган

29.07.2015.

Тергөө органы тарабынан Алманбетов Н. М. 2011-жылдын 12-майында саат 14-00 чамасында мас абалында Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы райондук борборлоштурулган ооруканага барып, ал жерде мээрбан болуп иштеген өзүнүн аялы М. Ч.ны жумуш ордунан сыртка чакырып чыгып, оорукананын короосунда анын өмүрүн себепсиз кыюу максатында алып келген аш бычагы менен келинчегинин мойнунун сол тарабындагы уйку кан тамырын кырка сайып, аны менен токтоп калбастан аны жерге басып алып, зөөкүрлүк аракеттерди жасап, денесинин оң жагына, артына, оң бөйрөгүнүн тушуна, сол билегинин орто ченине, оң билегинин сырткы ылдый тарабына, оң колунун булчуңуна уруп сайып, өзгөчө мыкаачылык менен өмүрүн кыйган, деп айыпталат.

Толугураак

Оксана Малеванаяга карата жазык иши сотко өткөн эмес

29.07.2015.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун басма сөз кызматы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан келип түшкөн маалымат боюнча төмөнкүнү билдирет. Айрым массалык маалымат каражаттарына Президенттин катчылыгынын мурдагы башчысы Оксана Малеванаяга карата жазык иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өттү деген маалымат жарыяланган. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. 2015-жылдын 29-июлунун саат 10:30 убактысына Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун кеңсесине жогоруда айтылган жазык иши келип түшкөн эмес.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

24.07.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

Баңгизаттар үчүн мүлкү конфискацияланып, беш жылга эркиндигинен ажыратылган

24.07.2015.

2014-жылдын 9-августунда саат 11:30 чамасында милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүп жаткан маалда, Жайыл районундагы Полтавка айылынын аймагындагы бир үйдүн жанынан В. Еременко кармалган. Еременконун оң колунан полиэтилен баштыкчасынан өзгөчө жыттынган кара-кочкул жашыл заты, 31,5 кг салмагында жапайы өсүүчү кара куурай (марихуана) табылган.

Толугураак

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктары

23.07.2015.

Шаршеналиев Ж.А. – 9.705 упай, Мусуралиева А.С. – 9.619, Кошокова Г.Ж. – 9.55, Найманбаев Т.Ж. – 9.333, Садыкова А.К. – 8.841, Узакбаев А.Н. – Касымалиев Б.М. – 8.025, Мурзалиев С.Н. – 9.024, Зикиров А.К. – 7.976, Берюева А.Д. – 7.762, Аттокуров Ж.А. – 8.048, Мамбетакунов А.М. – 7.175, Асылов Т.А. – 9.405, Узакбаева Ж.А. – 7.864, Сагыналиев Ж.Н. – 7.318, Сагитова З.К. – 7.105, Маматалиева А.С. – 8.2, Байсов К.Т. – 7.548, Култаев К.З. – 7.475, Чекеева А.Т. – 7.614, Бердалиев М.Р. – 7.5, Мамырбаева Д.М. – 7.262, Аракеева А.А. – 7.095, Исманов К.А. – 6.55.

ТАБЛИЦА

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

22.07.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

22.07.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун жаңы шайланган судьялары ант беришти

21.07.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2015-жылдын 21-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда судьялардын ант берүү расмий аземи болуп өттү. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун жаӊы шайланган 12 судьясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьяларынын катышуусунда ант беришти.

 

Толугураак

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктары

21.07.2015.

Кошокова Гульжана Жарматовна – 9.55 упай, Касымалиев Бакыт Мукамбетович – 8.025, Зикиров Арзыбек Камчибекович – 7.976, Берюева Анаркуль Декановна – 7.762, Аттокуров Жолдошбек Абдрахманович – 8.048, Асылов Толомуш Акматович – 9.405, Маматалиева Айнура Сайбидиновна – 8.2, Байсов Кылыч Таштанбекович – 7.548, Култаев Кубанычбек Зулуевич – 7.475, Бердалиев Мэлис Рыскулбекович - 7.5, Аракеева Айнура Асеиновна –7.095, Исманов Кубанычбек Ахматович – 6.55.

 

 

ТАБЛИЦА

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялар курамы алмашты

20.07.2015.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге 2015-жылдын 6-июлунда Бишкек шаарындагы Биринчи май  райондук сотунун судьяларынын кызматына дайындоо үчүн 14 талапкер боюнча сунуш киргизген.

 

Толугураак

Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

20.07.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00