Бирдин Айы 2016

Биринчи май райондук сотунун А. Сартбаевке карата чыгарган чечими

29.02.2016.

2016-жылдын 26-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жоопкердин өкүлү, жоопкер А.Н.Сартбаевдын катышуусу менен ачык соттук отурумда, доогер А.Мадумаровдун жоопкер “Азия нъюс” гезитине жана А.Н.Сартбаевге карата ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди коргоо жана келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо арызын карап, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 197-201, 205, 211-статьяларын жетекчиликке алып, сот чечим чыгарды.

Толугураак

Мурда соттолгон Н. Заиров 16 жылга эркинен ажыратылды

29.02.2016.

Заиров Нургазы Абдырахманович, 05.04.1986-жылы Ноокат районунун У.Салиева айылында туулган, улуту кыргыз, Кыргыз Республикасынын жараны, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 28-129-ст. З-б. 1-п. менен айыпталган.

 

Толугураак

Уурулук үчүн Токтоназаров 4 жылга эркиндигинен ажыратылган

29.02.2016.

Токтоназаров Улан Жаныбекович 3-ноябрь 1985-жылы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында туулган  бойдок, 1 кызы бар, билими орто, убактылуу иштебейт, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну, туруктуу жашаган жери жок.

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык экзамендин убактысын жылдыруу боюнча жарыя

29.02.2016.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер үчүн квалификациялык экзамен өткөрүү боюнча Квалификациялык комиссиянын 2016-жылдын 25-февралындагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер үчүн квалификациялык экзамен 2016-жылдын 29-февралынан 2016-жылдын  10-мартына которулат.

Үч миң сом айып салынды

26.02.2016.

Токтогон уулу Т. 1990-жылы Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды  айылында туулган, билими 3-класс, бойдок, эч жерде иштебейт.Мурда сот жообуна тартылган эмес.

 

 

Толугураак

Эки тарап элдешип, иш кыскарган

26.02.2016.

Т. Н. аттуу 15 жаштагы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган кыз. Ат-Башы айылындагы орто мектептин алтынчы классында окуйт. Ат-Башы айылында жашайт.

 

 

Толугураак

Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү үчүн айыпталган айдоочу 2 айга камакка алынды

25.02.2016.

Тергөө органдары сотко бөгөт коюу чарасын камак алуу түрүн тандоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылып, анда Бишкек шаарынын тургуну Карабаев Улан Курбанбекович 2016-жылдын 4-февраль күнү өзүнүн ак түстөгү “Тойтота-Виндом” маркасындагы автоунаасын Бишкек-Ош багыты боюнча башкарып бара жатып, Бишкек-Ош автожолунун 285 чакырымында Токтогул районунун Токтогул шаарында саат 13.18дерде, саатына 128 чакырым ылдамдык менен бара жаткан жеринен Жалал-Абад ОИИБнын ЖКК бөлүмүнүн кызматкери И.З.М. радар менен ылдамдыгын көрүп токтоткондо, токтобой өтүп кеткен.

Толугураак

Жогорку Соттун судьясы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

25.02.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Исаков Абиджан Исакович өз каалоосу менен кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз жазган.

Бүгүн, 2016-жылдын 25-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы И.А. Исаковду кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотушту.

Кыргызстандын судьяларынын курултайынан сүрөтрепортаж

24.02.2016.

 

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
19-февраль 2016-жыл


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жаңы курамы бекиди

22.02.2016.

2016-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги  Х курултайы болуп өттү.

 

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги Х курултайы аяктады

19.02.2016.

Бүгүн, 2016-жылдын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги Х курултайы өз ишин аяктады. Курултайдын расмий ачылышын Судьялар Кеңешинин Төргасы Дастанбай Айжигитов ачты.

 

Толугураак

Президент Алмазбек Атамбаев: «Акыркы 4 жылдын ичинде дайындалган 290 судьянын бирине да пара алгандыгы же пара талап кылгандыгы тууралуу билдирүү жана маалымат түшкөн эмес»

19.02.2016.

Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги X съездине Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин куттуктоо сөзү.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу судьялар съездинин катышуучулары!

 

Толугураак

Жергиликтүү соттордун жаңы шайланган судьялары Жогорку Сотто ант беришти

18.02.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 18-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда жергиликтүү сотторго жаңы шайланган судьялардын ант берүү аземи Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда болуп өттү.

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00