Бештин Айы 2015

Президент мамлекеттик бийликтин үч бутагынын башчылары менен жолукту

30.12.2015.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-декабрда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Премьер-министр Темир Сариев жана  Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту.

 

 

Толугураак

Эки тарап элдешкендигине байланыштуу кылмыш иши сот өндүрүшүнөн кыскарган

30.12.2015.

Омурзаков Дамир 2015-жылдын 21-июнунда саат 02:00 чамасында бирөөнүн мүлкүн ачык эле ээлеп алып, жеңил акча табуу максатында, Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында жайгашкан «Т» ат майданынын тушунда Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылынын тургуну 1991-жылы туулган К.К.атту кызды токтотуп, бир даана базар баасы 3 000 сомдук «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун жана накталай 500 сом акчасын коркутуп, ачык түрдө ээлеп алып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Натыйжада К.К.га 3500 сомдук олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

Толугураак

Кыз ала качкандыгы үчүн жазаланды

30.12.2015.

Мигеев Каратажидин 2015-жылдын 9-майында болжол менен caaт 16:30 чамасында Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Сафаровка айылынын тургуну 1991-жылы төрөлгөн Ч.Т.ны эркине каршы никеге туруу максатында өзүнүн апасына таандык Дэу-Тико үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси D ХХ ХХ D автоунаасына күч колдонуп салып, никелешүү үчүн ала качкан.


Толугураак

Жогорку Соттун Төрайымы А. Токбаева Жалал-Абад областынын жергиликтүү сотторунда болду

29.12.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы А. Токбаева 2015-жылдын 24-25-декабрында Жалал-Абад областынын жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып келди.

 

Толугураак

Жогорку Соттун Төрайымы Айнаш Токбаева Баткен областында 2 күндүк иш сапары менен болду

29.12.2015.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Иш сапардын жүрүшүндө аймактагы соттордун материалдык базасы жана имараттарынын абалы менен таанышты. Бүгүнкү күндө Баткен райондук сотунун кеңсеси жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Ал эми областын аймагындагы башка сот имараттары эскилиги жетип, капиталдык оңдоп түзөөлөргө муктаж.

Толугураак

Алимент төлөө боюнча иш кайра кароого жөнөтүлгөн

29.12.2015.

Кожоназаров Доолотбек Токтогул райондук сотунун 2012-жылдын 7-декабрында чыккан чечиминин негизинде өзүнүн 1997-жылы туулган С.Б. аттуу баласы 18 жашка толгонго чейин ай сайын иштеп тапкан жана башка кирешесинин 4/1 өлчөмүндө С.Т.нын пайдасына ай сайын алимент төлөөгө милдеттүү болгон, бирок жашы жете элек баласы материалдык жактан жардамга муктаж болгондугуна карабастан, алимент төлөөдөн кыянаттык менен баш тартып, 2013-жылдын июнь айынан 2014-жылдын 1-декабрына чейин алиментке болгон карызы 38453 сомду түзгөн деп айыпталган.

Толугураак

Рекеттик – түрмөгө түрттү

29.12.2015.

Бул окуя Жумгал районундагы С.Турусбеков атындагы орто мектепте 2015-жылдын  19-сентябрында, ишемби күнү саат 10:30дагы танапис учурунда болгон. 11-класстын окуучулары 9-класстын 12 окуучусун жертөлөгө алып кирип, салык салган. Анда 11-класстын 7-8 окуучусу болгон. Алардын ичинен 3 “салыкчы” Жайылбек Таалайбеков, Д. Т. уулу жана И. А. уулу аттуу окуучулар 9-класстын окуучуларын тепкилеп, уруп чыккан. Жүрөк тушка катуу муштум жеген Э.Ж. уулу ооруканага жетпей каза болгон.

Толугураак

Мас абалында автоунааны айдагандыгы үчүн жазаланды

25.12.2015.

Укук бузган Кадырбаев Улукбек Жанжигитович 2015-жылдын 7-сентябрь күнү саат 02:10 чамасында, Жалал-Абад шаарында «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаасын спирт ичимдигин ичип алып мас абалда айдап келе жаткан жеринен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкери тарабынан кармалган.

 

Толугураак

Кассациялык арыз канааттандырылды

25.12.2015.

1987-жылы туулган, Нарын шаарынын тургуну үй-бүлөөлүү, аялы, эки баласы бар мурдагы соттуулугу жоюлган, убактылуу бош Сталбеков Айтбек 2015-жылдын 20-июнь күнү Нарын шаарынын “Б” базарындагы “Ч” дүкөнүнүн алдынан М.А.ны  бетине чапкылап уруп сабаган. Натыйжада жабырлануучу М.А. соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде ден соолугунун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келген залал келтирилгендиги аныкталган.

