Үчтүн айы 2016

Кыргыз Республикасындагы сотторду эффективдүү башкарууга Европа Биримдиги көмөк көрсөтөт

29.01.2016.

2016-жылдын 29-январында Бишкек шаарында, «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы сотторду эффективдүү башкаруу маселелери боюнча тегерек стол өткөрүүдө.

Толугураак

Айткулов А.И. алдамчылык үчүн 2 жылга эркиндигинен ажыратылды

29.01.2016.

Айткулов Азамат Икрамидинович  жабырлануучулардын ишенимине кирип, 2014-жылдын 25-сентябрында Т.Н. аттуу жаранга «БМВ­ Х5» үлгүсүндөгү авто унаага документалдуу түрдө ээлик кылбай туруп саткан. Сатылган унаа үчүн 10 000 (он миң) АКШ долларын алып, бирок, унаанын документ аркылуу тастыктаган ээси убактылуу жок болуп жатат деп, аны сатып алган адамга каттоону создуктуруп келген.

Толугураак

Жогорку Соттун Төрайымынын орун басары «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоорунун өкүлдөрү менен жолукту

28.01.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2016-жылдын 28-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымынын орун басары Качыке Эсенкановдун «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоорунун жетекчиси Стефанос Кареклас мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга долбоордун жетектөөчү эксперти Сандра Хорина жана улуттук эксперти Ильгиз Приев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар сот адилеттигинин тутумун реформалоо боюнча бирдиктүү стратегиялык документти иштеп чыгуу иш-аракеттерин талкуулашты. Бирдиктүү стратегиялык документ 2017-жылдан баштап колдонула баштайт.

Тренерлер үчүн үч күндүк окутуу аяктады

28.01.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

2016-жылдын 27-январында Бишкекте өтүп жаткан тренерлер үчүн үч күндүк окутуу аяктады.

 

 

Толугураак

А. Келдибековдун иши боюнча сот отуруму бүгүн уланат

28.01.2016.

Бүгүн, 2016-жылдын 28-январында, саат 14:00дө, Бишкек шаардык сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Ахматбек Келдибековдун жазык иши боюнча сот отуруму уланат.

 

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

28.01.2016.

Молошов Максат Паратович – 49.538, Асылбашев Данияр Куванычбекович  - 48.548, Кудайбердиев Абабакир Калмаматович – 44.943.

 

 

ТАБЛИЦА

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

28.01.2016.

Ыманбеков Памирбек Жакыпбекович – 49.474, Миркамилов Нурлан Мирпазылович – 47.084, Бокоев Женишбек Мелисович – 46.189.

 

 

ТАБЛИЦА

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

28.01.2016.

Айжигитов Арстанбай Абдрашитович – 54.274, Сулайманова Эльмира Миталовна – 52.382, Болотов  Маркэл Жолболдуевич – 52.097, Апысова Аида Айдаралиевна – 51.647, Атакулов Сулайманкул Солтонкулович – 50.913, Умоталиев Кубаныч Токтомуратович  - 50.093, Калмамат уулу Алтынбек -48.927, Сарыев Медетбек Аскарбекович – 45.174, Мирзабеков Чингиз Авазович – 44.617.

 

ТАБЛИЦА

Жогорку Сот мурдагы прокурор К. Кадыралиевдин бөгөт коюу чарасын карайт

27.01.2016.

Бүгүн, 2016-жылдын 27-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы мурдагы прокурор Канжар Кадыралиевге карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө көзөмөл даттанууну карайт.

 

 

КУТТУКТОО

26.01.2016.

Нарын областык сотунун улук консультанты Нургүл Тилебалдиева 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасы" менен  сыйланды.

Нарын областык сотунун эмгек жамааты кесиптешин мамлекеттик жогорку сыйлыгы менен чын дилдеринен куттукташып, ишинде ийгиликтерди каалайт!

 

                   Нарын областык сотунун эмгек жамааты

Жогорку Соттун судьялары GIZ Программасынын Миссиясы менен жолугушту

26.01.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

2016-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда, Жогорку Соттун судьялары Болотбек Акматов жана Дилбар Кулматованын GIZ «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасынын Миссиясынын өкүлдөрү отставкадагы судья Генрих Шнитгер жана GIZтин укук маселелери боюнча эксперти Йенс Йоханнес Деппе мырзалар менен жолугушуусу болуп өттү.

Толугураак

Бишкекте тренерлер үчүн тренинг башталды

25.01.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен тренерлер үчүн тренинг өткөрүүдө. Тренингге Кыргыз Республикасынын судьялары, экс-судьялары жана сот тутумунун мамлекеттик кызматкерлери катышууда.

 

Толугураак

Жогорку Сот «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттарына карата жарандык ишти карады

22.01.2016.

2016-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы көзөмөл иретинде БШКнын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2016-жылдын 15-январындагы КР ЖКнын депутаттары Ч.Эсенаманова жана Э.Жумалиевага байланыштуу чечимин жокко чыгаруу арызын ачык соттук отурумда карады.

Толугураак

Жабиев бейбаштык үчүн сот жообуна тартылган

22.01.2016.

Жабиев Улан Эмилбекович 1983-жылы туулган. Ат-Башы айылынын тургуну, билими жогорку, үй-бүлөлүү, 3 баласы бар. Эч жерде иштебейт. Мурда сот жообуна тартылган эмес. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-ст. 1-б. (хулиганчылык, коомдук тартипти же жалпыга бирдей жүрүш-туруш ченемдерин одоно бузган аракеттер атайылап жасалганда) менен айыпталып жаткан.

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00