Аяк Оона 2015

Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясынын биринчи конференциясы өттү

29.09.2015.

Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы эл аралык жана донордук уюмдардын жардамы менен Ысык-Көлдө «Кыргыз Республикасында балдардын сот адилеттигине жетишүүсү» деген аталыштагы 3 күндүк конференция өткөрдү.

 

Толугураак

Судьяларды тандоо боюнча кеӊешинин 2015-жылдын 28-сентябрына күн тартиби

25.09.2015.

2015-жылдын 28-сентябрында, саат 09:00дө, Бишкек шаардык сотунун имаратында (Бишкек шаары, С. Ибраимов көчөсү, 64, иш бөлмө - 1)  Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеӊешинин отуруму болот. Бардык суроолор боюнча (0558) 88-72-34; (0312) 48-61-13 телефондору боюнча кайрылууга болот.

 

Күн тартиби:

1. Чүй облусунун Панфилов райондук сотуна сынактык тандоонун биринчи айлампасы;

2. Ар кандай маселелер.

Жогорку Соттун Төрайымы шайланды

23.09.2015.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялары Жогорку Соттун Төрайымын жана Төрайымдын орун басарларын шайлашты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы болуп Токбаева Айнаш Абдымановна шайланды.

 

Толугураак

Жогорку Соттун Төрайымынын орун басарлары шайланды

23.09.2015.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары болуп Эсенканов Качыке шайланды.

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымынын жарандык иштер боюнча орун басары болуп Жамашева Феруза Зулумбековна шайланды.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымынын административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басары болуп Базаралиева Анархан Мамбетовна шайланды.

Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Жамашеванын катышуусундагы Басма сөз жыйыны

22.09.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Жамашеванын катышуусундагы Басма сөз жыйыны өттү.  

 

 

Толугураак

Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

22.09.2015.

Маматкеримов Урмат Таалайбекович – 54.459 упай, Алымбекова Бактыгул Турсуновна – 54.074, Жолдошева Лунара Чаткалбековна – 53.046, Марлес Феликс – 52.449, Таджибаева Тахмина Саматкановна – 52.307, Сагынбекова Дамира Эсенбековна – 52.141, Аджибеков Нурлан Нурмамбетович – 49.974, Абдиева Жыпар Курманбековна -  49.514, Дубанаев Кубатбек Султанмуратович – 49.181, Калыбеков Эркинбек Турдалиевич – Эркебаев Адилет Маматеминович – 48.973, Тентиев Марс Жанышбекович – 48.011

 

ТАБЛИЦА

Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

22.09.2015.

Джунушалиев Индира Акимджановна – 54.04 упай, Эшалиев Нурманбет Касымбекович – 53.575, Агышаева Наргиза Токтоболотовна – 51.796, Султанканов Бактыбек Султанканович – 51.159, Сатимкулов Убайдулла Акилбекович – 50.006, Ормушев Тилек Эмилбекович – 49.663

 

 

ТАБЛИЦА

Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

22.09.2015.

Турсунбеков Таалай Турсунбекович – 54.298 упай, Бокомбаев Аман Мамыркожоевич – 54.191, Кыдыралиева Нурзат Амантуровна – 54.082, Джандралиева Надира Джекшеновна – 52.518, Асанова Чолпон Карыпбековна – 51.835, Самаков Толонду Калыгулович – 51.647, Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна – 50.13, Кувандыкова Наргиза Тураровна – 48.973, Бостонов Нурдин Гульжигитович – 47.696, Бекбаева Чолпон Калыковна – 43.839

 

ТАБЛИЦА

Жогорку Соттун Төрайымынын орун басары «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоорунун жетекчиси менен жолугушту

16.09.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоорунун жетекчиси Стефанос Кареклас мырза менен жолугушту. Бул долбоор Европа Бирлиги тарабынан каржыланат.

 

Толугураак

Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Жамашева Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту

16.09.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашеванын Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмунун (ИДЛО) өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.

 

 

Толугураак

Д. Нарымбаев жана Х. Коркмазовго карата жазык ишин кароо датасы белгиленди

16.09.2015.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун басма сөз кызматы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан келип түшкөн маалымат боюнча төмөнкүнү билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Хаджимурат Коркмазовго карата жазык ишин кароо 2015-жылдын 23-сентябрына саат 15:00гө белгиленди.

Жазык иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралат.

Свердлов райондук сотунун М. Аспековго карата чыгарган өкүмү

16.09.2015.

2015-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ачык соттук отурумда Аспеков Мелистин кылмыш ишин карап, ал иш боюнча: Аспеков Мелис Аспекович, 1983-жылы туулган, билими жогорку, Кыргыз Республикасынын жараны, үй-бүлөлүү,  3-балалуу, эч жерде иштебейт, соттуулугу: мурда Какешев Мелис Аспекович болуп катталып, 2009-ж. 17-август күнүндөгү Бишкек ш. Свердлов райондук сотунун токтому менен Кыргыз Республикасынын КЖКнын 166-бер. 3-бөл., 350-бер. менен айыпталган кылмыш иши жабырлануучунун айыпты колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу кыскартылган, 2011-ж. 23-ноябрь күнүндөгү Бишкек ш. Биринчи май райондук сотунун токтому менен Кыргыз Республикасынын КЖКнын 166-бер. 2-бөл. менен айыпталган кылмыш иши жабырлануучунун айыпты колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу кыскартылган, бөгөт коюу чарасы - 2015-жылдын 20-август күнүнөн тартып камакта, Кылмыш-Жаза Кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту менен айыпталган айыптоо корутундусунун көчүрмөсүн өз убагында алган, соттук териштирүүдө, сот аныктады:

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00