Жалган Куран 2016 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Жалган Куран 2016

Жогорку Сотто жергиликтүү соттордун жаңы дайындалган судьялары ант беришти

25.03.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 25-мартта, жергиликтүү соттордун жаңы дайындалган 18 судьясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьяларынын катышуусунда ант беришти. Иш-чараны салтанаттуу түрдө Жогорку Соттун Төрайымы Айнаш Токбаева ачты.

 

Толугураак

Милициянын шаардык бөлүмчөсүнүн начальниги мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылып, 200 000 миң сом айыпка кириптер болду

24.03.2016.

2015-жылдын 18-сентябрь күнү саат 08.00 чамасында Кыргыз Республикасынын ИИМнин жана Жалал-Абад областтык ИИБнун кызматкерлери Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде тергөөдөгү кылмыш иштин чегинде Кочкор-Ата шаарында жайгашкан батирге келишип, турак-жайына тинтүү жүргүзүшүп, бөлмөсүнөн ширенкенин кутучасындагы кара-күрөн түстөгү гашиш баңги каражатына окшогон зат таап алышып, турак жайдын ээлери А.Р. менен И.Г.ны эгерде алардын шартын аткарбаса кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу, аларды убактылуу кармоо изоляторуна киргизүү жөнүндө коркутушуп, алардан 300 000 сом пара талап кылышкан.

Толугураак

Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында жергиликтүү сотторго судьяларды дайындоо жана жиберүү жөнүндө КР Президентинин Жарлыктарына кол коюлду

24.03.2016.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге судьялык кызматка 26 талапкер боюнча сунуштар киргизилген: Жалал-Абад облусунун Аксы (3 адам), Базар-Коргон (5 адам) жана Ала-Бука (1 адам) райондук сотторуна, Жалал-Абад (6 адам) жана Кара-Көл (2 адам) шаардык сотторуна, Ош облусунун Ош шаардык сотуна (6 адам), Кара-Суу (1 адам) жана Чоң-Алай (1 адам) райондук сотторуна, Чүй облусунун Чүй райондук сотуна (1 адам).

Толугураак

Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүргөнгө шектүүлөр камакка алынды

23.03.2016.

Кылмышка шектүү Баткендин Лейлек районунда туулган, орто билимдүү, мурда соттолгон Х.А. атту жаран учурда Баткен районунун Кызыл-Бел айлында жашайт.

 

 

Толугураак

Муса уулу Канатбекти сегиз жылга эркиндигинен ажыратылды

23.03.2016.

Муса уулу Канатбек 1990-жылы Ош областынын Кара-Суу районунда туулган, билими орто, бойдок, мурда соттолгон эмес.

 

 

Толугураак

Ыйман ызааттын деградациясы

23.03.2016.

                                                                                        (сот отурумунан ой толгоо)                      

Ортодогу жыйган тергендерин талашып, анын  кайсыл бөлүгү кимисине тиешелүү болорлугун сот аркылуу мыйзам чегинде биротоло чечип алууну көздөшкөн тараптардын биринин, тагыраак айтканда жоопкердин апелляциялык тартипте келтирген арызынын негизинде Нарын облустук  сотунун жарандык иштер боюнча апелляциялык коллегиясы  2016-жылдын 16-январында сот тутумуна мүнөздүү болгон № ГД-ХХ-ХХ-Н2 аттуу кезектеги ишти карады. Албетте сыртынан караганда мындай жарандык иштер сот тармагында күн сайын болбосо да, жума сайын  каралып келе  жаткан  көндүм болуп калган  катардагы иштердин бири.

Толугураак

ЖАРЫЯ

23.03.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борбору мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөөгө сынак жарыялайт:

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутуу секторунун башкы адис кызматына - 1 орун.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын I инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган судьяларынын (судьялык стажы жок) квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча окутуу

22.03.2016.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программанын иштерин жүзүнө ашыруу максатында, 2016-жылдын окуу Планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы судьялардын Окуу борбору IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын биринчи инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча экинчи топту окутуп баштады.

Окутуу 2016-жылдын 22-мартынан башталып, 18-апрелге чейин Жогорку Соттун алдындагы судьялардын Окуу борборунда өтөт.

Өз бир тууганын жана жеңесин бычактап өлтүргөн делген айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы белгиленди

18.03.2016.

Тергөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин адам өмүрүн кыйган деген жагдайда кылмышка шектүү Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Б.С. атту жаран 2 (эки) айга камакка алынды. Кылмышка шектүү мурда соттолгон эмес.

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00