Баш Оона 2015

Аскердик соттун төрагасы Нурлан Ашымбеков Жогорку Соттун судьяларына жана аппарат кызматкерлерине медаль тапшырды

28.08.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасы Нурлан Ашымбеков Жогорку Соттун судьяларын жана аппарат кызматкерлерин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен өзүнүн жана жалпы Аскердик соттун жамаатынын атынан куттуктады. Ошондой эле, Аскердик соттун төрагасы Жогорку Соттун судьяларын жана аппарат кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун «Кыргыз Республикасынын Аскер сотуна 20 жыл» мааракелик медалы менен сыйлады.

Медаль алгандар: Базаралиева А.М., Джандралиев Ж.Э., Давлетярова И.А., Райимкулова А.Р., Бекмухамедова Д.Н., Абдиева Ж.К.

Бишкекте ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку Сотторунун Төрагаларынын онунчу Кеңешмеси өтөт

28.08.2015.

2015-жылдын 3нөн 6-сентябрына чейин Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин Жогорку Сотторунун Төрагаларынын онунчу Кеңешмеси өтөт.

 

 

Толугураак

Кыргызстандын судьялары эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда

28.08.2015.

Казак кесиптештеринин чакыруусу менен бүгүн, 28-августта, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Ирина Воронцова менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Кайсын Абакиров «Казакстан Республикасынын Конституциясына 20 жыл: булактары, теориясы жана заманбап тажрыйба» аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.

Конференция Казакстандын Жамбул облусунун Тараз шаарында өтүүдө.

Оксана Малеванаяга карата жазык иши боюнча сот процесси кийинкиге калтырылды

27.08.2015.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун басма сөз кызматы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан келип түшкөн маалымат боюнча төмөнкүнү билдирет. Оксана Малеванаянын адвокаты аны коргоодон баш тартты, ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине  О. Малеванаяга адвокат берүү тууралуу кат жазат.

Толугураак

Жогорку Сот Жогорку Кеңештин экс-депутаты Б. Абдырасаковго карата жарандык ишти карады

27.08.2015.

26-августта Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы көзөмөл иретинде Т.Ж. Кермалиевдин арызын ачык соттук отурумда карады.

 

 

Толугураак

Жогорку Соттун төрагасынын орун басары эксперттер менен жолугушту

26.08.2015.

Бүгүн, 2015-жылдын 26-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда көзөмөл органдын Төрагасынын орун басары Бактыгүл Аманалиева, Жогорку Соттун судьясы Болотбек Акматов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борборунун директору Жылдыз Кожокматованын «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоорунун эксперттери Радость Матерон, Жан-Бастиен Рисон жана Вероник Кадоре менен жолугушуусу болду.

Толугураак

Өмүрбек Жанышовдун (Омар) бөгөт коюу чарасы өзгөртүлдү

26.08.2015.

Бүгүн, 26-августта, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Жанышов Өмүрбектин (Омар) бөгөт коюу чарасын карап, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Т. Сарпашевдин жана К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториянын ректору М. Бегалиевдин берген кепилдиктери менен Жанышовдун бөгөт коюу чарасын өзгөрттү. О. Жанышов алардын кепилдигине алынды.

Толугураак

Оксана Малеванаяга карата жазык ишин кароо датасы белгиленди

25.08.2015.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун басма сөз кызматы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан келип түшкөн маалымат боюнча төмөнкүнү билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин катчылыгынын мурдагы башчысы Оксана Малеванаяга карата жазык ишин кароо 2015-жылдын 27-августуна белгиленди.

Тергөө органдары тарабынан ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин бир нече беренелери менен КРнын Кылмыш-Жаза Кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) жана 211-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) менен айыпталууда.

Иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралат.

У. Аманбаеванын иши боюнча сот отуруму эртең уланат

25.08.2015.

Эртең, 2015-жылдын 26-августунда, саат 09:30да, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Урмат Аманбаева жана башкаларга карата жазык иши боюнча сот отуруму уланат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын ишеним телефондору

21.08.2015.

Укуктук камсыздоо башкармалыгы – (0312) 68-09-95

САКТнүн иш аракетин көзөмөлдөө бөлүмү – (0312) 68-10-98

Соттор менен өз ара аракеттешүү, эл аралык милдеттемелерди аткаруу, соттук статистика жана анализдөө бөлүмү – (0312) 46-41-13

Мамлекеттик кызмат жана уюштуруу-кадрдык иш бөлүмү – (0312) 48-61-14

Булактарды башкаруу бөлүмү – (0312) 62-27-14

Бухгалтердик эсеп жана каржы талдоо бөлүмү – (0312) 62-27-17

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

20.08.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

 

Толугураак

Хаджимурат Коркмазовго карата бөгөт коюу чарасын кароо боюнча сот отуруму жылдырылды

19.08.2015.

Бүгүн, 2015-жылдын 19-августунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы ачык сот отурумунда Хаджимурат Коркмазовдун адвокатынын өтүнүчү менен сот отурумун ушул жылдын 1-сентябрына саат 10:00гө жылдырды.

Толугураак

Биринчи май райондук соту А. Келдибековго карата бир эпизод боюнча сот өндүрүшүн кыскартты

18.08.2015.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун маалыматы боюнча, иштин материалдарына ылайык, соттолуучулар Келдибеков А.К. Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондусунун Төрагасы, ал эми Аманалиева Б. анын орун басары болуп турганда, «Ротак-Бишкек» ЖЧКнын директору менен алдын-ала кылмыштуу көмүскө бүтүмгө келишип, 2004-жылдын 12-ноябрында өлкө жарандарынын камсыздандырылган өздүк камсыздандыруу эсептерден көчүрмө бөлүктөрдү ачуу боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө жана камсыздандырылган адамдардын даректери көрсөтүлгөн конверттерге таңгактоо боюнча 2009-жылдын 31-декабрына чейин бир көчүрмө бөлүктү 7,33 сом баада, сынактык тооруктарды өткөрбөстөн, ашыра көтөрүлгөн баада келишим түзүшкөн. 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00