Үчтүн айы 2016

Жогорку Соттун Төрайымынын орун басары Ф. Джамашева II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

21.01.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымынын орун басары Джамашева Феруза Зулумбековна II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

 

 

Толугураак

Жогорку Сотто Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьяларынын ант берүү аземи болуп өттү

20.01.2016.

Бүгүн, 2016-жылдын 20-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Чүй облусунун Сокулук, Ысык-Ата райондук жана Токмок шаардык сотторунун жаңы шайланган судьяларынын ант берүү аземи болуп өттү.

 

Толугураак

А. Маматов, С. Ташбаев жана М. Исаев жергиликтүү сотунун судьялары кызматынан четтетилди

20.01.2016.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Толугураак

Ж. Асаналиев жана Т. Акматов Ысык-Көл облусунун Ысык-көл облустук сотунун судьялары кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

20.01.2016.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялары Асаналиев Жолдош Асанакуновичге жана Акматов Таалайбек Калыбековичге карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык токтом кылынат:

Толугураак

Судьялардын Окуу борбору Мамлекеттик административдик ваканттык бош кызмат орунга сынак жарыялайт

19.01.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борбору Мамлекеттик административдик ваканттык бош кызмат орунга сынак жарыялайт:

 

 

Толугураак

Жогорку Сот «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттарына карата жарандык ишти карайт

19.01.2016.

2016-жылдын 21-январында саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2016-жылдын 15-январындагы чечимине карата БШКнын көзөмөл даттануусун карайт. Биринчи май райондук сотунун чечими менен БШКнын КР ЖКнын «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттары Эльмира Джумалиева жана Чолпон Эсенаманованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу токтому жокко чыгарылган.

                                                              БИРИНЧИ МАЙ РАЙСОТУНУН ЧЕЧИМИ

                                                                (расмий тилде)

Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Президенттин Жарлыктарына кол коюлду

19.01.2016.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-январда, Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

 

 

Толугураак

Кыргызстандын жалпы сот тутумунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана сот ардагерлери КРнын Жогорку Сотунун судьясы Байзулаева Жаухарат Хажимуратовнанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көӊүл айтышат

16.01.2016.

«Кыргыз Республикасынын жалпы сот тутумунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана сот ардагерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Байзулаева Жаухарат Хажимуратовнанын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көӊүл айтышат жана орду толгус жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөт.

 

 

Толугураак

Тараптардын макулдашууга жетишкендигине байланыштуу жазык иши кыскартылган

16.01.2016.

1997-жылы туулган Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылынын тургуну, Каракол шаарындагы Тыныстанов атындагы университетинин 1-курсунун студенти, Г.Т. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 164-ст 2-б. 3-п. менен (Уурдоо, башкача айтканда бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдап кетүү) айыпталып жаткан. 

Толугураак

Жаза өтөө мөөнөтү бүткөнчө кылмыш жолуна барды

16.01.2016.

1995-жылы туулган Медерали уулу Аскад 2014-жылдын 19-мартында кечки саат 17:00 чамасында тергөө органдары тарабынан өздүгү аныкталбаган «Нурбек» аттуу жигит менен алдын ала башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо максатында сүйлөшүп, Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын Строительная көчөсүндө жайгашкан үйгө уурулук жолун көздөп келишкен.

Толугураак

Бейбаштык үчүн Авазов 6 жылга эркиндигинен ажыратылган

16.01.2016.

Авазов Манас Мухтарович 2015-жылдын 7-июнь күнү түнкү саат болжол менен 23:00 чамасында Сузак районунун Атабек айыл аймагынын Мундуз айылында өзү жашаган үйдүн алдында спирт ичимдигин ичип алып, мас абалында коомдук жайда, жалпыга бирдей болгон жүрүш-туруш ченемдерин одоно түрдө бузуп, курал катары пайдалануучу нерселерди колдонуу максатында, зомбулук көрсөтүүнү көздөп, 74-жаштагы апасын оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, ага карай урганы жүгүргөндө аны жолдон тоскон өзүнүн бир тууган агасы М. Авазов өзү менен бирге алып жүргөн жыгачтан жасалган таяк менен башына уруп, андан кийин жерден таш алып, ал таш менен экинчи жолу баш жагына уруп тепкилеп денесине залал келтирген. 

Толугураак

Мал короосунан уйун билгизбей уурдап кетишкен

16.01.2016.

Шонбасов Нуриддин 2013-жылдын 4-мартынан 5-мартына караган түнү саат болжолу менен 23:30 чамасында соттолгондор Н.А., А. уулу У. жана К.Б. менен Кара-Буура районунун Ж.Д. айылынын Ж. көчөсүнүн №39 үйүнүн тургуну жабырлануучу Б.Б. мал короосунан байланып турган базар баасы менен 45 000 сом болгон бир баш өңү кара уюн жашыруун уурдап чыгышып чийлердин арасынан уйду союп алып кетишкен.

Толугураак

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

15.01.2016.

Алимкулов Нургазы Халилович – 50.5, Чаканов Сапарбек Сайпидинович – 43.813.

 

 

 

ТАБЛИЦА

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

15.01.2016.

Дарманкулов Манасбек Маширапович – 53.47, Батыралиев Кайрат Абдуллаевич – 53.292, Насирова Ташкан Жумабаевна – 46.31, Орозбеков Муратбек – 43.481.

 

 

 

ТАБЛИЦА

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунуна судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун жыйынтыктары

15.01.2016.

Маматов Темирбек Тайырбекович – 53.195, Жоробеков  Байыш Сайзилдаевич – 51.323, Миталипов  Шарипжан Таштемирович – 50.172. Эргешов  Сулайман Кадырбекович – 48.675, Нармырзаев  Марклен Алтынбекович – 48.349.

 

ТАБЛИЦА

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына сынактык тандоонун үчүнчү айлампасынын жыйынтыктары

15.01.2016.

Дарманкулов Манасбек Маширапович – 24.065, Батыралиев Кайрат Абдуллаевич – 23.935, Насирова Ташкан Жумабаевна – 19.405, Орозбеков Муратбек – 19.6.

 

 

ТАБЛИЦА

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00