Жетинин Айы 2015

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

30.11.2015.

Кенжебаев Нурлан Торобаевич – 55.14, Аширов Жанышбек Сайдилаевич – 54.766, Бердибаев Кемербек Кадыралиевич – 53.785, Тажибаев Абибила Кадырович – 53.71, Сооронбаев Нурланбек Курманбекович – 52.875, Абжапаров Шумкарбек Микрамович – 52.22, Кожомкулов Рамазан Бурканович – 50.655, Токтомаматов Кыялбек Жантороевич – 49.85, Анарботоева Бубусара Рустамовна – 48.85, Туманова Венера Суйунбаевна – 48.281, Арзиев Марс Мусаевич - 44,32.

ТАБЛИЦА

Судьялардын Окуу борбору Сот департаментинин кызматкерлери үчүн окутууну баштады

30.11.2015.

«2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программаны иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору, «Укуктун үстөмдүгүнүн платформасы» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин аппаратынын жана сот аткаруучулар кызматынын  түзүмдөрүнүн кызматкерлерин Комплекстик окуу программасы боюнча окутууну баштады.

Толугураак

Ысык-Көлдө судьялар үчүн семинар өттү

30.11.2015.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору  «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фонду менен биргеликте, IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен 2015-жылдын 27-28-ноябрында «Интернеттеги фактыларды далилдөө маалыматтык технологиялары менен байланышкан укук колдонуу практикасы» деген аталыштагы семинар өткөрүштү.

Толугураак

Ош облусунун Алай райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

20.11.2015.

Махмудов С. И. – 54.31, Орозматов У. Т. – 53.028, Абдыкадыров А.  Т. – 48.539.

 

 

ТАБЛИЦА

Соттордун басма сөз катчыларын окутуу аяктады

19.11.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

2015-жылдын 17-ноябрынан 19на чейин Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору Кыргыз Республикасынын сот тутумун бекемдөө боюнча ИДЛОнун Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун басма сөз катчыларын Комплекстик окуу программасы боюнча окутуусун аяктады.

 

Толугураак

Сот экс-спикер Келдибековко айыптоо өкүмүн чыгарды

18.11.2015.

2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин экс-спикери Келдибеков Ахматбек Келдибековичке карата өкүмүн чыгарды.

 

 

Толугураак

Кыргызстандын судьялары, прокурорлору жана адвокаттары семинарга катышууда

18.11.2015.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору, «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Бирлигинин долбоору менен биргеликте 2015-2017-ж.ж. иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында 2015-жылдын 17-18-ноябрында Кыргыз Республикасынын судьяларынын, прокурор жана адвокаттарынын катышуусунда «Акчалардын изин жашыруу жана террорчулукту каржылоо менен күрɵшүүнүн эл аралык, европалык жана улуттук стандарттары, практикасы жана тажрыйбасы» деген аталышта семинар өткөрүүдө.

Толугураак

Бишкекте жергиликтүү соттордун судьяларынын жардамчыларына окутуу өтүүдө

17.11.2015.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 Жарлыгынын «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программаны иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын биринчи инстанциядагы жергиликтүү сотторунун судьяларынын жардамчыларына Комплекстик окуу программасы боюнча окутууну баштады.

Толугураак

Судьяларды тандоо боюнча кеӊешинин 2015-жылдын 16-ноябрына күн тартиби

13.11.2015.

Күн тартиби:

1. Ош облусунун Алай райондук сотуна сынактык тандоонун биринчи айлампасы;

2. Ар кандай маселелер.

Ош облусунун Араван райондук сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

13.11.2015.

Асаналиева Алтынай Аскарбековна – 53.377, Сарыбаев Бакытбек Адилбекович – 51.733, Колопов Эдуард  Сексенбаевич – 49.481, Камчыбеков Шералы Равшанбекович – 48.328, Исажанов Келдибек Сайдахматович – 47.31.

 

 

Толугураак

Жогорку Соттун Төрайымы Айнаш Токбаева Ысык-Көл облусунун сотторунда болду

13.11.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу сот департаментинин директору Рустам Ибраимовдун Нарын облусундагы иш сапары аяктап, Ысык-Көл облусун көздөй сапар алышты.

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00