Толугураак

Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

25.12.2015.

Абдыкахаров У. С. – 54.632 упай, Каримбаева Ч. М. – 54.362, Сарыбаев О. Р. – 54.227, Артыкова Н. М. –52.999, Шаматов У. Ш. – 52.999, Нарматов А. К. – 52.914, Назирбаев С. Д. – 48.711, Бердалиев М. Р. – 48.247, Токтомаматова Н. Ж. – 48.004, Истанбеков А. А. – 47.885, Акматов Т. А. – 44.679.

ТАБЛИЦА

Жалал-Абад областтык соту Жеенбаева жөнүндөгү өкүмгө карата келтирилген апелляциялык сунушту карап, Аксы райондук сотунун өкүмүн өзгөрттү

25.12.2015.

Жеенбаева Апал Токторбаевна 2015-жылдын 4-июль күнү Үч-Коргон айыл округунун Кызыл-Жар айылындагы үйүндө Хизбут-Тахрир диний экстремисттик уюмуна таандык болгон 1 даана “Хизбут-Тахрир түшүнүктөрү” жана 1 даана “Исламада ижтими түзүмү” деген жазуусу бар китептерди сактап жүргөн жеринен Базар-Коргон райондук сотунун токтомунун негизинде Аксы РИИБнун кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлгөн мезгилде алынган.

Толугураак

Киши өлтүргөндүгү үчүн 12 жылга эркиндигинен ажыратылган

24.12.2015.

2012-жылдын 17-сентябрь күнү Б. Ашимов тааныш К.М. кызга телефон чалып, андан кийин Ак-Жар жаңы конуштан жолугушуп, болжол менен саат 23:00 чамасында жабырлануучу К.М.ны уруп-тепкилеп баштаган. Жабырлануучу Ашимовдон качып, жаңы конуштун үйлөрүнүн бирине качып киргенде, анын артынан Ашимов колуна таш алып жабырлануучунун башына бир нече жолу таш менен ургулап салган. К.М. жардамга чакырып кыйкырганда ошол жердин жашоочулары чыккан, аларды көрүп кылмышкер жолго чуркай качып, такси менен изин суутуп качып кеткен. Жабырлануучу К.М. денесине алган оор жаракаттан кылмыш болгон жерде көз жумган. Кылмыш ишин жасап Б. Ашимов Россияга качып кеткен.

Толугураак

Райондук соттун өкүмүн областтык сот күчүндө калтырган

24.12.2015.

Уркорбаев Алмаз 2014-жылдын жаз мезгилинде Токтогул районуна караштуу Чолпон-Ата айылында жүрүп, талаада өскөн кара куурайды чогултуп, ошол эле талаага көмүп бекитип койгон.

 


Толугураак

Чырдын арты абак болду

24.12.2015.

Жаманов Рысбек Кадыркулович 1961-жылы Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, кыргыз, үй-бүлөөлүү, 5 баласы бар, билими орто, убактылуу бош, мурда сот жообуна тартылган эмес, Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну.

Толугураак

Экс-спикер А. Келдибековдун иши Бишкек шаардык сотунда 25-декабрда каралат

23.12.2015.

КРнын Жогорку Кеңешинин экс-спикери А. Келдибековдун иши Бишкек шаардык сотунда 2015-жылдын 25-декабрында саат 10:00дө каралат. Бул иш ушул жылдын 14-декабрында Бишкек шаардык сотунун өндүрүшүнө келип түшкөн.

 

Толугураак

Мал уурдоого шериктеш болгон үчүн 3 жылга эркиндигинен ажыратылган

23.12.2015.

Камчибеков Сталбек 2014-жылдын 4-октябрында тааныш адамы И.Ч. менен саат 22:00 чамасында Талас районунун К.О. айылынын батыш тарабындагы көл жакта жайылып жүргөн Ж.А.нын 18 баш жылкысынын арасынан базар баасы 70 000 сомдук бир баш кара бээни жана 80 000 сомдук бир баш тору айгырды билгизбей уурдап кетишип, ошол эле түнү саат 03:00 чамасында М.Ж.нын үйүнө бээни киргизишип, И.Ч. үйүнө кетип, Камчыбеков С. бир баш айгырды мал базардан бейтааныш адамга сатып жиберип, жабырлануучу А. Ж.га 150 000 сомдук олуттуу өлчөмдө мүлктүк зыян келтиришкен.

Толугураак

Кол туткактык 2 жыл 6 айга турду

23.12.2015.

Жумашов Адилет 1988-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, бойдок, билими орто, эч жерде иштебейт, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну.

 

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00